Программанын өзгөчөлүктөрү



бет1/3
Дата17.05.2023
өлшемі22,41 Kb.
#94031
түріПрограмма
  1   2   3

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи

Бекитемин


УИТМЛнин директору
М. У. Касымалиев______
«__» ______ 2022-ж.

Макулдашылды


УИ б-ча д.о.б.
М. Б. Асанова ________

Текшерилди:


ОТИ б-ча д.о.б.
А. А. Кожомбердиева_____
П Р О Г Р А М М А
В О Л Е Й Б О Л
8-11-класстар
Түзгөн: дене тарбия мугалими Акматов Ч. А.
Бишкек. 2022-ж.


Түшүндүрмѳ кат
Программанын өзгөчөлүктөрү
Секциялык иштер орто мектептин базасында өтүлгѳндүктѳн, волейбол оюнун окутуунун программасы жалпы билим берүү программасынын негизинде түзүлдү. Программа мектеп окуучуларынын волейбол оюнуна кызыгуусун арттырууга багытталган. Волейбол оюну балдарды физикалык жактан гана эмес, адеп-ахлактык жактан тарбиялоо үчүн да уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет: таанып-билүү процесстерин өнүктүрүү, эркти жана кулк-мүнөздү калыптандыруу, коллективизм сезимин өнүктүрүү.
Класстан тышкаркы секциялык сабактар дене тарбиянын негизги жана жетекчи формасы болуп саналат. Аларды ишке ашыруунун негизги талаптары: колдонмо багыт, кыймыл аракеттерин системалуу жана комплекстүү тарбиялоо, волейбол боюнча керектүү көндүмдөрдү калыптандыруу, күчѳтүү эффектине жетишүү (сырткы сабактарды өткөрүү), дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо адатын өстүрүү, окуучуларга жекече мамиле кылуу.
Тестирлөө ыкмаларын колдонуу менен мектеп окуучуларынын физикалык, атайын жана жалпы даярдыгынын деңгээлин системалуу контролдук текшерүүнү жүргүзүү пландаштырылууда. Тестирлөө формасы окуу жылынын башында жана жылдын аягында физикалык өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн өткөрүлөт.
Программанын максаттары
Программа дене тарбиясынын негизги милдеттерин жана жалпы билим берүү программасын ырааттуу түрдө чечет:
1) активдүү дени сак жашоо образын жайылтуу.
2) кондициялоо жана координациялоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.
3) окуучуларга волейбол оюнунун техникасы жана тактикасы боюнча билим берүү.
4) эффективдүүлүктү жогорулатуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен өз алдынча алектенүү адатына тарбиялоо;
6) адеп-ахлактык жана эрктүүлүк сапаттарга тарбиялоо.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет