Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет159/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   155   156   157   158   159   160   161   162   ...   233
в) -ни, -ни, -нү
г) -ды, -ди, -тү
3. Туура жазылган сапты белгиле.
а) кыргысча, орусча, отусча 
б) чынбы, комузчу, туссуз
в) отузча, тузсуз, качты 
г) жыгашчы, жыгаччы, чымбы 
ƒ
„
Окшоштуктар тести:
1. тилмеч : котормочу
а) ашпоз : даамдуу 
б) илимпоз : аалым 
в) сөздүк : лексика 
г) багбан : агроном


КЫРГЫЗ ТИЛИ
196
2. жээрде : кызыл
а) тору : күрөң 
б) ала-була : чымкый 
в) боз : күңүрт 
г) тунук : ачык
3. тез: бат
а) акырын : жайбаракат 
б) тил : тилмеч 
в) акыл : эс 
г) ыкчам : ылдам
4. асыл тукум : таза кандуу
а) олбурлуу : салабаттуу 
б) ойлуу : ачуулуу 
в) мамлекет : эгемендүү 
г) сасык : жыттуу
5. жылкычы : кесип
а) бутак : дарак 
б) макал : сөз 
в) үндүү : тыбыш 
г) кызматкер : жумушчу
6. тил үйрөнүү : курс
а) кулинария : таттуу 
б) машыгуу : фитнес 
в) ыр жазуу : блокнот 
г) айдоочулук : күбөлүк
7. уулуу : заардуу
а) каардуу : ачуулуу 
б) сараң : зыкым 
в) сулуу : серт 
г) чоң : ири
8. лексика : сєз
а) морфология : грамматика 
б) чет тили : сөздүк 
в) фонетика : фонология 
г) акустика : үн
9. көмөк : жардам
а) белек : сыйкыр 
б) маселе : эреже 
в) таттуу : даамдуу 
г) даам : тамак
ƒ
„
Сүйлөмдөрдү толуктоо тести:
1. Тилден ___ да тамат, ____ да тамат.
а) кан, суу 
б) бал, уу 
в) гүл, нур 
г) туз, шор
2. Канча тил _____, ошончо дил _____.
а) билсең, билесиң 
б) үйрөнсөң, аласың 
в) күтсөң, табасың 
г) тапсаң, болосуң
3. Тил – _______, босогоўдо комдонгон, _______, өзүңдү да жеп кой-
гон. Ж. Баласагын
а) карышкыр, ачка калса 
б) төө, тили менен 
в) өгүз, сүзүп койсо 
г) арстан, бошоп кетсе
4. _________ – кызыл тил.
а) оозуңда 
б) эне тилиң 
в) кыргыз тили 
г) өнөр алды


11-ТЕМА
197
5. Илим менен ______ көпүрө – тил, көкөлөткөн адамды ______ деп 
бил. Ж. Баласагын 
а) адамга, бийлиги 
б) билимге, тили 
в) акылга, жаны 
г) ыйманга, ниети 
ƒ
„
Өзүңөрдү карточкалардын жардамы менен баалагыла. Кєп чекиттин ордуна кеминде 
5–6 далил келтиргиле
Тема боюнча иштөө 
мага жакты. Мен … 
тапшырмаларды жакшы 
иштедим. … сөздөрдү 
өздөштүрдүм.
Мага сабак кызыктуу болду. 
Мен …тапшырмаларды 
аткардым, ал эми … 
түшүнүксүз болду.
Көп пайда алган жокмун. 
Анткени … түшүнүксүз болду. 
Эс тутум рекорддору
Мээнин иштеши тууралуу сөз болгондо көпчүлүк адамдар эске сак-
тоодо кыйынчылыкка кабылуусун, ал аз келгенсип, жаш өткөн сайын 
унутчаак болуп бараткандарын белгилешет. Улгайган адамдардын унутча-
ак болору тууралуу пикир аксиома катары кабылданып калган. Мээнин 
иштөө механизмин иликтөөчүлөр бул ишенимди чындыкка кошпогондугун 
эскертишет. Эс тутумдун жигердүү иштеши, мыктылыгы аны ташып жүргөн 
адамдын каалоосуна, аракетине түздөн-түз байланышкан. 
Азыркы мезгилде эс тутумду арттыруунун чеги жок экендигин дагы 
бир жолу тастыктаган юрист Самвел Гарибян болуп эсептелет. Ал Ростов 
университетинде студент болуп жүргөн кезинде ден соолугуна байла-
ныштуу дарыгерлерге кайрылат, дарыгерлер жарым жыл бою окууга жана 
жазууга тыюу салышат. Ошол мезгилден тартып ал угуу жөндөмдүүлүгүн 
өстүрүүгө өтөт. 
1990-жылы Гиннестин китеби ага «Жер жүзүндөгү эң күчтүү эс ту-
тумга ээ адам» наамын берген. Самвел Гаривян он тилде сүйлөгөн. 
Ал бири-бири менен эч байланышы болбогон миң сөздү бир эле жолу 
укканда эсине тутуп, кайрадан айтып берген.
XVII кылымда Италиянын Флоренция шаарында туулган Антонио 
де Марконун жөндөмүнө да таң бербеске арга жок. Ал ар бир окуган 
китебин үтүр, чекитине чейин эсине тутуп калуу жөндөмдүүлүгүнө ээ 
болгон. Антонио де Марко сексен бир жашка чыккан. Кызыгы, ал өлгөнгө 
чейин бул адатын таштаган эмес. Китептин бир бетин эки-үч секундда 
эле окуп койгон.
XIX кылымда жашаган Паул Чарлз Морфи шахмат боюнча таң калар-
лык ийгиликтерди жараткан. Ал көзүн таңдырып алып, бир эле учурда 
бир нече адам менен шахмат ойноого жөндөмдүү болгон. Бул инсан 
төрт жүздөн ашуун маанилүү оюндарынын ар бир жүрүшүн өмүрүнүн 
акырына чейин эсине сактап калган. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   155   156   157   158   159   160   161   162   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет