145 150 155 160 165 170 175 180 185 тирелип ооз карап калышты.
Абил бий да, Карачал да, Бекназар
да аттанышты. Ушундан соң Бекназар
булдурсунду бүктөй кармап, Абил
бий жакка жүз буруп, бирок, бетине
тике карабай, ага сөз койгонсуп
калды. Абил бий муну билип, алдыңкы
жигитбашыларды бир имере тиктеп,
тамагын жасады. Жакын тургандар
тымтырс болду. – Баатырлар, – деп кайрылды
паңсат, – жаңылык бир эле сөз. Мына
элдин четинде
турабыз. Мындан нары жол улам
айрылган сайын ар уруктун жигиттери
өз айлына бөлүнүп кете берсе болот.
Бирок жигиттер бир нерсени так
билип кетиши өтө зарыл. Ошону гана
кулакка салып коёлу деп… – Ушундан
соң ал тоолуктардын оң, сол канатын
бириктирген эзелки салтын, улуу
алдында кичүү ийменип, төбөсү көккө
жетип кеткен күндө да, ызат билиш
сыпаалыгын айтып, аларды шарият менен
бекемдеп өттү, анан
иштин ток этерине келди.
– Өзүңөр көрдүңөр, ордо дагы
бузулду, тыяктан тигинтип орус кысып
чыкты, муну да өзүңөр көрдүңөр.
Мындай учурда ээнбаштык ыркты
кетирет, колду байлайт. Келер жоонун
алдында бизди алсыз кылат. Ошон үчүн,
баатырлар, колубуз бир адамга баш
коё турган болсун. Мен кары адаммын.
Тилинде эми бар, билегинде күчү бар
жаш
азаматтардан кошунбашы көтөрүп
алгыла. Бекназар баатырдан өтөрү
жок. Буга кандай дейсиңер? – Жалпыга
угузуп: – Эмне болсоң ошо бол деп
таштап салбаспыз баатырды. Баштаган,
жаки бүтүргөн, жаки кылам деген
иштеринде башында болуп, колубуздан
келсе, акылыбыз жетсе, ийрисин түзөп,
кемдигин бүтөп турарбыз! – деп
кошумчалады. Бул жаңы кабар жол
алууга дүрдүгүп турган беш жүз колдун
кыйрына толкун түшүрдү.