Изилдєєнїн негизги мазмуну


Изилдөө үч этап менен ишке ашты



бет5/25
Дата06.01.2022
өлшемі0,95 Mb.
#13272
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Изилдөө үч этап менен ишке ашты:

Биринчи этапта (2000-2005-ж.ж.) – изилдөөнүн проблемасына байланыштуу ата-мекендик жана чет элдик илимий-педагогикалык адабияттарды, педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү жана талдооонун негизинде диссертациялык жумуштун баштапкы параметрлери, предмети, гипотезасы, методология жана методдору, илимий аппараты аныкталды. Жождордо мугалимдерди элдик оозеки чыгармалар аркылуу этнопедагогикалык жактан даярдоонун тарыхы, өнүгүш тенденциялары жана аталган маселе жаатындагы мугалимдердин кесиптик-педагогикалык даярдыктарына анализ жүргүзүлдү.

Экинчи этапта (2005-2010-ж.ж.) – кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди кесиптик даярдоонун азыркы абалы аныкталды жана аны оптималдаштыруунун мазмундук-структуралык модели иштелип чыгып эксперттик анализден өткөрүлүп, калыптандыруучу эксперимент жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдоо боюнча сунуш кылынган модель жана дидактикалык каражаттардын илимий негиздүүлүгү, ишенимдүүлүгү сыноодон өткөрүлдү, түзөтүлдү. Алардын негизинде изилдөөнүн корутундуларын жазып, жалпы жыйынтыгын чыгардык.

Үчүнчү этапта (2010-2012-ж.ж.) – изилдөөнүн натыйжалары диссертациялык текст катары жазылып, натыйжалар апробациядан өткөрүлдү. Бул жылдары автордун жетекчилиги менен изилдөөнүн теориялык жана методикалык аспектилерине байланышкан студенттик курстук иштер аткарылган. Изилдөөнүн натыйжалары жана корутундулары боюнча бир катар илимий конференцияларда, теориялык семинарларда билдирүүлөр жасалып талкууга алынган.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет