Бишкек 2019 кыргыз тили


-тыным. Белгиленген сөз айкаштарын түшүндүргүлө



Pdf көрінісі
бет23/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   233
3-тыным. Белгиленген сөз айкаштарын түшүндүргүлө 
IV
Пил эки жагын каранды. Устанын бурчта турган станогунун үстүндөгү 
жарым-жартылай бүткөн жумушту жакындан көрөйүн деди. Ошол бурчка 
баруу үчүн пил бир эшиктен өтөйүн деди эле, бут алдынан кычыраган 
катуу үндү укту. Башын кашып, кайра ордуна кайтты. «Балким акыранын 


2-ТЕМА
27
жанына жогору чыксамчы», – деп ойлоду пил. Тепкичтерге эми бутун 
койгондо эле анысы кырчылдап сына баштады. Ал шашып артка кайтты 
да, жыгылып, дубалга башы менен тийди. Дубал кулай баштады. Акыра 
ылдый түшкөндө, пил эси чыгып коркуп, дубалдын түбүндө отурган эле. 
Пил акыра жокто эмне болду? Ал эмне үчүн жыгылып, башы менен 
дубалды сүзүп отуруп калды? Акыра келгенде эмне болот?
4-тыным. Тексттин бул бөлүгүн атагыла 
V
– Эмне болуп кетти? – деди таң калган акыра. 
– Мен өз үйүмдөгүдөй болууга аракеттендим, – деп жооп берди пил. 
Акыра тегерегин карады. 
– Макул, мен эмне кылуу керегин түшүндүм. Эшик өтө тар. Биз сени 
кичирейтишибиз керек. Жакын жерде аэробика студиясы бар. Эгерде сен 
бир нече жолу аэробикага барсаң, анда кичиреймексиң. 
Акыра пилге кандай сунуш кылды? 
5-тыным. Сүйлөмдөрдү аяктагыла
Акыра таң … .
Пил кенен-кесири … .
Акыра эмне кылууну … . 
Эшик … .
Аэробика студиясы … .
Аэробика студиясына …. .
Сен … .
VI
– Балким, – деди пил, – чынын айтканда, акыра үчүн курулган үйдү 
оңдоп чыкпаса, пилге эч качан туура келбейт. 
Пил көйгөйдү кандайча чечүүнү сунуштады? 
Пилдин айтканына кошуласыңарбы? Эмне үчүн? 
3-ТАПШЫРМА. 
Төмөнкүлөр туурабы? Ойлонуп, жооп
бергиле
– Акыра үй курганда өзүнө жана акыраларга гана ылайык курганы 
туурабы?
– Пил акыранын үйүнө батпай, талкалаганы чынбы?
– Пил менен акыра урушуп кеткени чынбы?
Эми алар чогуу ойлонуп, башка үй куруп баштаганы чынбы?
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет