7-ТЕМА
107
2-ТАПШЫРМА.
И. Мансуровдун «Мекеним» деген ырын окуп
чыккыла. Автор ырында өз мекени жөнүндө
эмнелерди баяндайт? Автор өзүнүн өскөн жерин
жакшы көрөбү? Аны кайсы саптар далилдейт?
Ырдын текстин кара сөз (проза) менен сүйлөп
бергиле
Мекеним
сөзү И. Мансуровдуку,
обону Ж. Кайыповдуку
Кымбатым –
өскөн жер, мекеним,
Сен десем толгонуп кетемин.
Апамдай асырап өстүргөн,
Аныңды мен актаар бекемин.
Тоолоруң, түздөрүң, белесиң,
Көңүлгө шат болуп келесиң.
Киндик кан тамызган Ата-Журт,
Чаалыксам күч-кубат бересиң.
3-ТАПШЫРМА.
Ырдын тексти менен өзүңөрдүн жазган
Достарыңызбен бөлісу: