Бишкек 2019 кыргыз тили


секирген түлкү (кайсы түлкү?). Айбандары жойлогон



Pdf көрінісі
бет98/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   94   95   96   97   98   99   100   101   ...   233
секирген түлкү (кайсы түлкү?). Айбандары жойлогон (айбандар эмне 
кылышкан?). Жойлогон айбандар (кайсы айбандар?). 


7-ТЕМА
115
4-ТАПШЫРМА.
Ырдын тексти менен таанышкыла. 
Тапшырмаларды аткаргыла
Кыргыздын Ала-Тоосу
Ала баарчын, курч текөөр
Бүркүтү бар Ала-Тоо.
Таштан-ташка секирген
Түлкүсү бар Ала-Тоо.
Ала-Тоонун арасын
Айбандары жойлогон,
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Аралашып ойногон.
Чымчыктары сайраган,
Маралдары маараган,
Эчки, теке топтошуп
Ээн тоону жайлаган.
Кекилиги, чилдери,
Кызыл-тазыл гүлдөрү,
Көңүлүңдү көтөрөт
Куштун салган үндөрү.
Ж. Бөкөнбаев 
ƒ
„
Ырдын тексти боюнча тапшырмалар: 
1. Белгиленген сөздөрдү кандай түшүнөсүңөр? Сөздүк менен иштегиле. 
2. Сөз айкаштарды туташтыргыла. 
Көрүнгөн 
эчкилер 
Сайраган 
гүл 
Топтошкон 
түлкү 
Секирген 
чымчык 
Жайнаган
марал 
Маараган 
тоо
3. Туурасын, катасын белгилегиле. Каталарын оңдогула.
Үлгү: Ала-Тоодо түлкү жашайт. 
Ээн тоону топтошкон эчки, теке жайлашат. 
Тоонун арасында жашаган жаныбарлар аз. 
Жайнаган гүлдөрдүн арасында кекилик сайрайт. 
Тоодо жашаган сүлөөсүн – бул куш. 
Автор Ала-Тоону жайлаган жаныбарларды жактырбайт. 
Жаш бүркүттү баарчын дейт.
Кыргыздын Ала-Тоосу – кереметтүү жер.
4. Бири-бириңерге суроо бергиле. Берилген суроолорго ар бириңер 
жооп берип, жоопторду толуктап, ырдын мазмунун талкуулагыла. 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
116
5-ТАПШЫРМА.
Эки топто иштегиле. Ар бир топ үчүн берилген 
кырдаал боюнча топто даярдангыла. Топтор бири-
бириңерге тапшырма боюнча сүйлөп бергиле. Бири-
бириңерди баалагыла 
1-топко кырдаалдык тапшырма.
Силер тоого жөнөп жатасыңар. Тоого барган жолду түшүндүрүп бер-
гиле. Силер турган жерден тоого кантип барса болот? Кайсы тарапка 
карап жөнөш керек? Эмне менен барган жакшы? Кимдер болуп барган 
жакшы? Эмне алып алган туура болот? Кандай кийим кийиш керек? 
Бул суроолорго жоопторду ватманга сүйлөмдөр, макал, сүрөт, жолдун 
картасы ж. б. аркылуу чагылдыргыла.
2-топко кырдаалдык тапшырма.
Силер тоодо эс алып келдиңер. Силер менен барбаган адамга ошол 
тоону сүрөттөп бергиле. Тоо кайсы тарапта жайгашкан? Аталышы кан-
дай? Ал кандай тоо? Эмнеси жакты / жаккан жок? Эмне үчүн? Ошол 
жакка дагы барасыңарбы же жокпу? Кийинки жолу барсаңар, кантип 
барат элең? Бул жолку барганга караганда эмнени өзгөртөт элеңер? 
Бул суроолорго жоопторду ватманга сүйлөмдөр, макал, сүрөт, жолдун 
картасы ж. б. аркылуу чагылдыргыла.
ƒ
„
Топтордун жактоосун баалоо критерийлери: 
1. Кырдаалдын темасынын мазмуну так, толук, кызыктуу ачылды. (1 упай) 
2. Тактага топтун бардык мүчөлөрү чыгып, бири-бирин улап сүйлөп 
беришти. (1 упай) 
3. Алардын айткан сүйлөмдөрү логикалык байланышта болду, бир бүтүн 
текст катары баяндалды. (2 упай)
4. Презентация барагы кооз, кызыктуу даярдалган. (1 упай)
(Жалпысы 5 упай)
6
КЫРГЫЗСТАНДЫН
КЕН БАЙЛЫКТАРЫ
Кыргызстанда кен байлыктар барбы? Кандай кен байлыктар 
бар? Алар жөнүндө эмне билесиңер? Алар эмне үчүн байлык болуп 
эсептелет? 
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   94   95   96   97   98   99   100   101   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет