КЫРГЫЗ ТИЛИ
42
«Жайкы каникулда мен биздин акын-жазуучуларыбыздын ырларын,
аңгемелерин окуп, акылды өстүрүүчү ийримдерге барам», – деди ал.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Мультимедиялык борбордун
координатору Жеңишбек Абсатаров жергиликтүү балдардын басымдуу
бөлүгү убактыларынын көбүн жаңы бассейнде өткөрө турганын айтты.
«Бирок балдар лагерде эс алышса жакшы болмок», – деди ал.
Талас облусу Бакай-Ата айылында жашаган Бакайдын быйылкы жайда Орусияга барып
келүү каалоосу бар.
«Мен жайкы эс алууну досторум менен кызыктуу өткөрүүгө аракет
кылам. (…) Өлкөбүздүн көптөгөн жерлерин көрдүм, быйыл Орусияга
барып, ал жакты көрүп келсем дейм», – деди ал.
Бакайдын классташы Алижан, тескерисинче, жайды Кыргызстанда
туугандарыныкында эле өткөрөт.
Достарыңызбен бөлісу: