КЫРГЫЗ ТИЛИ
138
5-ТАПШЫРМА.
Окуп чыгып, текст боюнча тапшырмаларды
аткаргыла
Чыңгыз Айтматовдун «Ысык-Көлдүн куту жана куну»
публицистикалык макаласынан үзүндү
– Ысык-Көл – менин
кутман бешигим. Кайда гана болбоюн, өлкөнү
кыдырып жүргөндөбү же чет жакаларга чыккандабы, айтор, Ысык-Көлгө
тең келер эч бир жерди көрбөдүм.
Ысык-Көл орусча аталганда жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз-Көл
деген да аты болгон. Андан кийинки Тимур-ту-Нор –
темирлїї көл деп
аталат. Жыт-Көл деп да аташкан. Мындай аттардын жаралышы кокусунан
дейсизби? Түк андай эмес. Ал чынында эле
сейрек учурай турган көл.
Тереңдиги жагынан Байкалдан кийинки орунда турат. Эң терең жери
700 метрге чейин жетет.
Көлгө
көп сандаган агын суулар куят. Жердин калың катмарынан
жылжып агып чыгып, ал суулар тузду эритип, аларды минералдашты-
рып турат. Андан тышкары көлдүн
алабында көп сандаган термалдуу
минерал булактар бар…
– Бирок ЫсыкКөлдүн кутмандыгына жана кереметине тамшанып ка-
раган маал эбак артта калды. Адамдардын сөздөрүнөн азыр кооптонуу
улам көбүрөөк угула баштады, көл эми – баягы көл эмес.
–
Аттиў деңизчи, бул анык.
Ысык-Көл тартылып баратат… Эгер аны
мурда жүздөгөн дарыялар менен тоо суулары толтуруп турса, бүгүн
алардын баары бүт бойдон
сугатка жумшалат. Көлдөн суу агып чыкпайт,
ошондуктан ал өзүнүн бөксөсүн эбегейсиз өлчөмдөгү
буулануунун эсе-
бинен толтуруп турат. Көлдүн жээги жыл сайын 7–10
сантиметрге ыл-
дыйлап жатат. Суунун бир жылдык
тартыштыгы, ошентип 7 500 миллион
кубометрге жетип олтурат. … көл жээгинин 500–1 000 метрге тартылып
Достарыңызбен бөлісу: