Бишкек 2019 кыргыз тили


Сарыбай томогосун шыпырып коё бергенде асманга атырылып чы- ккан бүркүт… . 6



Pdf көрінісі
бет202/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   198   199   200   201   202   203   204   205   ...   233
5. Сарыбай томогосун шыпырып коё бергенде асманга атырылып чы-
ккан бүркүт… .
6. Коркунучту унуткан мүнүшкөр эмне кылды? 
6-ТАПШЫРМА. 
Текстте кездешүүчү сөздөрдүн маанисинин 
чечмелениши менен таанышкыла
Жүзбашы – аскердик даража, жүз жигиттин башчысы.
Паңсат – аскердик даража, беш жүз аскердин башчысы.
Бий – атадан балага кала келген бийлик даражасы.


ТИРКЕМЕ
237
7-ТАПШЫРМА.
Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» 
романынан үзүндүнү окугула
сап
5
10
15
20
25
30
35
40
– Бекназар аке, сизди паңсат күтүп 
олтурат… – деди бир жигит отко 
жакын келип, Бекназардын кабагы дагы 
бүркөлүп, унчукпады. Чакырып келген 
жигит жооп күткөндөй болуп, бирпас 
турду да, кайрып сөз айта албай топтон 
акырын суурулуп чыгып кетти. 
– Аттар даярбы? – деди Бекназар өз 
жигиттерине.
– Даяр, Бекназар аке… 
Бекназар ордунан турду. Эшим 
элирген каракашка аргымакты алдына 
тарта берди. Бекназар атка минген жок, 
нары обочо жерде бүлбүлдөп күйүп 
жаткан от жакты карай ыкчам басып 
жөнөдү. Эшим бир колуна өзүнүн атын, 
бир колуна каракашка аргымакты 
жетелеп, Бекназардын артынан кетти. 
Калган жигиттер да аттуу, жөө болушуп 
ээрчиди.
Бекназар келгенде топ жарыла берди. 
Оттун жогору жагында кымкап тонду 
желбегей жамынып, чарчагансып үлдүрөп 
отурган киши гана козголбоду. Эки 
көзү чекчейген арык киши, суюк буурул 
сакалы бар. Сеңселген ак көрпө тебетейи 
арт жагында чөптүн үстүндө жатты, ал 
жайынча кара манат топучан отурду. 
Кокон ордосунун бу Аксы багытындагы 
таасирдүү кишиси, аскер ишинде паңсат 
атагы бар бий Абил болучу. 
Тегерегиндеги мыктылар демдерин 
ичтерине алып, тым турушту. – Ассалому 
алейкум! 
Бекназардын келип калганын эми 
билгенсип, сүйүнүп кеткенсип. Абил бий 
алик алды: 
– Быякка!.. Кел, баатыр… – деп тизе 
какты. 
– Чакыртыпсыз, паңсат аке?
Абил бий Бекназарды бир имерип тиктеп 
алып, жай гана:
– Баатыр… – деп аяр үн салды. – 
Ортого түшчү кеп бар… Мындай кыйын 
кезде кеңеш жакшы. Кеңешели… 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   198   199   200   201   202   203   204   205   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет