Изилдєєнїн негизги мазмуну


Диссертациянын көлөмү жана түзүлүшү



бет13/25
Дата06.01.2022
өлшемі0,95 Mb.
#13272
түріДиссертация
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   25
Диссертациянын көлөмү жана түзүлүшү: Диссертация киришүүдөн, үч главадан, жалпы жыйынтык жана корутундудан, 206 пайдаланылган адабияттардын тизмесинен жана тиркемелерден турат.
ИЗИЛДӨӨНҮН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ

Диссертациянын биринчи главасы “Болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүүгө даярдоонун теориялык негиздери” деп аталып, анда белгиленген милдетке ылайык кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүү боюнча мугалимдин кесиптик даярдыгынын мазмуну, структурасы жана критерийлери аныкталды, проблеманын практикадагы абалы иликтенди.

Кыргыз элинин ааламдашуу процессиндеги азыркы турмушу күн санап социалдык-экономикалык жана нравалык (адептик) жактан өзгөрүп, улам жаңыланып келүүдө. Ушундай шартта окумуштуулар арасында таалим-тарбия учурдагы тез өзгөрүп бараткан мындай коомдук-экономикалык жагдайга жараша гана эмес, түбөлүктүү баалуулуктарга жүз буруу менен улуттук өзгөчөлүктөрдү, элдик көөнөргүс дөөлөттөрдү туу тутуу зарыл деген көз караштар илимий негизде тастыктала баштады. Мындай мамиле элдин педагогикалык таалим-тарбия салттарына, идеяларына негизделип, мектепте окуу-тарбия иштерин жүргүзүүгө багыт берээри жана муну талап кылаары шексиз. Инсандык өнүгүүнүн олуттуу мезгили болгон V-VII класс (өспүрүм курак) үчүн өзгөчө маанилүү.

Изилдөөнүн логикасы боюнча диссертациянын өзөк идеясы болгон кыргыз элдик оозеки чыгармаларындагы рухий-адептик таалим-тарбиянын азыркы таалим-тарбиянын идеялык мазмундук параметрлерин байытуучу потенциалын аныктоого аракет жасадык.

Кыргыз элинин оозеки чыгармалары болуп эсептелген элдик жомокторду макал-лакаптарды, эпосторду (монументалдык үчилтик эпос: “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” ж.б.) жана элдик ырларды (санат-насыят, үлгү ж.б.) системалуу талдоолордун негизинде, алардын мазмунундагы ата мекен, эне тилди сүйүү, ата-энеге, улууларга урмат сый мамиле жасоо, өз мээнети менен жашоо, эмгекти сүйүү, өнөргө умтулуу сыяктуу жөнөкөй адептик нормаларды, идеяларды аныктоого аракеттендик. Натыйжада, кыргыз элдик оозеки чыгармалары жалаң эле улуттук маданияттын, музыканын, поэзиянын мурасы эмес, азыркы мезгилдин мугалимдери үчүн рухий-педагогикалык билимдердин булагы жана даанышман ойлордун казынасы деген тыянакка келдик.

Бүгүнкү күндөгү коомду демократиялаштыруу жана гумандаштыруунун шартында бул элдик педагогикалык мурастарды адептүүлүккө тарбиялоодо колдонуу мугалимден жогорку деңгээлдеги даярдыкты, кыргыз этнопедагогикасы боюнча атайын билимдерге, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болууну талап кылат.

Мугалимдин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдыгын аныктоо максатындагы изилдөө процессин жүргүзүп жатып, натыйжа обьективдүү жана ишенимдүү болсун үчүн педагогика илиминдеги белгилүү методдордун мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонууга аракеттендик. Ал методдор төмөнкүлөр: мугалимдин профессиограммасын анализдөө; жогорку педагогикалык билим берүү боюнча стандарттарды талдоо; мугалимди этнопедагогикалык жактан даярдоо боюнча айрым изилдөөлөрдүн натыйжаларын системалаштыруу; мугалимдердин эмпирикалык көз караштарын, түшүнүктөрүн үйрөнүү; компетенттүү адистердин, эксперттердин пикирин топтоо.

Педагогика илиминин теориясы жаатындагы психологиялык, педагогикалык илимий адабияттарды иликтөөнүн (С.И.Архангельский, М.Я.Веленский, И.Ф.Исаев, В.Н.Кузьмина, М.М.Левина, А.И.Мишенко, В.А.Сластенин, Е.Н.Шиянов ж.б.) натыйжасында төмөнкүлөрдү көрсөттү: бул изилдөөчүлөр мугалимдин моделин “ишмердикке даярдык” түшүнүгү аркылуу аныкташат; “даяр болуу”, “даярдык” категорияларын өз-өзүнчө ажырымда карашат, “даярдыкты” процесс катары, ал эми “даяр болууну” бул процесстин натыйжасы деп түшүндүрөт. Ал эми адистик-педагогикалык даярдык функционалдык абал (М.И.Дьяченко, Л.А.Кандыбович, Д.Н.Узнадзе, В.А.Сластенин ж.б.) жана инсандык ишмердүүлүктүн обьектиси (К.К.Платонов, В.С.Мерлин, В.А.Ядов, А.И.Мищенко ж.б.) катарында каралат.

Биринчи модель “агартуучулук” ишмердикке багытталып, билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн керектүү суммасына ээ кылуу менен кесипкөйлөрдү (профессионалдарды) даярдоону көздөйт. Мында адисти даярдоо алдын-ала берилген стандарттын, жоболордун негизинде жүргүзүлгөндүктөн, адамдын өнүгүшүнө көбүрөөк маани берилбейт да алар өндүрүш системасынын иштешине гана баш ийдирилет.

Ал эми экинчиси либералдык модель деп аталып, инсандык өнүгүү негизги мааниге ээ экендиги белгиленет. Учурдагы жогорку билим берүү системасынын мындай парадигмасы адисти “даярдоонун” ырааттуу, бири-бирин толуктап жүрүп олтурган технологияга негизделип, адам ресурсу биринчи планда турат, а билим берүү, билим алуу саясаты коом мүчөсүнүн эркин тандоосу болуп анын турмуштук траекториясынын кайталангыс экенине айланышы керек. Буга байланыштуу адисти калыптандыруу, тарбиялоо ишинде инсандык ишмердүүлүк мамиле абдан түшүмдүү жолго айланат. Бул жалпыланган жобо мугалимдин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүү ишмердүүлүгү үчүн колдонууга жарактуу (айрым түзөтүүлөр менен).

Азыркы мезгилдеги билим берүүнү модернизациялоо маселелерине байланыштуу кесиптик даярдоонун түпкү натыйжасына багытталган «компетенция», «компетенттүүлүк» сыяктуу түшүнүктөр да өз ордун таап түптөлө баштады. . Компетенттүүлүккө негизделген кесиптик педагогикалык билим берүү теориясы А.К. Маркова, И.А.Зимняя, В.В.Грачев, Э.Ф. Зеер,  Л.М. Митина, Т.И. Шамова сыяктуу изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде өнүктүрүлгөн.

Билим берүүгө компетенттүүлүк мамиле өз ичине «билимдер – билгичтиктер – көндүмдөр» (ББК) менен катар таанып билүүгө жөндөмдүүлүк, даяр болгондук, социалдык көндүмдөр сыяктуу категорияларды да камтыйт. Демек, кесиптик даярдоо процессине компетенттүүлүк мамилени кийирүүдө билим берүү процессинин интеграцияланган натыйжаларын баяндап берүүдө көнүмүш болуп калган - «билимдер – билгичтиктер – көндүмдөр» (ББК) триадасынын жетишсиз экендиги келип чыгат жана бул учурда инсандык ишкердик мамиле жүзөгө ашырылат.

V-VII класстын окуучуларынын курактык психофизиологиялык өзгөчөлүктөрү, аларды окутуунун жана тарбиялоонун мазмунунун жана методунун бөтөнчөлүгүн гана аныктабастан, кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди кесиптик-педагогикалык даярдоонун өзгөчөлүктөрүн да аныктайт. Бул өз кезегинде, даярдыктын негизги көрсөткүчтөрүн так аныктоону талап кылат.

Топтолгон материалдарды мазмундук жана статистикалык талдоодон өткөрүү изилдөө ишибиздин милдетине ылайык кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдин кесиптик-педагогикалык даярдыгынын мазмунун жана структурасын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди

Биздин изилдөөбүздө кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдин кесиптик-педагогикалык даярдыгынын критерийи катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот.


  1. Балдарды ата-бабаларынын адеп нарктарынын мураскору кылып тарбиялоого карата чын ыкластуу, туруктуу мамиле.

  2. V-VII класстын окуучуларын кыргыз элдик оозеки чыгармалары аркылуу адептүүлүккө тарбиялоого байланыштуу психологиялык, педагогикалык, этнопедагогикалык билимдердин комплекси.

  3. V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларын эффективдүү пайдалануу багытындагы кесиптик билгичтиктердин комплекси.

  4. Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик жактан өзүн-өзү өнүктүрүүсүн стимулдаштыруу, актуалдаштыруу, долбоорлоо, көзөмөлдөө, жетектөө, түзөтүү, диагностикалоо, баалоо жөндөмү.

Болочок мугалимдерди кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө даярдоо жогорку квалификациялуу адис педагогдорду даярдоо системасынын ажырагыс звеносу, компоненти. Анын натыйжалуулугу болочок адистин инсанын өркүндөтүүгө багытталган иш чаралардын этномаданий мазмунунун көп кырдуулугу, системалуулугунан көз каранды. Мугалимдердин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүү боюнча кесиптик даярдыгы бир тараптан инсандын адептик нарк-дөөлөттөрүн калыптандырууга багытталса, экинчи жактан чыныгы мугалимдин турмуш образынын мүнөздөмөсү болуп саналат.

Ошентип, аталган феноменди мугалимдин инсанынын мотивациялык-баалуулук, мазмундук жана уюштуруучулук-процессуалдык компоненттеринин өз ара байланышы аркылуу мүнөздөп көрсөттүк.



Болочок мугалимдердин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө даярдыгынын критерийлерин иштеп чыккандан соң, биз алдыбызга инсандык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн кеңири баяндап жазуу милдетин койдук. Көпчүлүк авторлор критерий өз ичине критерийдин мазмунун топтоштурган көрсөткүчтөрдү камтыйт деп эсептешет. Ошентип, ар бир критерий – бул ишмердүүлүктүн тигил же бул түрүнүн конкреттүү мүнөздөмөсүн, тигил же бул белгисин жана аны ишке ашыруу процессиндеги жетишкендиктердин сандык-сапаттык параметрлерин чагылдырган жекече көрсөткүчтөрдүн удаалаштыгы.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет