11-ТЕМА
197
5. Илим менен ______ көпүрө – тил, көкөлөткөн адамды ______ деп
бил. Ж. Баласагын
а) адамга, бийлиги
б) билимге, тили
в) акылга, жаны
г) ыйманга, ниети
Өзүңөрдү карточкалардын жардамы менен баалагыла. Кєп чекиттин ордуна кеминде
5–6 далил келтиргиле
Тема боюнча иштөө
мага жакты. Мен …
тапшырмаларды жакшы
иштедим. … сөздөрдү
өздөштүрдүм.
Мага сабак кызыктуу болду.
Мен …тапшырмаларды
аткардым, ал эми …
түшүнүксүз болду.
Көп пайда алган жокмун.
Анткени … түшүнүксүз болду.
Эс тутум рекорддору
Мээнин иштеши тууралуу сөз болгондо көпчүлүк адамдар эске сак-
тоодо кыйынчылыкка кабылуусун, ал аз келгенсип, жаш өткөн сайын
унутчаак болуп бараткандарын белгилешет. Улгайган адамдардын унутча-
ак болору тууралуу пикир аксиома катары кабылданып калган. Мээнин
иштөө механизмин иликтөөчүлөр бул ишенимди чындыкка кошпогондугун
эскертишет. Эс тутумдун жигердүү иштеши, мыктылыгы аны ташып жүргөн
адамдын каалоосуна, аракетине түздөн-түз байланышкан.
Азыркы мезгилде эс тутумду арттыруунун
чеги жок экендигин дагы
бир жолу тастыктаган юрист Самвел Гарибян болуп эсептелет. Ал Ростов
университетинде студент болуп жүргөн кезинде ден соолугуна байла-
ныштуу дарыгерлерге кайрылат, дарыгерлер жарым жыл бою окууга жана
жазууга тыюу салышат. Ошол мезгилден тартып ал угуу жөндөмдүүлүгүн
өстүрүүгө өтөт.
1990-жылы Гиннестин китеби ага «Жер жүзүндөгү эң күчтүү эс ту-
тумга ээ адам» наамын берген. Самвел Гаривян он тилде сүйлөгөн.
Ал бири-бири менен эч байланышы болбогон миң сөздү бир эле жолу
укканда эсине тутуп, кайрадан айтып берген.
XVII кылымда Италиянын Флоренция
шаарында туулган Антонио
де Марконун жөндөмүнө да таң бербеске арга жок. Ал ар бир окуган
китебин үтүр, чекитине чейин эсине тутуп калуу жөндөмдүүлүгүнө ээ
болгон. Антонио де Марко сексен бир жашка чыккан. Кызыгы, ал өлгөнгө
чейин бул адатын таштаган эмес. Китептин бир бетин эки-үч секундда
эле окуп койгон.
XIX кылымда жашаган Паул Чарлз Морфи шахмат боюнча таң калар-
лык ийгиликтерди жараткан. Ал көзүн таңдырып алып, бир эле учурда
бир нече адам менен шахмат ойноого жөндөмдүү болгон. Бул инсан
төрт жүздөн ашуун маанилүү оюндарынын ар бир жүрүшүн өмүрүнүн
акырына чейин эсине сактап калган.