Изилдөөнүн натыйжаларын тастыктоо жана жыйынтык корутундуларын практикада колдонуу, ишке киргизүү төмөнкүчө жүзөгө ашты:
– изилдөөнүн негизги концепциялары, натыйжалары Ош мамлекеттик университетинин жана А.Мырсабеков ат. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун педагогика, психология кафедраларынын отурумдарында, эл аралык, республикалык илимий-методикалык конференцияларда маалымдалып, талкууланып турду;
– жарык көргөн макалалар аркылуу педагогикалык коомчулукка маалымдалды;
– тема боюнча Ош мамлекеттик университетинин жана А.Мырсабеков ат. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттерине, мугалимдердин кесиптик квалификациясын өркүндөтүү курстарынын угуучуларына окулган лекцияларда чагылдырылды.
Жогорудагылар аркылуу илимий-методикалык жобо концепцияларыбыз, корутундуларыбыз туура жана теориялык жактан ынанымдуу, методологиялык жактан негиздүү экендиги тастыкталды
Достарыңызбен бөлісу: |