Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Келишимдин тексти төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат



Pdf көрінісі
бет5/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

Келишимдин тексти төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
1. Преамбула (кириш бөлүгү).
Келишимдин аталышы, дата жана түзүлгөн жер, келишим түзгөн тараптардын 
толук аталышы (мекеменин кыска аталыштары сөзсүз жазылат)
2. Келишимдин предмети.
* тараптар эмне жөнүндө келишим түзөт;
* келишимдин техникалык шарттары;
* тараптардын милдет жана укуктары;
* баа боюнча келишим (төлөп берүү, төлөө формалары, тартиби)
* ишти өткөрүп берүү, өткөрүп алуу тартиби;
* тараптардын өз милдеттерин аткаруу мөөнөтү;

48
Калия Кулалиева
3. Кошумча шарттар.
* тараптардын келишимдеги милдеттерди аткаруусу боюнча жоопкерчилик-
тери;
* милдеттердин аткарылышын камсыз кылуунун жолдору, санкциялар ж.б.
4. Башка шарттар.
* келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу боюнча негиздер;
* жашырындуулугу боюнча шарттар;
* тараптардын ортосундагы чыр-чатакты чечүү тартиби.
5. Корутунду бөлүгү.
* келишимдин жарактуулук мөөнөтү;
* тараптардын маалым даректери: почта, банк ж.б.;
*  тиркемелер:  техникалык  тапшырмалар,  ишти  аткаруунун  календарлык 
планы ж.б.
*  келишимге  келишимди  түзгөн  адамдар  же  уюм,  мекемелер  ишеним 
көрсөткөн  адамдар  (тараптардын  атынан)  кол  коюшат.  Кызматы,  аты-жөнү 
жазылып, дата коюлуп, мөөр басылат.
1. Жаңы сөздөрдү көчүрүп жазыңыз.
2. Берилген сөздөргө маанилеш (//) жана карама-каршы маанидеги (х) сөздөрдү табыңыз.
кызматка орношуу //   
 
кызматка кирүү    
иш //   
 
 
 
араздашуу 
бардыгы // 
 
 
 
күчкө ээ болуу 
 Окуйлу
1. Келишимдин үлгүсүн окуп, боштуктарды толуктап жазыңыз.
КЕЛИШИМ
«____» _____________2008-ж.   
 
 
 
 
Бишкек ш. 
Бир тараптан Ж. Баласагын ат. Кыргыз улуттук университети, мындан ары 
«КУУ» деп аталат, ректору ______________________ _______________________ 
атынан,      жана  экинчи    тараптан    Бишкек    шаардык  Билим  берүү 
башкармалыгы,  мындан  ары  «Башкармалык»  деп  аталат,  ________________  
_______________________  атынан  төмөндөгүлөр  жөнүндө  ушул  Келишимди 
түздүк.
1.  Келишимдин негизи
1.1.  «КУУ» «Башкармалыкка» («Башкармалыктын» кызматкерлерине) кыргыз 
тилин үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтөт. Угуучулардын саны ____ . 
1.2.  Угуучулардын тизмеси тиркелет;

49
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1.3.  Сабак жумасына ______ жолу 2 сааттан (45 мүнөттөн 90 мүн.) өткөрүлөт;
1.4.  Жалпы окуу сааты  – ______ .
1.5.  Сабактар өтүлчү жай: ___________________________________________.
1.6.   «КУУ»  угуучуларды окуу каражаттары менен камсыздайт.
2.  Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1.  «КУУнун» милдеттери:
2.1.1.  Окуу программасына ылайык толук кызмат көрсөтүү;
2.1.2.  Ушул келишимдин 1-бөлүмүндөгү шарттарга ылайык кызмат көрсөтүү; 
2.1.3.  Келишим боюнча окуу мөөнөтү ичинде курстун акысын өзгөртпөө;
2.1.4.  Окуу процессине байланыштуу көйгөйлөрдү жоюу;
2.1.5.  Окуу  материалдары  менен  угуучуларды  камсыздоо  (таратып  берчү 
материал, окуу куралдары); 
2.1.6.  Келишим  боюнча  милдеттерди  аткарбаса,  сарпталган  каражатты 
төлөп берүү;
2.1.7.  Курстун акырында сынак алып, анын негизинде сертификат берүү.
2.2.  «КУУнун» укуктары: 
2.2.1.  Курс  үчүн  төлөмдү  алдын  ала  алат  (дароо  3  айга  төлөнөт,  3  ай  бир 
курсту түзөт);
2.2.2.  Бир топто алтыдан аз эмес угуучу болот, угуучулардын саны алтыдан 
азайган шартта тил үйрөтүүнү токтотот;
2.2.3.  Сабактын 25%ын калтырган угуучуну курстан чыгарат.
2.3.  «Башкармалыктын»  милдеттери жана укуктары:
2.3.1.  «КУУга»  көрсөткөн  кызматы  үчүн  келишимге  ылайык  өз  убагында 
акы төлөөгө;
2.3.2.  Угуучулардын сабакка катышуусун курстун аягына чейин камсыздоого 
(берилген тизме боюнча);
2.3.3.  Сабактардын сапатынын мыкты болушун талап кылууга.
3.   Акы төлөө тартиби
3.1.  Бир угуучу үчүн, сертификаттын баасын кошкондо, ______________ сом 
акы алынат.
3.2.  «Башкармалыктын»_______  адисинин  жалпы  акы  төлөмү  ___________ 
(___________________________ ___________) сомду түзөт.
3.3.  Акы  Келишимдин  2.2.1.  бөлүмүнө  ылайык  100%  (3  айга)  алдын  ала 
төлөнөт. Акы ушул Келишимге кол коюлгандан кийин 10 күндүн ичинде 
төлөнүшү керек.
4.   Келишимдин күчүнө кирүү тартиби
4.1.  Келишим  кол  коюлган  учурдан  тартып  күчүнө  кирет  жана  тараптар 
милдеттерин толук аткарып бүткөнгө чейин күчүндө болот, же тараптардын 
макулдашуусуна ылайык мөөнөтүнөн мурун жокко чыгарылышы мүмкүн.
4.2.  Эгерде Келишимдин шарттары бир нече жолу бузулган болсо, тараптар 

50
Калия Кулалиева
Келишимди мөөнөтүнөн мурун бир тараптуу жокко чыгарышы мүмкүн. 
Бул  учурда  күнөөлүү  тарап  экинчи  тарапка  Келишимдин  жокко 
чыгарылышына байланыштуу кеткен чыгашасын кайтарып бериши керек. 
5.   Башка шарттар
5.1.  Тараптардын  ортосундагы  пикир  келишпестиктер  мыйзам  чегинде 
каралып чечилет.
5.2.  Келишим  эки  түп  нускада  кыргыз  тилинде  түзүлдү,  бири  «КУУда», 
экинчиси – «Башкармалыкта» болот. 
Ж. Баласагын ат. Кыргыз улуттук  
 
Бишкек шаардык 
университети    
 
 
 
Билим берүү башкармалыгы
Дареги   
 
 
 
 
Дареги: 
Ректор   
 
 
 
 
Банк эсеби
   
 
 
 
 
 
Начальник
Датасы/ Колу 
 
 
 
 
Датасы/ Колу
Эскертүү! 
Тексттеги  бөлүнүп  көрсөтүлгөн  сөз  жана  сөз  айкаштары  келишимдин 
дээрлик бардык түрлөрүндө учурайт жана ушул иш кагазына мүнөздүү болуп 
эсептелет. 
2. Тексттеги бөлүнүп көрсөтүлгөн сөз жана сөз айкаштарын бөлүп жазыңыз.
3. Келишимде дайыма учураган сөз жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөмдөрдү түзүңүз.
 Грамматика
Заттардын таандык болуп айтылышы
Зат  атооч  сөздөргө  уланган  кээ  бир  мүчөлөр  таандыкты  билдирет.  Мындай 
таандык мүчөлөр эки топко бөлүнөт.
1. Жак таандык мүчө -ым, -ың, -ы (-сы), -ыбыз, -ыңыз, -ыңар.
2. Жалпы таандык -ныкы.
Үндүүлөрдөн кийин -ныкы, -ники, -нуку, -нүкү, жумшак үнсүздөрдөн кийин 
-дыкы,  -дики,  -дуку,  -дүкү,  каткалаң  үнсүздөрдөн  кийин  -тыкы,  -тики,  -туку, 
-түкү.
3. Таандык мүчөлөрдүн I, II жагынан кийин -ныкы толук, кыскартылган түрдө 
айтылат жана жазылат: эжемдики – эжемики – эжемки, апамдыкы – апамыкы – 
апамкы.

51
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1. Заттардын таандык болуп айтылыш учурларына көңүл бурабыз. Боштуктарды толуктап жа-
забыз.
1. Ишканабыз...... ачылышы эртең болот. 2. Досумдун так ушундай китеп.... бар 
эле, ошонуку эмеспи? 3. Келечек жаштар.......! 4. Алардын келишими менен 
тааныш.... чыктым. 5. Серепчилердин кеңешин эске алдыңар......? 6. Сиздин 
шакирттериңизди көргөзмө..... көрдүм. 7. Тигинде тур...... эски мектеп менин 
чоң атамдыкы. 8. Ал...... байкеси 1 айлык келишим боюнча иштеп жатат.
2. Үлгү боюнча иштеңиз: 
Бул туу менин өлкөмдүкү. Бул менин өлкөмдүн туусу.
Бул келишим биздики.  
_________________________
Бул үй алардыкы. 
 
_________________________
Бул кол сиздики. 
 
_________________________
Бул суроо сиздердики.  
_________________________
Бул дарек сеники. 
 
_________________________
3. Суроолорго жооп бериңиз?
1. Короодо турган машине кимдики?
2. Бул китеп сеникиби?
3. Бул келишимдин үлгүсүбү?
4. Документтер сиздикиби же жубайыңыздыкыбы?
5. Бул имараттардын баары мамлекетке карайбы? Мамлекеттикиби?
6. Бул кимдин колу, сиздикине окшошпойт го?
 Көнүгүүлөр
Келишимдин ар бир пунктуна карата ар түрдүү тапшырма берилди. 
Тапшырмаларды аткарыңыз.
1. Келишимдин кириш бөлүгүн туура толтуруңуз.
Коргоо кызматын көрсөтүү боюнча келишим № 106
«____»  ______________ 20____ -ж.   
 
________________ ш.
___________________________________________________________________
   
 
 
(Уюмдун, мекеменин толук аталышы)
мындан ары «Кардар» ________________________________________________
   
 
 
 
(кызматы)
___________________________________________________________________
   
 
 
 
(аты-жөнү)

52
Калия Кулалиева
__________________________________________________________негизинде
   
 
 
 
(Устав)
1-тарап, «Кызмат аткаруучу» __________________________________________
   
 
 
 
 
(Уюм, мекеменин толук аталышы)
___________________________________________________________________
   
(кызматы) 
 
 
 
(аты-жөнү)
менен 2-тараптын коргоо кызматын көрсөтүү боюнча _____________ шаарынын
Ички иштер бөлүмү тарабынан _________________________________ берилген
   
 
 
 
 
(номери / берилген күн, ай, жыл)
лицензиясынын негизинде төмөндөгүлөр боюнча келишим түздүк:
1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Кызмат  аткаруучу  Кардардын  тапшырмасы  менен ___________________
______________________________________________жайгашкан Кардардын 
 
 (корголо турган объект жайгашкан жер)
менчик укугу боюнча өзүнө тиешелүү болгон ____________________________
   
 
 
 
 
 
 
(корголо турган объекттин аты)
коргоо үчүн милдеттенме алат.
2. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген сөздөрдү жазыңыз.
2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Кызмат көрсөтүүчү төмөнкүлөрдү ....................................... милдеттүү:
– 1.1. пунктта көрсөтүлгөн мекемени күнү-түнү коргоо үчүн 1 сакчы (дем алыш, 
иш жана майрам күндөрүн кошуп) жана 2-сменге мекеменин иш күндөрү үчүн 1 
сакчы менен төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга;
–  мекемени    ар    кандай    мыйзамсыз  басып  алуулардан  жана  кылмыштан, 
мекеменин  ичиндеги  .........................  ар  кандай  коркунучтардан  коргоого  жана 
корголуп  жаткан  мекеменин  ичиндеги  материалдык  баалуулуктарды  жана 
............................ коргоого;
– 1.2. пунктта көрсөтүлгөн мекеменин ичинде .............................. белгиленгендей 
коомдук ................................ сактоого көмөктөшүүгө;
– милдеттерин ............................ жана талапка ылайык аткарууга милдеттүү.
3. Сөздөргө мүчөлөрдү улаңыз.
Кардардын милдеттери:
–  кызмат  аткаруучуну  келишим.....  мөөнөтү  бүткөн....  чейин  керектүү 
эмеректер менен жабдыл.... иш орду, телефон.... байланыш, ошондой эле эс 
алуу жана тамактануусу үчүн бир бөлмө менен камсыз кылуу....;

53
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
– Келишим боюнча коргол.... жаткан мекеме.... заманбап техникалык коргоо.... 
жабдыктар  менен,  ошондой  эле  контролдоо.....  жана  аңдуучу  аппаратура 
жана  сигнализация....  жабдыктар  менен  камсыз  кылууну  өзү....  эсебинен 
жүргүзүүгө;
– документтер....., акча каражаттарынын жана материал.... баалуулуктардын 
жакшы сакта..... үчүн ыңгайлуу шарттар.... түзүп берүүгө;
– 2.3. Келишимге ылайык кызмат аткаруучунун айлык акысын мөөнөтүнөн 
кечиктир.... өз убагында төлөө.... милдеттүү.
4. Бош орунга берилген варианттардын кайсынысы туура келерин белгилеңиз. 
1. а) адамдын 
б) сакчынын   
в) кишинин   
г) кароолчунун
2. а) акчалай  
б) дароо 
 
в) сом менен   
г) евро менен
3. а) төлөмдөрү   б) берүүлөрү   
в) алымдары   
г) акчасы
4. а) жылдын 
б) айдын 
 
в) кылымдын  
г) аптанын
5. а) иштейт 
б) болот 
 
в) жокко чыгат 
г) жүргүзүлөт
3. ЖУМУШТУН БААСЫ ЖАНА ТӨЛӨМ ШАРТТАРЫ
Бул  келишимде  көрсөтүлгөн  кызмат  тейлөөнүн  акысын  Кардар  Кызмат 
аткаруучуга  бир  ..........................(1)  бир  сааты  үчүн  _____  АКШ  долларына 
эквиваленттүү  сумманы  .......................  (2)  төлөп  берет.  Сомдун  АКШ  долларына 
болгон курсу келишим түзүлүп жаткандагы белгиленген курс боюнча төлөнөт жана 
төлөнүүчү суммада кошумча салык ...................... (3)  (НДС) да камтылат.
Кызмат аткаруучунун маянасы ай сайын банктык эсепке өткөрбөстөн накталай 
................................. (4) 27-күнүнөн кечиктирилбестен төлөнөт.
Тараптардын  сумманы  кат,  факс  аркылуу  же  башка  жолдор  менен  тактап 
алуулары келишимдин негизинде ............................. (5).
5.  Сөз  жана  сөз  айкаштарына  маанилеш  (//)  жана  карама-каршы  маанидеги  (

)  сөздөрдү 
табыңыз.
4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
Келишимде  көрсөтүлгөн  милдеттер  аткарылбаган  учурда  (//)  тараптар 
аткарылбай калган иштин натыйжасында келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик 
тартышат.
Эгерде  төлөмдөр  кечиктирилсе  (//),  Кардар  Кызмат  аткаруучуга  ар  бир 
кечиктирилген күнү үчүн 20% туум төлөйт.
Эгерде бир тарап милдеттерин толук аткарса (//), анда келишим боюнча экин-
чи тарап: 
–  милдеттерин  аткарбагандыгынын  натыйжасында  (//)  келип  чыккан 
кемчиликтерди (толуктоону талап кылууга;
–  берилген  мөөнөттүн  ичинде  кемчиликтер  толукталбаса,  бир  тараптын 

54
Калия Кулалиева
демилгеси менен келишим бузулат (//).
4.1. Кызмат аткаруучу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
–  сакчы  мекемени  жакшы  кайтарбагандыгынын  натыйжасында,  эшиктердин 
сынуусуна жана анын натыйжасында товардык-материалдык баалуулуктардын 
(//) жоголуусуна;
–  корголуп  жаткан  мекеме  толук  көзөмөлдө  болбогондугунун  натыйжасында 
жат адамдар (х) тарабынан бузулуп, жабыр тарткандыгы үчүн;
–  коргоо  кызматын  аткарып  жаткандардын  күнөөсү  боюнча  өрт  же  башка 
себептер аркылуу мекеме (//) зыян тартса, келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик 
тартат. 
4.2. Кызмат аткаруучу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:
–  кардар  келишимде  келтирилген  милдеттерин  аткарбагандыгынын 
натыйжасында мекеме материалдык зыян тартса ():
– өзгөчө кырдаалдарда (жер титирөө, сел ж.б.) келтирилген материалдык зыян 
үчүн;
– кардар тарабынан келишимде көрсөтүлгөндөй (//), мекемени жетишээрлик 
техникалык коргоочу жабдыктар менен камсыз кылбагандыгынын натыйжасында 
товардык-материалдык чыгымдар () жана уурдалган акча каражаттары үчүн.
5. ТАЛАШТАРДЫН ЧЕЧИЛИШИ
Эки тараптын ортосундагы келишпестиктер (//) сүйлөшүү жолу менен чечил-
бесе, мыйзам боюнча орнотулган эрежелерге ылайык тараптардын келишпестиги 
сот тарабынан чечилет.
6. Форс-мажордук кырдаал дегенди сиз кандайча түшүнөсүз? 
6. ФОРС-МАЖОРДУК АБАЛДАГЫ ЭРЕЖЕЛЕР
Форс-мажордук абал катары эки тарап тең жоопкерчилик тартпай турган жана 
мүмкүнчүлүгү болбогон нерселерге жооп бербеген абалдар каралат. Алардын ичине 
эки тараптын тең келишим боюнча аныкталган милдеттерин аткаруусуна тоскоол 
болгон ар кандай табият кырсыктары, аскердик иш-чаралар, нормативдик мүнөздө-
гү мамлекеттик органдардын актылары ж.б. кирет.
Эгерде форс-мажордук абал тараптардын милдеттерин аткарбай калуусуна се-
бепчи болсо, анда мындай кырдаалдын натыйжасында милдеттерин өз убагында 
аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калган тарап келишимде көрсөтүлгөн милдетте-
ринен форс-мажордук абал бүткөнгө чейин аткаруудан бошотулат жана ал экинчи 
тарапка тез аранын ичинде түзүлгөн кырдаал жөнүндө жазуу түрүндө билдириши 
керек болот.
7. Сүйлөмдөрдүн аягын бүтүрүңүз.

55
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1. КЕЛИШИМДИН ИШКЕ КИРИШ МӨӨНӨТҮ ЖАНА КЕЛИШИМДИН 
БАШКА ШАРТТАРЫ
Бул келишим _____ айга (жылга) түзүлгөн жана ......................... ..........................
......................................................................... .
Тараптардын  ар  бири  каалаган  убакта  бул  келишимди  бузууга  укуктуу  жана 
экинчи тарапка бул чечими жөнүндө ___ күн ................................................................
...................................................................... . Ал мөөнөт бүткөнгө чейин Кызмат 
аткаруучу келишимде көрсөтүлгөн ............................................................................... .
 Эгерде тараптар келишимдин түзүлгөн мөөнөтү бүткөнгө чейин ___ күн мурун 
келишимди токтотуу жөнүндө жазуу түрүндө билдирбесе, анда бул келишим ошол 
эле  мөөнөткө  жана  ошол  эле  шарттар  алдында  узартылган  болуп  эсептелет.  Бул 
пункту көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык бир нече жолу ......................................... .
Учурдагы келишим тараптардын ар биринде бар, ______ нускада түзүлгөн жана 
______ тең бирдей .............................................................................. .
ТАРАПТАРДЫН МААЛЫМ  ДАРЕКТЕРИ
 
Кардар:  
 
 
 
 
Кызмат аткаруучу:
 
Кардар: 
 
 
 
 
Кызмат аткаруучу:
 
Мөөрү  
 
 
 
 
Мөөрү
 Жазуу эрежелери
Уңгу сөздөрдүн жазылышы
1. Айрым  тыбыштары  орун  алмашып,  эки  түрдүү  айтылган  уңгу  сөздөрдүн 
эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакты//
убакыт, бакыт//бакты, кайры//кайыр ж.б.
2. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй 
сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга// алдыга, кең//
кеңири, нак//накта, чуму//чумку, небак//эбак, нары//ары ж.б.
3. Сөз башында  н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нокто, нарк, 
ным, нике ж.б. Ал эми нечен-эчен, нары-ары, небак-эбак болуп айтылган 
сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет.
1. Жогорку мисал келтирилген сөздөрдү сүйлөм ичинде колдонуңуз. Ар бир түргө 3төн сүйлөм 
түзүңүз.
 
2. Туура келчү сөздөрдү талапка ылайык жазыңыз.

56
Калия Кулалиева
1. ........................ жетишсиздигине байланыштуу тапшырма толук аткарылган 
жок.    2.  Жазылган  катты  артка  ..........................  болот  деп  ишенем.  3.  Бул 
келишим күчүн ............................. жоготкон. 4. Жаштарда ...................... калбай 
калды дегендерге ишенбейм.
 Грамматика
Учур чак
Кыймыл-аракеттин  сүйлөп  жаткан  учурда  болуп  жаткандыгын  көрсөтүүчү 
этиш сөздөр учур чак деп аталат.
Учур чак түзүлүшүнө карай экиге бөлүнөт.
1. Жөнөкөй учур чак: Апам үйдө отурат. Байкем короодо жүрөт. Калктын 
саны өсүүдө. Келишим бузулууда.
2. Татаал учур чак: Мыйзамдын долбоорун окуп жатабыз. Келишимдин шарт-
тары менен таанышып жатышат. Алар айылга бара жатышат. Жыйналыштан 
келе жатат.
1. Берилген сүйлөмдөрдөгү этиш сөздөрдү терс формада жазыңыз.
Үлгү:  Кызым    бала  бакчага  барып  жатат.  Кызым  бала  бакчага  барбай 
жатат.
Агам Токтогулда турат. Агам Токтогулда турбайт.
Келишимдин текстин жазып жатат.  _______________________
Ал көчөдө жүрөт.  
 
 
_______________________
Чогулуш аяктоодо. 
 
 
_______________________
Жылдар өтүүдө. 
 
 
_______________________
Касым чет өлкөдө жашайт.   
_______________________
Биз бүгүн эрте турабыз. 
 
_______________________
Таланты ачылууда.   
 
_______________________
2. Берилген сөздөр менен учур чакта сүйлөм түзүңүз.
1. Москва, оку-, классташ, менин.
2. Жетекчи, иште-, ата, анын, ишкананын, болуп ?
3. Бол-, жыйналыш, эки саат, бөлүмдүн, бери.
4. Ысык-Көл, силер, эс ал-?
3. Тексттеги кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн чагын аныктаңыз. Жөнөкөй учур чакты 
татаал учур чакка айлантып жазыңыз. 
Мунай запасыбыз канча?
Кыргызстанда  300  млн.  тоннадан  ашуун  болжолдонуп  бааланган  нефтинин 
запасы бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын территориясында 10дон ашуун 
нефти жана газ кендери иштетилип жатат. Бул аймактагы нефтинин геологиялык 

57
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
запасы 90 млн. тоннаны түзөт. Геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги 
тарабынан  Көгарт,  Шамалды-Сай,  Алай,  Баткен,  Базар-Коргон,  Лейлек,  Майлуу-
Суу  жергелериндеги  22  участкада  геологиялык-чалгындоо  иштерин  жүргүзүүгө 
лицензия  берилген.  Бирок,  Алай  өрөөнүндө  гана  эки  жерде  кытайлык  «Аньбах» 
жана британдык «Жибек Ресурсед Пи Эл Си» компаниялары чалгындоо иштерин 
жүргүзүүдө. Кечээ жакында эле азербайжандык «SOCAR» нефти компаниясы Кыр- 
гызстанга инвестор катары келди. Азырынча, Чүйдөгү нефти запастарын иштетет 
өңдөнөт. Анткени Кант шаарындагы «Чыгыш» нефти иштетүүчү заводу жылына 
200-300 миң тонна чийки нефтини иштеп чыгаруучу кубаттуулукка ээ.
(К. Исманов)
4. Энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүнө түшүндүрмө бериңиз.
 Угалы
Келишимдин текстин угуп, суроолорго жооп бериңиз.
1. Келишимди кимдер түзүштү? Тараптарды аныктаңыз.
2. Кайсы кызмат же маселе боюнча келишим түзүлдү?
3. 1-тараптын укук жана милдеттери кандай?
4. 2-тараптын укук жана милдеттери кандай?
 Сүйлөшөлү
1- кырдаал 
Турак жайды ижарага берүү тууралуу, үйдүн кожоюну менен ижарага алуучунун 
маеги.
Сиздин үч бөлмөлүү үйүңүз бар. Аны ижарага берип жатасыз. Сиз сураган 15 
миң сомду ижарага алуучулар көп деп, ортодо талаш пикир пайда болду... 
2- кырдаал 
Студенттерди  чет  өлкөгө  окууга  жиберүү  тууралуу  келишимдин  кандайча 
түзүлүшү керектиги тууралуу жетекчиңиз менен болгон маек.
Жатаканасы, тамагы, жол акысы бекер болуусун талап кыла алабызбы, мөөнөтү 
кандай болот ж.б. ...
 Жазалы
1.  Сиз  бир  компаниянын  менеджери  болуп  иштейсиз.  Бир  жолку  аткарылчу  ишке  жумуш 
аткаруучу тарап менен келишим түзүңүз.

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет