Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет26/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   233
1. Кыз абдан … экен:
а) каардуу;
б) чырайлуу;
в) бойлуу;
г) жылдыздуу.
2. Кыздын мїнєзї … экен:
а) боорукер;
б) жумшак;
в) өжөр;
г) урушчаак.
3. Ата-энеси кыздын мїнєзїнє … :
а) капаланышчу экен;
б) суктанышчу экен;
в) мактанышчу экен;
г) кусаланышчу экен.
4. Кыздын … айылдагыларга да белгилїї болгон экен: 
а) өнөрлүүлүгү;
б) акылдуулугу;
в) сулуулугу;
г) кулк-мүнөзү.
5. Эмне себептен кыз жуучуларга макулдугун берчї эмес?
а) ата-энесин кыйбагандыктан;
б) эрте болгондуктан;
в) сүйгөнү бар болгондуктан;
г) теңине албагандыктан.
6. Кимдин кадыры їчїн жуучулар кайра-кайра келишет?
а) курбуларынын;
б) айылдаштарынын;
в) туугандарынын;
г) ата-энесинин.
7. Ата-энеси кызды эмне деп каргашат?
а) асмандагы жылдыз болуп кал;
б) бак-дарак болуп кал;
в) таштагы суу болуп кал;
г) жердеги топурак болуп кал.
8. Эмне себептен ата-энеси кызды каргашты?
а) акылдуулугунан тажагандыктан;
б) кыялынан тажагандыктан;
в) сулуулугунан тажагандыктан;
г) назиктигинен тажагандыктан.


2-ТЕМА
31
9. Эгерде ата-энеси кызды каргабаса эмне болмок?
а) кыздын кыялы өзгөрмөк эмес;
б) кыз турмушка чыкмак;
в) кыз ата-энесине жардам бермек;
г) кызды ала качып кетишмек.
10. Кыз тал болуп калгандан кийин өз күнөөсүн мойнуна алабы?
а) алат;
б) албайт;
в) сезбейт;
г) оңдойт.
Бишкек баатыр баяны
Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши жашаптыр. Жылдардын 
биринде эл Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жайлоосуна көчүп барганда, 
Бишкек келте менен ооруп калат. Келте оорусу жугуштуу деп эл абдан 
коркчу экен. Бишкекти үй-бүлөсү менен Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз 
калтырып, эл башка жайлоого көчө качып кетет. Бишкек өлөрүн билгенде:
– Балдарым! Бишкек деген ат керт башыма, эрдигиме да таандык. 
Алдуу-күчтүү кезимде эрдигиме таянып, журт башкарган билермандар 
мени караан кылып урматтап, өздөрүнө жакын алып жүрүштү. Мурда мени 
тирек кылган бир дагы байдын, манаптын көңүлүмдү сураганын көрбөдүм. 
Армандуу дүйнө деген мына ушундай, балдарым. Эми мен жарык дүйнө 
менен түбөлүккө коштошомун. Бирок менин сөөгүмдү Чуңкурчак жайлоо-
суна жалгыз бейит кылып калтырбай, Аламүдүн суусунун боюна, жолдун 
түндүк жагындагы жээктеги дөбөгө койгула. Ал жерде да эч көрүстөн 
жок. Бирок Анжыян, Ташкен тараптан Токмок жана Ысык-Көлдү карай өтүп 
турган жолоочулардын карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе 
күмбөз тургузуп койгула, – деп Бишкек керээзин айтып, дүйнөдөн кайтат.
Балдары атасынын керээзин аткарышат. Бир жылдан кийин күмбөз 
да тургузушат.
Өткөндөр ал жерге токтоп, куран окушат. Соодагерлер кербен сарай 
салышып, чайкана ачышат. Бара-бара ал жер Бишкек деп аталып, жыл 
өткөн сайын чоң шаарга айланат. Кийин ал шаар республиканын бор-
бору болуп калат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет