Кыргыз республикасынын



Pdf көрінісі
бет3/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Байланысты:
botobekova at kyrgyzdardyn suiloshuusundogu verbaldyk emes b

Диссертациянын темасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер 
академиясынын Тил илими институтунун «Кыргыз тилинин калыптанышы, өнүгүшү 
жана кызматы», «Кыргыз адабий тилинин өнүгүшү» аттуу көп жылдык илимий-
изилдөө программаларынын бир бөлүгү катары аткарылды. 
Изилдөөнүн максаты жана милдеттери. Улут болуп калыптанышы 
кылымдарды камтыган кыргыз эли өзүнүн тарыхый жолунда жалпы бир тилдин, 
маданияттын, үрп-адаттын, каада-салттын, диний ишенимдин, бир рухтун ээси 
болгон, өз жашоосунун философиясын жараткан, анын принциптеринде коомдук 
турмушту калыптандырган. Азыркы кыргыз таануунун башкы максаттарынын бири 
- калыптанышы жүздөгөн кылымдарды камтыган кыргыздардын байыркы дүйнө 
таанымынын ар түрдүү кубулуш, көрүнүштөрүн изилдеп, алардын түзүлүшүнүн 
ички жана тышкы системаларын аныктоо, кубулуш, көрүнүштөрдүн каражаттарын 
сыпаттоо аркылуу кыргыздардын жалпы маданиятынын өнүгүш тарыхын калыбына 
келтирүү. Демек, кыргыздардын сүйлөшүүсүндөгү вербалдык эмес каражаттардын 


4
табият-маңызын терең жана ар тараптан ачып берүү, алардын пикир алышуудагы, 
дегеле, кыргыз таануудагы ордун аныктоо иштин башкы максаты болуп саналат. 
Бул жагдайдан алганда, кыргыздардын сүйлөшүүсүндөгү ымдоо-жаңсоо 
белгилеринин системасын кыргыз тил илиминин изилдөө обьектисине айландыруу - 
жогоруда белгиленген максаттардын бир бутагы болору шексиз. Ал эми бул 
максатты жүзөгө ашыруу үчүн: 
1) кыргыздардын сүйлөшүүсүндө колдонулган ымдоо-жаңсоо белгилерин 
системага келтирүү; 
2) ымдоо-жаңсоо белгилеринин сүйлөшүүдөгү табиятын, өзгөчөлүктөрүн, 
негизги белгилерин аныктоо;
3) ымдоо-жаңсоо белгилеринин, үндүн ар түрдүү угум, басым, тыным, унчукпоо 
кубулуштарынын сүйлөшүүдөгү кызматын белгилөө;
4) ымдоо-жаңсоо белгилеринин улуттук өзгөчөлүктөрүн аныктап, алардын 
башка элдерден бөтөнчөлөнгөн айырмачылыктарын тактоо; 
5) ымдоо-жаңсоо белгилерин классификациялоо; 
6) синоним, омоним, антоним ымдоо-жаңсоолорду аныктоо; 
7) өзара сүйлөшүүдөгү ымдоо-жаңсоо белгилеринин маанисин ачуу жана аларды 
чечмелөө жагдайында кетирилген каталыктарды эске алуу; 
8) ымдоо-жаңсоо белгилеринин түзүлүшүн аныктоо сыяктуу ж.б. милдеттерди 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет