2. Кызды к‰йөөгө узаткандагы кошто- шуу кошогу. Кыргыз эли кызды к‰йөөгө уза-
тар к‰н‰ кызды ч‰мкөп кийинтишип, жакын-
дары, энеси, жеңеси кошок т‰р‰ндө ыр менен
ыйлашып, кызды аябай мактап узатышкан.
Кыз узатканда кошула турган кошоктордо
киши өлгөндө кошула турган кошоктордон
айырмаланып, к‰йөөгө кетип жаткан кыздын
акылын, сулуулугун, баркын айтып мактоо,
кызга акыл-насаат айтуу, жакшылык каалоо,
кызды к‰йөөс‰нө, кайын журтуна табыштоо
ж.б. маанилер айтылат. Кыргыз тилинде тил-
дик каражаттардан кызды мактоодо адат өт-
көн чактын –чУ, жалпы өткөн чактын –ГАн м‰чөлөр‰, кызга акыл-насаат айтууда, жакшы-
лык каалоо, кызды к‰йөөс‰нө, кайын журтуна
табыштоодо буйрук ыңгайдын формалары
колдонулат.
Мисалы, эненин кошогу:
1. ...С‰т ‰ст‰ндө каймагым, Ж‰к ‰ст‰ндө айнегим. Оозумдагы шербетим, Жакамдагы берметим. 2. ...Кара макмал баркыт тыш. Кыз алган менен кыз берген, Ынагым, байгамбардан калган иш. Байпак бир маасы кийип өт, 1. ...Бийкечтин көк‰л‰нө мончок таккан- быз, Бийкечти көлөкө жерге бакканбыз. Бак дукаба-шайы жапканбыз, Бийкечти көң‰лс‰з жерден катканбыз. Бийкечти салкын жерге бакканбыз... 2. ...Жакамдагы берметим, Жакшынакай келбетиң. Жанда жок чебер бу бийкеч, Жасалгалуу ‰йдө өскөн, Жаамы айылды г‰лдөткөн... Ошондой эле кыздын жеңеси кошок ар-
кылуу к‰йөөгө тийип жаткан кызга болгон
нааразылыктарын да билдирип алган. Ми-
салы, “Сараң кыздын кошогунда” жеңесинин
кызга болгон төмөндөг‰дөй таарынычы ай-
тылат:
3. Оокатка кылдың аракет, Ой, сараң кыз балакет. Ооруганда бербеген, Оймоң калды ала кет. Сабага кылдың аракет, Сараң кыз, ой балакет. (Кошоктор, 1998: 325-335-б.)
Кызды к‰йөөгө узаткандагы кошок айтып
коштошуу азыркы учурда айыл жергесинде
(бирок анда да сейрек) гана болбосо, башка
элдердин маданий таасирине кабылган шаар
эли бул салтты дээрлик колдонбой калган.