5-ТЕМА
85
бай мурастарына сугарган. Ал киши – Чыңгызды эне тилин сүйүүгө үй-
рөткөн биринчи адам.
Чоң атасы Айтмат колунан көөрү төгүлгөн уста болгон. Тегирмен
куруп, шаардан кийим тигүүчү машина алып келип бычмачы, тигүүчүлүк
кылган. Калай чайкап, ээр чапкан өнөрдү билген. Комузду мыкты черткен.
Арапча окуп, жаза билген. Ал уулу Төрөкулду орусча окуткан. Баласы
кыргыздардын ичинен чыккан билимдүү адамдардан болуп, жетекчилик
кызматтарда иштейт. Чыңгыздын энеси билимдүү, маданияттуу аялдардын
бири болгон. Мына ушул жагдайлар болочок жазуучунун балдар адабияты
менен өтө эрте таанышуусуна шарт түзгөн. Анын уккан ырлары, жомок-
тору жазуучунун балалык кездеги адабий дүйнөсүн байытып, сезимин
ойготуп, эне тилдин керемет сулуулугу менен тааныткан.
Согуш учурунда окуусун таштоого туура келет. 14 жашар Чыңгызды
Шекер айылындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасынан эң сабаттуусу ката-
ры айыл советинин катчылыгына дайындашат. Андан соң райПОдо са-
лык жыйноочу, айылда трактор бригадасында эсепчи болуп иштейт. Со-
гуш жылдары турмуштан көргөн-билгендеринин бардыгын кийинчерээк
«Бетме-бет» ,«Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Жамийла»,
кээ бирлерин «Делбирим» аттуу повесттеринде жазган.
Жамбылдагы зоовет техникумду жана Кыргыз айыл чарба институтун
бүтүргөн. Адабиятты бала кезинен сүйүп, мектепте окуп жүргөндө эркин
темада сочинение жазганды жакшы көргөн. Институтутта окуп жүргөндө
адабиятка айрыкча дит коюп, макала-очерктерди жаза баштайт. Орус
жазуучуларынын чыгармаларын которот. Кийин зоотехник болуп иштеген
мезгилинде аңгеме жаза баштайт. Москвада жогорку адабият курсунда
окуп, терең билим алып чыккандан кийин ал адабий-чыгармачылык ишине
биротоло өтөт. Анын чыгармалары Лениндик сыйлыкка, СССР жана Кыр-
гыз ССР мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болду. Ал орден-медалдар,
ошондой эле чет өлкөлөрдүн ардак наамдары жана башка сыйлыктары
менен сыйланган. Чыгармалары кино, театр, музыка, сүрөт өнөрлөрүн
өнүктүрүүгө салым кошкон. 2008-жылы көз жумган.
Достарыңызбен бөлісу: