ТИРКЕМЕ
237
7-ТАПШЫРМА.
Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч»
романынан үзүндүнү окугула
сап
5
10
15
20
25
30
35
40
– Бекназар аке, сизди
паңсат күтүп
олтурат… –
деди бир жигит отко
жакын келип, Бекназардын кабагы дагы
бүркөлүп, унчукпады. Чакырып келген
жигит жооп күткөндөй болуп, бирпас
турду да, кайрып
сөз айта албай топтон
акырын суурулуп чыгып кетти.
– Аттар даярбы? – деди Бекназар өз
жигиттерине.
– Даяр, Бекназар аке…
Бекназар ордунан турду. Эшим
элирген каракашка аргымакты алдына
тарта берди. Бекназар атка минген жок,
нары обочо жерде бүлбүлдөп күйүп
жаткан от
жакты карай ыкчам басып
жөнөдү. Эшим бир колуна өзүнүн атын,
бир колуна каракашка аргымакты
жетелеп, Бекназардын артынан кетти.
Калган жигиттер да аттуу, жөө болушуп
ээрчиди.
Бекназар келгенде топ жарыла берди.
Оттун
жогору жагында кымкап тонду
желбегей жамынып, чарчагансып үлдүрөп
отурган киши гана козголбоду. Эки
көзү чекчейген арык киши, суюк буурул
сакалы бар. Сеңселген ак көрпө тебетейи
арт жагында чөптүн үстүндө жатты, ал
жайынча кара манат топучан отурду.
Кокон ордосунун бу
Аксы багытындагы
таасирдүү кишиси, аскер ишинде паңсат
атагы бар бий Абил болучу.
Тегерегиндеги мыктылар демдерин
ичтерине алып, тым турушту. – Ассалому
алейкум!
Бекназардын
келип калганын эми
билгенсип, сүйүнүп кеткенсип. Абил бий
алик алды:
– Быякка!.. Кел, баатыр… – деп тизе
какты.
– Чакыртыпсыз, паңсат аке?
Абил бий Бекназарды
бир имерип тиктеп
алып, жай гана:
– Баатыр… – деп аяр үн салды. –
Ортого түшчү кеп бар… Мындай кыйын
кезде кеңеш жакшы. Кеңешели…
Достарыңызбен бөлісу: