Кыргыз республикасынын



Pdf көрінісі
бет14/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   25
«желкесин кашуу» ымдоо-жаңсоосу, адатта, ойлонгон учурда, аргасыз абалда, бир 
нерсени унуткан мезгилде ж.б. кырдаал-шартта колдонулат. Айрым адамдар 
«желкесин кашуу» белгисин физиологиялык, же коммуникативдик кыймыл катары 
санап, пикирлешинин кандай маанини туюндурганын билбей калышы ыктымал.
Биринчи бөлүмдүн төртүнчү параграфы «Ымдоо-жаңсоо белгилерин классификациялоо 
маселелерине» 
арналат. 
Ымдоо-жаңсоо 
белгилерин 
системалаштыруу, 
аларды 
классификациялоо, топторго бөлүштүрүү маселеси тил илиминде окумуштуулар тарабынан 
ажырым пикирлерди жаратып, так чечилбей келет. Бул параграфта орус, айрым тектеш түрк 
жана батыш окумуштуулары тарабынан ымдоо-жаңсоо белгилерин классификациялоо 
маселелерин ар тараптан чечмелөө үчүн аракеттер жасалгандыгы жана бул боюнча ар түрдүү 
көзкараштар бар экендиги жөнүндө маалымат берилди.
Ымдоо-жаңсоо белгилеринин түрлөрүн ажыратып, алардын айырма, өзгөчөлүктөрүн сөз 
кылуудан мурда андагы жалпы белгилерди аныктап алуу зарылдыгы бар. Ымдоо-жаңсоо 
белгилери жогоруда эскертилгендей улуттук, жеке-индивидуалдык өзгөчөлүктөргө ээ. Ошол 
себептен, бул белгилерди жогорудагы индивидуалдык, жеке өзгөчөлүктөрүн, сүйлөшүүдөгү 
кызматын, колдонулушун эске алуу менен ымдоо-жаңсоо белгилери: (1) маалымат туюндуруу 
өзгөчөлүгүнө; (2) сүйлөшүүдө колдонулган чөйрөсүнө; (3) соматикалык белгисине; (5) 
тарыхый-семантикалык; (6) пикир алышуучулардын жыныс жана (7) жаш-курак 
өзгөчөлүктөрүнө карай бөлүштүрүлдү.
1. Сүйлөшүүдө маалымат туюндуруу өзгөчөлүгүнө карата ымдоо-жаңсоолорду 
төмөндөгүдөй топторго бөлүп кароого болот: 
а) Элестүү ымдоо-жаңсоолор кандайдыр бир буюмдун, окуянын, көрүнүштүн, же 
кыймыл-аракеттин өзгөчөлүгүн баяндоодо жана аны сүрөттөөдө колдонулат:
- адамдын жүрүм-турумун, түзүлүшүн, келбетин, көрүнүшүн жана көлөмүн ымдоо-жаңсоо 
белгилеринин негизинде көрсөтөт. Анын семиз же арык, узун же кыска, акылдуу же акылсыз, 


12
келбеттүү же ырайы суук, күчтүү же күчсүз экендигин билдирүүдө колдонулат. Анын боюу да 
шыргыйдай узун деп, колун з боюнан бийик к т р п жа сады (оозеки сүйлөшүүдөн);
- ымдоо-жаңсоо белгилери кандайдыр бир кыймыл-аракеттин элесин (угуу, кетүү, 
шашылуу, чылым чегүү, телефон чалуу, бир нерсени кесүү, учактын учушу ж.б.) бере алат. 
Мисалы, сөөмөй менен баш бармакты кулагына жакындатуу (калган манжалар жабык абалда) - 
«телефон чал», «байланыш» деген маанини, сөөмөй менен ортоңку манжанын жардамы менен 
басып бара жаткан буттун кыймыл-аракетин жана манжалар бириккен абалда өйдө көтөрүү - 
учуп бара жаткан самолеттун элесин берүүдө колдонулат; 
- ымдоо-жаңсоо белгилери кандайдыр бир буюмду, көрүнүштү сүрөттөөдө колдонулат. 
Бычак, кайчы, чылым, чыны-чайнек ж.б. буюмдардын элесин бере алат. Мисалы, сөөмөй менен 
ортоңку манжаны бириктирип, эринге жакындатуу менен чылым түшүнүгүн берүүгө болот. 
Каниет агасынан үйдө бул нерсе барбы деп, сөөмөй менен ортоңку манжасын бириктирип, 
эрдине жакындатып койду (оозеки сүйлөшүүдөн). 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет