Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет95/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   91   92   93   94   95   96   97   98   ...   233
көңүл бургула. 
Сан атоочтор менен айкалышкан зат атоочторго -лар мүчөсү 
жалганбайт. 
3
15 чоку
15 чокулар
бийик чоку
бийик чокулар
100 мөңгү
100 мөңгүлөр
көп мөңгү
көп мөңгүлөр
10 кербенчи
10 кербенчилер
төөчөн кербенчи
төөчөн кербенчилер
үч тоо
үч тоолор
көрүнгөн тоо
көрүнгөн тоолор
1-ТАПШЫРМА.
Мааниси боюнча ылайык сөздү тандагыла
Сексен сегиз (кырка, кыркалар); сексен сегиз (тоо кырка, тоо кыркалары). 
Эки (тоо, тоолор) көрүшпөйт, эки (адам, адамдар) көрүшөт. Бийик (тоо, 
тоолор) алыстан байкалат. Тянь-Шань тоолорунда көп (мөңгү, мөңгүлөр) 
бар. Жайы-кышы кетпеген (мөңгүсү, мөңгүлөрү) бар Ала-Тоо. Кыргыз-
стан – бийик (тоолуу, тоолорлуу) өлкө. Көрүнгөн (тоонун, тоолордун) 
ыраагы жок. 
ƒ
„
Эстегиле. Көптүк сандагы заттарды кантип айтабыз?
Кимдер? / Эмнелер?
кыркалар, чокулар
кыргыздар
аймактар
тоолор
бороондор
муздар
мөңгүлөр
өрөөндөр
сүрөттөр
кербенчилер
кебездер
тоо этектери
2-ТАПШЫРМА.
Төмөнкү сөздөрдү синонимдери менен 
туташтыргыла
калтыра- 
– үшүйт 
куш 
– катып калат
бороон 
– аска
адам тоңот – канаттуу
муз тоңот – бурганак, алай-дүлөй
зоо 
– пласт, кат
катмар 
– титире-


КЫРГЫЗ ТИЛИ
110
3-ТАПШЫРМА.
Төмөнкү сөздөрдү антонимдери менен 
туташтыргыла
азуу 
– тоонун этеги 
тоонун чокусу – жука
ула- 
– начар
калың 
– жерге тийген 
сонун 
– жалпайып
көккө тийген – кашка тиш
каркайып 
– үз-
4-ТАПШЫРМА.
Тоо кыркалары жөнүндө жаңы маалыматты 
белгилеп окугула
Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз жана кайталангыс. Кыргыз-
стандын аймагында сексен сегиз тоо кыркасы бар! Анын ичинен сексен 
жетиси Тянь-Шанга тиешелүү. Тянь-Шань деген аталыш «асман тиреген 
тоо», башкача айтканда, Теңир-Тоо дегенди билдирет. Тянь-Шань өтө 
бийик жана кооз болгондуктан, кыргыздар аны эзелтеден Теңир-Тоо 
деп аташкан. Теңир-Тоо – бийик тоо. Анын кыркаларынын чокуларында 
түбөлүк мөңгүлөр жатат.
Кыргызстан – асман тиреген тоолордун жана гүлдөгөн өрөөндөрдүн 
өлкөсү. 
5-ТАПШЫРМА.
Суроолорго жооп бергиле
1. Кыргызстандын аймагында канча тоо кыркалары бар?
2. Эмне үчүн Кыргызстан «асман тиреген тоолордун» жана гүлдөгөн 
өрөөндөрдүн өлкөсү деп аталат? 
3. Теңир-Тоо деген эмнени билдирет? 
4. Аны кандай элестеттиңер? Тоолорду сүрөттөп бергиле.


111
4
КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
Төмөндө окуу үчүн сунушталган ырдын текстинде этиштер негизги 
жана кош мамиледе кездешет. Бул жөнүндө эмне билесиңер? 
Этиштин негизги мамилеси
Этиштин кош мамилеси
(Эки жактан тең болгон кыймыл-аракет)
Эмне кылды? Эмне кылып жатат? Эмне кылат? Ким /эмне (биргеликте) эмне кылды / эмне 
кылып жатат / эмне кылат?
Азыр менин апам сүйлөйт. 
Азыр менин апам телефондон сүйлөшөт.
Мен сүйлөм түздүм.
Мен сага сүйлөм түзүштүм (жардамдаштым).
Иним ырдады.
Иним классташы менен ырдашты. 
Чоң энем курак курады.
Мен чоң энеме курак кураштым.
Таякем үзүлгөн жипти улады.
Бир тоо башка бир тоого улашып турат.
Каздар жолдон чубап өтүшөт.
Балдар бири-бирине чубашып, жолдон өтүштү.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   91   92   93   94   95   96   97   98   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет