Изилдєєнїн негизги мазмуну


Мотивациялык-баалуулук компонент



бет14/25
Дата06.01.2022
өлшемі0,95 Mb.
#13272
түріДиссертация
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   25
Мотивациялык-баалуулук компонент: жаш муундарда адептүүлүктүн асыл сапаттарын калыптандыруунун социалдык маанилүүлүгүн жана инсанды калыптандыруудагы кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын рухий-адептик жаратуучулук ролун терең түшүнүү; кыргыз элдик оозеки чыгармаларына, анын адептик баалуулуктарына жана анын таланттарына урматтоо менен мамиле жасоо; элдин прогрессивдүү тарбиялоо салттары, элдик оозеки чыгармалар менен иштөөдөн жана алар аркылуу окуучуларга адептик тарбия берүүдөн канааттануу.

Мазмундук компонент: өз элинин жана башка этностордун этномаданий, этнопедагогикалык баалуулуктарын туура түшүнүүгө, баалоого жана педагогикалык ишмердүүлүктө колдонууга мүмкүндүк берүүчү азыркы мезгилдеги илимий методологиялык билимдерге ээ болуу; окуучуларга адептик тарбия берүүнү өркүндөтүү максатында кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын түрдүү каражаттарын тандап алуунун критерийлерин билүү, моралдык-этикалык баа бере алуу жана алардын педагогикалык баалуулуктарын аныктай алуу; кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүнүн максатын, милдеттерин терең түшүнүү жана аны ишке ашыруудагы окуу материалынын жана класстан тышкаркы жумуштардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жалпы түшүнүктөргө ээ болуу;



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет