10-ТЕМА
171
3. Балдар кайсы курактан баштап мектепте окуп баштайт?
4. Балдар кайсы куракта мектепти аяктайт?
5. Мектепте канча жыл окушат?
6. Сиздин өлкөңүздөгү мектептерде баалоонун кандай системасы кабыл
алынган?
7. Жылына канча жолу каникул берилет?
8. Сиздин өлкөңүздөгү мектептерде сабактан кийин окууга даярдаган
тайпалар иштейби?
9. Сиздин өлкөңүздөгү мектептерде бүтүрүү сынактары болобу?
10. Сиздин өлкөңүздөгү мектептерди бүтүрүүчүлөр окууга кайда
тапшырышат?
11. Сиздин өлкөңүздө кайсы ЖОЖдор эң кадыр-барктуу?
12. Силерде техникумга, ЖОЖго окууга тапшырганда кирүү сынагын
(экзамендерин) тапшырышабы?
1-ТАПШЫРМА.
Окуучунун карама-каршы сапаттарын кантип
белгилесе болот?
Үлгү: жөндөмдүүлүк – жөндөмсүздүк
уюшкандык – …
кызыккандык – …
сабаттуулук – …
жетишкендик – …
мүмкүндүк – …
2-ТАПШЫРМА.
Предметтерге, адамдарга жана кубулуштарга
кандай мүнөздөмө берсе болот?
Үлгү: … билим берүү – орто билим берүү, жогорку билим берүү
… билим, … изилдөөлөр, … коомчулук, … система, … өнүгүү,
… өзгөрүүлөр, … ийгиликтер, … окуучулар, … педагогдор.
3-ТАПШЫРМА.
Достарыңызбен бөлісу: