90 95 100 105 110 115 120 125 130 135 140 жек көрүп калган болучу. Жолу бир
болсо да, Ташкенден бери бет келишип
кеп тартышканы ушул. – Бизге азыр ырк зарыл, баатыр.
Бекназар да бирдемени күтүп, оттун
кызылын тиктеген бойдон былк этпей
отуруп, паңсаттын акыркы сөзүнө макул
болуп акырын башын ийкеди.
– Мындай учурда, баатыр, өзүңдөн
өтөрү жок, саруу уругунун колуна өзүң
баш бол, – деди ал кеп чыгарып. – Муну
элге барып, кары-жашын бүт чогултуп
алдына айтсак болот эле, бирок жигиттер
чарчады, үй-үйүнө тарап кеткен соң
кайта үйрүлүп биригиш узагына тартар,
ошон үчүн артыкбаш жыйыны жок,
аттан дегенде түп көтөрө аттана бере
турган кылып тартипти мукумдаш зарыл,
жигиттер кимдин үнүн тыңшашын, кай
туунун түбүнө
топтолушун азыр эле аныктап билип
тарашы зарыл. – Сынай тиктеп отуруп,
артынан: – Керек этсең мына биз
даярбыз, биздей жашы улуу кишилерден
кеңеш ала жүрөрсүң… – деп акырын
кошумчалады. Паңсаттын оюнда тиги ушул сөздү
угары менен ыргып туруп, таазим кылып,
ыракматын билдирип жиберет го деп,
биртике үмүтү турган. Бекназар үн
катпай, былк этпей,
өзгөрбөй койду. Бийдин аяр көздөрү
анын кебетесинен «сенсиз да, сенин
тапшырууңсуз да, жигиттерге сөз өтөт»
деген пикирди окуду. Ичи сыйрылды.
Бекер айттыбы? Көптүрүп алдыбы муну?
Көздөрү чекчейип, жини келе баштады. А
Бекназар да паңсаттын ичиндеги куюнду
сезди, куюн уюлгуп-уюлгуп келип ташка
урунуп, бир шойкоң чыгарышка деми
жетпей, сынып жок болуп жатканын
көрүп турду.
– Көрөбүз. Жанаа жолго камынууга буйрук
болгондон бери жигиттер топурап,
аттарын издеп табышып, токушуп, от
жаккандар отторун өчүрүп, дүүлүгүп
жатышкан эле. Айтар жаңылыгын
угууга, жүзбашылардын артынан,
элүүбашылардын, онбашылардын артынан
дүрбөп, паңсаттын отун тегеренишип,