3-ТЕМА
53
2-ТАПШЫРМА.
Микротексттерди окугула. Дене тарбия жана
массалык спорт деген эмне? Ал эми чоң
жетишкендиктердин спорту дегенди кандай
түшүнөсүң? Өз түшүндүрмөңөрдү жазгыла
1. Дене тарбия жана массалык спорттун жардамы менен бүт дүйнөдөгү
адамдар өздөрүнүн физикалык сапаттары менен кыймылдоо мүмкүн-
чүлүктөрүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат. Анан да саламаттыгын
чыңашат жана чыгармачылыгын көп убакытка узартышат. Демек, азыркы
экологиянын организмге
тийгизген терс таасирине, жашоонун көзгө
илешпеген катуу ритмине ушинтип каршы турушат.
2. Чоң жетишкендиктердин спортунун негизги максаты – жогорку деңгээ-
лдеги спорттук мелдештерде жана турнирлерде максималдуу спорттук
натыйжаларга жетишүү. Спортчунун ар бир жогорку жетишкендиги
анын жеке өзү үчүн
эле эмес, бүт элдин жалпы улуттук дөөлөтү
болуп калат. Себеби эл аралык ири мелдештердеги рекорддор жана
жеңиштер өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын чыңдайт.
Достарыңызбен бөлісу: