КЫРГЫЗ ТИЛИ
172
мамилелердин татаалданышы жана эмгектин коомдогу бөлүштүрүлүшү
менен түздөн-түз байланыштуу, башкача айтканда, эң алгачкы коомдордо
эле адамдар балдарды тарбиялоо ишин атайын бул ишке жооптуу киши-
лерге тапшырышкан. Байыркы Грецияда мектеп деп философтордун өз
окуучулары менен эркин темадагы баарлашуусун түшүнүшкөн. Байыркы
Римде болсо мектеп деген сөз азыркы маанисине жакын колдонулуп,
билим-тарбия берүүчү мекемени түшүндүргөн. Кыргызстандын мектептик
билим берүүсү да өз тарыхына ээ.
Кокон хандыгынын тушунда Кыргызстанда ислам дининин негизде-
рин окутууга багытталып, мектептер (башталгыч билим берүүчү) жана
медреселер (орто жана жогорку билим берүүчү) болгон. Кыргызстан
Россия падышачылыгынын карамагына өткөндөн тартып, көчүп келген-
дер тарабынан негизделген шаар-кыштактарда орус-тузем башталгыч
мектептери, бирин-экин гимназиялар ачылып, аларда жергиликтүү элдин
балдарынын арасынан да тилмечтерди, катчыларды даярдоо иши кол-
го алынган. Кыргызстандын азыркы мектептик билим берүү системасы
негизинен совет бийлигинин тушунда түзүлүп, жетилген. Кыргызстан
өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон күндөн бери (1991, 31-август) мектептик
билим берүү жаатында чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Билим берүүнүн көп
түрдүүлүгүн камсыз кылган, айрым предметтерди тереңдетип окутуучу
мектеп-гимназиялар, лицейлер, автордук, жеке менчик мектептер пайда
болду. Азыркы мектептик билим берүү базар мамилелеринин мезги-
линдеги инсандын билимге болгон керектөөсүн толук канааттандырууга
багытталган. Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсү баштал-
гыч жалпы (1–4 класстар), негизги жалпы (5–9 класстар), орто жалпы
(10–11 класстар) билим берүүчү болуп, үч баскычты өз ичине камтыйт.
Мектептик окутуу 6–7 жаштан тартып башталат.
Достарыңызбен бөлісу: