Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет72/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   68   69   70   71   72   73   74   75   ...   233
5-ТЕМА
81
2-ТАПШЫРМА.
Текстти окуп чыккыла. Өзүңөр түзгөн текст менен 
салыштыргыла 
Саякбай Каралаев – улуу манасчы
Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 
7-сентябрында туулган. Анын манасчылык таланты балалык кезинде 
чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан баштап 
С. Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 
1924- жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүровго жолугуп, бир нече жыл-
дар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С. Каралаев өзүнүн 
эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты 
катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.
Аны 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу 
катарында кабыл алышкан. Улуу манасчынын айтуусу боюнча «Манас» 
эпосу жазылып алынган.
С. Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши 
1935-жылы башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин 
«Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, 
Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. 
«Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын 
түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча 
Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, 
«Махабхаратадан» 2 эсе чоң.
С. Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара 
алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан. 
3-ТАПШЫРМА.
С. Чокморов тарткан улуу манасчы 
С. Каралаевдин портреттеринен бештен 
кем эмес окшоштуктарды, бештен кем эмес 
айырмачылыктарды тапкыла


КЫРГЫЗ ТИЛИ
82
Окшоштуктар
Айырмачылыктар
Үлгү: 1-окшоштук. С. Каралаев – улуу 
манасчы, эки сүрөттө тең ал отурган 
калыбында тартылган.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   68   69   70   71   72   73   74   75   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет