Изилдөөнүн методдору: философиялык, психолого-педагогикалык, фольклор таануучулук окуу-методикалык адабияттарга теориялык анализ; Кыргыз Республикасындагы мектептердин, ЖОЖдордун алдыңкы педагогикалык иш-тажрыйбасын окуп үйрөнүү жана жалпылоо; байкоо, анкетирлөө, сурамжылоо, аңгеме, чыгармачыл тапшырмалар; педагогикалык эксперимент (аныктоочу жана калыптандыруучу); статистикалык методдор.
Изилдөө ишинин базасы. Негизги тажрыйбалык жумуштар Ош мамлекеттик университетинин “Кыргыз филологиясы жана журналистика” факультетинде жана А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун “Кыргыз-Россия факультетинде жүргүзүлдү. Изилдөө ишине 240 студент жана 25 методист-окутуучулар тартылды.