6-ТЕМА
89
3-ТАПШЫРМА.
Сүрөттөгү жаныбарлардын аталыштарын туура
келтиргиле. Алар жөнүндө жуптарда сүйлөшкүлө.
Арстан, крокодил, акыра, зебра, фламинго, пил.
4-ТАПШЫРМА.
Төмөндөгү сөздөрдү пайдаланып, текст түзгүлө.
Окуп бергиле
Африка, саякат, айбанаттар, көл, кызгылт, ыраазы болуу.
5-ТАПШЫРМА.
Текстти өзүңөр түзгөн текст менен салыштырып
окугула
Африкага сафари
Биз сафариге, Африкага жөнөдүк. Сафари –
жапайы жаратылышка сая-
каттоо, айбанаттарды сүрөткө тартуу. Сафари Кения өлкөсүнөн башталды.
Кениянын абасы өтө деле ысык эмес жана флорасы бай экен.
Үстү ачык автоунаа менен баратып, саваннадан түрдүү жаныбарларды
көрдүк. Алгач биз акыраны кезиктирдик. Ал бизди көрүп, жактырбаган
өңдүү
бир карап, бейкапар ары басып кетти. Жапыз дарактардын ара-
сында чаар-ала болуп, зебралар оттоп жүрүшөт.
Саваннанын
баш-аягы жоктой, машинада кетип баратабыз. Ар жерден
арстандардын, пилдердин үйүрү менен жүргөнүн көрдүк. Керилген тала-
анын өзөндөрүндө аз гана суу калган жана
анда килейген крокодилдер
шыбырт билдирбей олжосун аңдып жаткандай.
Бир топ жүргөн соң Накуру көлүнө жеттик. Бул көл – планетадагы
кызгылт фламинго уя салууга оңтойлуу жер. Бүт горизонт кызгылт болуп
албырып, алардын кыймылынан көл кайнагансып турду.