Изилдөөнүн теориялык негизин төмөнкүлөр түздү:тарбиялоодогу элдүүлүк принциби, элдик тарбия тууралуу педагогика илим классиктеринин негизги идеялары (Я.А.Коменский, К.Д.Ушинский ж.б.); азыркы таалим-тарбия процессин этнопедагогика айдыңынан аңдоо концепциялары (А.Алимбеков, Г.Н.Волков, А.Э.Измайлов, М.И.Стельмахович, Я.И.Ханбиков, А.Ф.Хинтибидзе, Е.Л.Христова ж.б.) мугалимдерди даярдоо концепциялары (Е.В.Бондаревская, Н.М.Борытко, В.А.Сластенин ж.б.); кыргыз элдик оозеки чыгармаларындагы тарбиялоо тажрыйбаларын мектептердин, ЖОЖдордун окуу тарбия процессинде колдонуу боюнча изилдөөлөрдүн натыйжалары (А.Алимбеков, Б.А.Апышев, Н.А.Асипова, С.О.Байгазиев, Ж.Бешимов, С.Иптаров, А.Т.Калдыбаева, Б.Б.Муратбаев, А.Ж.Муратов, Т.Ормонов ж.б.).