1. Мазмундун толук чагылышы: тапшырма толук
аткарылып, мазмун айкын ачылса
4 упай
2. Эссенин структуралык бүтүндүгү: киришүү, негизги,
жыйынтыктоочу бөлүктөр байланышып, автордун
идеялары так, түшүнүктүү берилсе
3 упай
3. Сабаттуулугу: сүйлөмдөрдүн түзүлүшү так болуп,
стилистикалык, пунктуациялык жана орфографиялык
жактан туура жазылса
3 упай
Жыйынтыгы
10 упай
9–10 упайга – «5», 7–8 упайга – «4», 5–6 упайга – «3» , 2–3 упайга –
«2» баа коюлат.
5-ТАПШЫРМА.
Жуптарда аңгемелешип, бири-бириңер менен
пикир алышкыла
Кинону жакшы көрөр-көрбөсүн, кайсы фильмдер жагарын-жакпасын,
кайсы актёр сүйүктүү экенин, акыркы учурда кайсы фильмди көргөнүн,
анда маанилүү эмнелер болгонун сурап бил.
КЫРГЫЗ ТИЛИ
80
САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ –
УЛУУ МАНАСЧЫ
6-ТАПШЫРМА.
С. Чокморовдун сүрөттөрүнөн бештен кем
эмес окшоштуктарды, бештен кем эмес
айырмачылыктарды тапкыла
Окшоштуктар
Айырмачылыктар
Үлгү: 1-окшоштук. Эки сүрөттө тең Сүймөнкул
Чокморов – чыгармачыл адам.
1. Биринчи сүрөттө С. Чокморов сүрөт
тартып жатат. Экинчи сүрөттө С. Чокморов
роль аткарууда.
3
1-ТАПШЫРМА.
Чачылган сүйлөмдөрдөн текст түзгүлө
y
С. Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара
алган.
y
Аны 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу
катарында кабыл алышкан.
y
Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
y
С. Каралаевдин манасчылык таланты балалык кезинде чоң апасы
Дакиштин таасири астында ойгонгон.
y
1918-жылдан баштап С. Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз
алдынча айта баштаган.
y
Улуу манасчынын айтуусу боюнча «Манас» эпосу жазылып алынган.
y
Ошондой эле Акылбек манасчыдан да үйрөнгөн экен.
y
«Манас» айтууну белгилүү манасчы Чоюке Өмүровдон үйрөнгөн.
y
Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын
7-сентябрында туулган.
|