Ош мамлекеттик университетинин жарчысы


келечектеги  тарыхый  романына  материал  жыйнап  жүргөндө,  көбүнчө    Гайбалы



Pdf көрінісі
бет24/39
Дата03.03.2017
өлшемі2,34 Mb.
#5512
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   39

келечектеги  тарыхый  романына  материал  жыйнап  жүргөндө,  көбүнчө    Гайбалы 
Мамаюнусовдон  (Г.  Мамаюнусов  У.  Салиева  өлгөндөн  кийин,  анын  аты  берилген  кохоздо  30 
жылдан  ашык  раис  болуп  иштеген  –  C.C.)  маалымат  алган.  Ошол  киши  Уркуя  Салиеванын 
туулган жылын 1910 - ж. деп айтып койгон.   Демек, тарыхый чындык үчүн, келечек муунга 
уят болбош үчүн У. Салиеванын өмүр жылдарын 1907 – 1934-жж. деп жазуу туура болот. 
Экинчиси, У. Салиеванын өлүмүнө байланыштуу кырдаал. Советтик тарыхнаамада, азыркыга 
чейин деле У. Салиеваны тап душмандары, бай манаптар, кулактар өлтүргөн деген пикир өкүм 
сүрүп  келет.  Биз  архивдик  материалдарды  карап,  бул  чындыктын  жарымы  гана    экендигин 
тактадык.  
У. Салиеваны жана анын күйөөсүн өлтүргөндөр төмөнкүлөр болушкан: 
1.  Абылкасымов Мадали – кулак.  
2.  Абдыразаков  Козу(Казы  деп  да  берилет  –  С.С.)  –  “Кызыл  Аскер”  колхозунун  жалпы 
жыйналышында  уруктук  үрөөн  бербегендиги  үчүн  колхоздон  кулак  катары  чыгарылган 
(Прот. №5,  06. 04. 1933ж.) 
3.  Арунов Эшмат – 1932ж. “Кызыл  Аскер” колхозунун төрагалыгынан алынган. 
Бул үчөө өлүм жазасына өкүм кылынган
4.  Арунов Баймат Эшматтын бир тууганы. 
5.  Анаркулов  Шарип  –  эгин  айдоону  кечиктиргени  үчүн  кедей  болсо  да  колхоздон 
чыгарылган. (Прот. №5,  06. 04. 1933ж.). 
6.  Анаркулов Токтосун Шариптин бир тууганы 
7.  Ташев  Бегалы  –  1931ж.  15  январынан  тартып  Меркит  -  Мүркүт  (1  Май)  сельсоветинин 
катчысы  болуп  бекитилген.  Ушул  эле  мезгилден  У.  Салиева  аталган  сельсоветтин 
төрайымы болуп шайланган.   
8.  Абдуллаев Төрөбай – кулак???  
     Бул бешөө ар кандай жылга кесилген. Мына сегизинин бешөө У. Салиева менен бирге иштеген, 
кедей  дыйкандардан  эле  чыккан  адамдар  болуп  атат.  Анан  кайдагы  тап  душмандары.    Мындан 
кандай  жыйынтык  чыгарууга  болот  ?  Бул  баягы  эле  кыргыздын  көрө  албастыгынын, 
мансапкордугунун  натыйжасы  .  Өкүнүчтүүсү,  бул  көрүнүш  азыркы  күндө  деле  уланууда, 
албетте  бир  аз  маданияттуу  формада.  Азыр  да  кимдир  бирөө  кызматтан  алынса,  адилет  алынса 
дагы,  эртеси  оппозиционер  болуп  чыга  келет.  Бул  туруктуу  позициянын,  туруктуу 
принциптердин, туруктуу идеянын  ЖОКтугу. 
 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 123 - 
 
№ 2 сүрөт Уркуя Салиева 
өлгөндөн кийин, 
некрологунда берилген сүрөт. 
(Врачтар тарабынан мойну 
тигилип, көзү ачылып туруп 
тартылган) 
 
   Эң  өкүнүчтүүсү  У.  Салиеванын  өлүмүнө  өбөлгө  жараткан  дагы 
эки  адам  болгон.  Алардын  бири  –  Бактыбаев  Мухаммед,  Обком 
партиянын  уполномоченныйы  ,  СНКнын  иш  башкаруучусу,  
(ГПУнун  маалыматы  -  б/п,  28лет,  из  крестьян  бедняков, 
неимущий, 
имеет 
нач. 
образование, 
педагог), 
экинчиси 
райкомпартиянын  уполномоченныйы,  райбюронун  мүчөсү 
Усөнов  Жоро  (ГПУнун  маалыматы  -  40лет,  б/п(исключен), 
малограмотный,    чл.  колх.,  из  дехкан  бедняков.).  Алар,  1933  -  ж. 
сентябрь 
айында 
келип, 
жыйналыш 
өткөрүп, 
жалган 
материалдардын 
негизинде 
 
У. 
Салиеваны 
сельсоветтин 
төрайымдыгынан 
алышып,  партиядан 
чыгарышып, 
кулакка 
тартышып,  үй  мүлктөрүн  конфискациялашкан  (2  уй,  2  торпок,  1 
кой,  урукка  жыйнаган  жүгөрүсүн  –  С.С.).  Мына  ушуга  канат 
байлаган У. Салиеванын жогорудагы каршылаштары, аны биротоло 
тындым  кылалы  деп,  1934  -  ж.  3    -  февралынын  түнүндө 
мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.  
                                  
      Ага  чейин  Уркуя  Салиева  Ноокат  РКИсине  (партиянын 
райондук 
көзөмөлдөө 
инспекциясы 
– 
С.С.) 
кайрылганына 
карабастан,  анын  иши  текшерилген  эмес.  Кандай  кайдыгерлик  – 
ушул көрүнүш да анын өлүмүнө себепкер болгон.  1934 - ж. 23 - февралында гана (өлгөндөн 20 
күн  өткөндөн  кийин  – С.С.)  “...У. Салиева  туура  эмес  партиядан  чыгарылган,  кайрадан  партияда 
тикеленсин”  деген  чечим  чыккан.  Ушул  эле  токтомдо  У.  Салиеваны  өлтүргөндөрдү  издөө  иши 
жакшы  жүрбөй  жаткандыгы  белгиленип,  РУМдун  (райондук  милиция  башкармалыгы  –  С.С.) 
начальниги Белых тергөө ишинен четтетилген жана партиялык жоопко тартылган. 
Ал эми Бактыбаев М. менен Усенов Жоро кийин, 109ст. менен сот жообуна тартылышкан. 
 Жогоруда  келтирилген  фактылардын  негизинде  төмөнкүдөй  жыйынтык  чыгарууга  болот.  У. 
Салиеванын өлүмүнө өбөлгө жараткан 4 фактор болгон. Алар: 
1.  Тап  күрөшүнүн  курчушу,  анын  ырайымсыз  формага  өтүшү,  бул  тап  душмандарынын 
агониясы эле. 
2.  У.  Салиева  менен  чогуу  иштеген,  кедей  дыйкандардан  эле  чыккан  адамдардын 
чыккынчылыгы  (Ташев  Бегалы,  Арунов  Эшмат,  Арунов  Баймат,  Анаркулов  Шарип, 
Анаркулов Токтосун ж.б.). Алардын баш кесерлердин тарабына өтүп, алардын жетегинде 
болушу.  Алар  эмне  үчүн  андай  ишке  барышты?:  1-  себеп,  алардын  көрө  албастыгы, 
мансапкордугу,  2  -  си      У.  Салиеванын  аларга  адилет,  бирок  катаал  мамиле  кылышы. 
Планды  аткаруу  керек  болгон.  3  -  сү  аларда  таптык  аң  –  сезимге  караганда  уруулук  аң  – 
сезим күчтүү болгон. 
3.  Бийликтин  жогорку  кызматтагы  айрым  өкүлдөрүнүн  тап  душмандары  менен  табакташ 
болушу  (  М.  Бактыбаев,  Ж.  Усенов).  Азыркы  тил  менен  айтканда,  расмий  бийликтин 
айрым бир өкүлдөрүнүн криминал чөйрө менен табакташ болушу. 
4.  Коомчулуктун,  ошол  эле  колхозчулардын,  айрыкча  бийлик  өкүлдөрүнүн  У.  Салиеванын 
тагдырына, ага жасалган адилетсиз мамилеге КАЙДЫГЕР болушу.  
   Уркуя  Салиеванын  балдарынын    келечеги  да  кейиштүү  болгон.  Чоң  кызы  Аниса,  бул 
мыкаачылыкты  өз  көзү  менен  көрүп,  сакоо  болуп  калган.  Кийин  аны  Өзбекстандагы  туугандары 
алып  кетип,  ошол  жакта  каза  болгон.  Колундагы  бөбөгүнө  болгону  21  күн  болгон,  демек  40ы  да 
чыга  элек  болгон.  Ал  да  көп  өтпөй  эле  чарчап  калган.  Ал  эми  ортоңку  баласы  –  Кеңеши, 
интернатта (Россияда) тарбияланып, кийин орус кызга үйлөнгөн. Келип, Уркуя Салиева атындагы 
колхоздо  жашап,  иштеген  (трактор  айдаган).  3  балалуу  болгон  (Юра,  Сергей,  Галина).  Кийин 
трактор басып өлгөн. Азыр Төөлөс айылында Сергейи гана калган. Галина атасы өлгөндөн кийин, 
апасын алып кетип, Уфада турат.   
   Ар  бир  доордун  кайсы  бир  мезгилинде,  элдин  башына  оор  күн  түшүп,  кыйынчылык  заман 
келгенде,  туура  жолду  тандап,  эл  биримдигин  сактап,  элди  ошондой  оор  абалдан  алып  чыгып 
кетүү  милдети  күн  тартибине  коюлат.  Мына  ошондой  мезгилдерде,    элдин  оор  жүгүн  аркалаган  
кыргыздын  акылман,  көсөм,  кеменгер  аялдары  боло  келген.  Алар,  шум  замандын  катаал 
тоскоолдуктарынан  коркпой,  аялмын  деп  мүңкүрөбөй,    сырттандардай  болуп,  бул  милдетти 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 124 - 
 
моюндарына  алышкан.  Ага  тарых  күбө.  Кечээги  эле  тарыхыбыздагы  Курманжан  датка,  Уркуя 
Салиева ж.б. анын далили. “Кайсы бир элдин маданиятынын деңгээли, алардын аялзатына жасаган 
мамилесинен  байкалат”,-деген  улуу  сөз  бар.  Биздин  милдет  аялзатын  сыйлап,  алардын  элине 
кылган эмгегин адилет баалап,  маданияттуу болуу. 
 
                      Булактар жана адабияттар: 
 
1.   Ош обл. мамархиви   ф. 1, оп.1, иш кагазы. 397, 8 б. 
2.   Ош обл. саясий архиви   ф.1, оп. 2. иш кагазы 721, 56 б. 
3.   Н. Байтемиров “Тарых эстелиги”. – Ф., 1968; 
4.  “Аялзатка таазим”. – Б., 1996. 
5.  “Сулайман – Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музейинин жана Ноокат районунун Төөлөс  
айылындагы  У.  Салиеванын  музейинин  фондундагы  архивдик  документтердин  көчүрмөлөрү 
колдонулду.                  
 
 
УДК:958:300.372                                                                                                      
Смадияров С.П (ОшМУ) 
                                                                                                  
Курманжан датканын өмүр таржымалын изилдөөдөгү айрым талаш маселелер жөнүндө 
 
    
В  данной  статье  автор  анализирует  уровень  изученности  жизни  и  деятельности  Курманжан 
датки, о некоторых фактах искажения исторических реалий и предлагает научные методы не допущения 
таковых.   
    
In given article author analyses the level learn lifes and activity Kurmanzhan datki, about some fact of the 
distortion history rial and offers the scientific methods not admissions such.   
 
       
 Казак  элинин  атактуу  жазуучусу  Олжас  Сулейменовдун  :  “Тарыхта  улуу  инсандарды 
жаратпаган  эл,  тарыхтагы  өз  миссиясын  аткарбаган  эл”,-деп  айтканы  бар.  Борбордук  Азияда 
жашаган  түрк  тилдүү  элдердин  ичинен  эң  байыркыларынан  болгон  кыргыз  эли  өзүнүн 
кылымдарды  карыткан  карт  тарыхында  мындай  инсандардын  бир  тобун  жараткан.  Алардын  көч 
башында  Курманжан  датка  турат  десек  болот.  Таптык  идеология  үстөмдүк  кылган  советтик 
тарыхнаамада  бул  адамдардын  ишмердүүлүгүнө  адилетсиз  табу  коюлуп,  ысымдары  тарых 
көмүскөсүндө калып келди. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын ортосунан башталган кайра куруу 
жараяны  тарых  илимине  да  эркиндик  берип,  алардын  ишмердүүлүктөрү  илимий  изилдөөгө 
алынып,  мамлекет,  коом  тарабынан  жүргүзүлгөн  бир  топ  иш  чаралардын  натыйжасында  бул 
инсандар  тарых  барактарынан  татыктуу  орундарын  ээлешти.  Андан  бери  чейрек  кылым  убакыт 
өтүптүр.  Баарыбыз  билебиз  мындан  20  жыл  илгери  1991  -  жылы  Курманжан  датканын  180 
жылдыгы  чоң  демилге,  салтанат  менен  белгиленген.  Ошого  байланыштуу  башка  багыттагы 
көптөгөн  иштерди  айтпаганда,  илимий  багытта  Курманжан  датканын  ишмердүүлүгүнө  арналган 
бир  топ  изилдөө  иштери  жүргүзүлүп,  диссертациялар  корголуп,  илимий  макалалар, 
монографиялар  жарык  көрдү.  Ошолордун  ичинен,  1991-ж.  чыккан  К.  Молдокасымовдун 
“Курманжындын  көз  жашы”  деген  китепчесин,      2002-ж.  чыккан  илимпоз  Т.  Өмүрзакованын 
“Курманжан  датка:  доор,  инсан,  ишмердүүлүк”  деген  монографиясын,  ошол  эле  жылы 
коллективдик  автордукта  жарык  көргөн  жана  бир  нече  тилге  которулган  “Горная  царица 
Курманджан и ее время” деген китепти айта кетсек болот.[1-4]      
    Азыркы  күндө  айрым  тарыхчылар  Курманжан  датканын  өмүр  таржымалы,  ишмердүүлүгү 
изилденип бүттү деген пикирди айтышууда. Бул пикирге кошулууга болбойт.  1907ж. Курманжан 
датка дүйнөдөн өткөндөн кийин, Ош, Алай чөлкөмүнө келип, Авров аркылуу датканын балдарына 
(Мамытбек  –  С.С.)  жолуккан  орус  саякатчысы  И.  Ювачев  “Курманжан  датка  кара  -  киргизская 
царица  Алая”  деген  көлөмдүү  макаласын  жазып,  ушул  эле  жылы  Исторический  вестник 
журналынын №12 санына чыгарган. Ал, “... Алай кыргыздары жана Курманжан датка жөнүндө 
жазылган  адабияттарды  карап  олтуруп,  жазуучулардын  маалыматтарынын  ар  түрдүүлүгүнө 
таң каласың.  “Алайдын ханышасы” жөнүндө айтылгандардын  баарын кайталап отуруунун да 
эч кереги жок. Алымбек менен Курманжандын тарыхы атайлап изилдеп, фактыларды текшерип 
чыгууну  талап  кыла  турган  иш”    деп  жазат.[5].  Биз,  20  жыл  аралыгында  жарык  көргөн 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 125 - 
 
адабияттарды  карап  олтуруп,  бул  айтылган  сөздөрдүн  азыркы  күндө  да  актуалдуу  экенине 
ынандык.  Анткени,  Курманжан  датканын  тарыхый  бейнесине  арналган  азыркы  күндөгү  тарыхый 
адабияттар да бир эле окуя боюнча ар түрдүү маалыматтарды берет. 
       Бул  маселеге  кененирээк  токтолуудан  мурда,  Курманжан  датканын  өмүр  таржымалына, 
ишмердүүлүгүнө  арналган  азыркы  күндө  жарык  көрүп  жаткан  эмгектердеги  бир  тенденцияга, 
тарыхый реалдуулукту бурмалоо тенденциясына  токтоло кетүү максатка ылайык. Бул Курманжан 
датка  туулуп  өсүп,  тарбияланып,  инсан  катары  калыптанып,  жашап  иштеген  коомду,  кыргыз 
коомун,  андагы  аял  кишинин  ордун,  аялзатына  болгон  мамилени  мүнөздөө  маселесине 
байланыштуу.  Айрым  авторлор  Курманжан  датканын  кадыр  -  баркын,  аброюн  көтөрүү 
максатында  төңкөрүшкө  чейин  дин  үстөмдүк  кылып,  кыргыз  аялдары  укуксуз,  теңсиз  басынган 
абалда  болушкан,  ага  карабастан  Курманжан  датка  суурулуп  чыгып,  ушундай  деңгээлге  жеткен, 
бул өзүнчө ФЕНОМЕН деген пикирди айтып келишет. Албетте, бул, Курманжан датканын аброюн 
көтөрөйүн  деген  жакшы  ойдур,  бирок,  аны  менен  автор,    кыргыз  коомуна  мүнөздүү  болгон 
тарыхый  реалдуулукту  бурмалап,  кыргыз  коомунун  өзгөчөлүгүн,  андагы  баалуулуктарды  четке 
кагып,  Туркестандын  башка  аймактарындагы  көрүнүш  менен  жалпылаштырып  жатпайбы.  Бул 
туура эмес, буга албетте кошулууга болбойт.   
       Ошол  мезгилде  кыргыздардын  арасында  болуп  кеткен  көптөгөн  орус  жана  европалык 
саякатчылар  кыргыздардагы  аялзатына  болгон  мамилени,  аялдардын  коомдогу  таасирин  
суктануу,  таң  калуу  менен  жазышкан. Мисалы: 1896ж.  Ош,  Алай,  Памир  аймактарында  жашаган 
кыргыздарды  кыдырган  италиялык  саякатчы  Феликс  Рокка  “Алайдан  Аму  дарыясына  чейин” 
(Париж,  1896)  деген  китебинде  “Өтө  өнүккөн  маданияттуу  элдерде  да  кыргыздарда  өз  апа, 
энелерин,  аялдарын  урматташкандай  аялдарды  урматтагандар  аз  кезигет.  Алар  (кыргыз 
аялдары  –  С.С.)  эч  качан  жүзүн  жашырышпайт,  өзбек,  тажик  аялдарындай  болуп 
басынышпайт.  Тескерисинче  өз  эркектери  менен  бирдей  укукка  ээ  болушат.  Үй-бүлө  жана  уруу 
маселелери  чечилип  жатканда  аялдардын  пикири  да  сөзсүз  эске  алынат.  Ал  тургай  согуш 
учурунда, же башка тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч отура албайт, кээде алар өз 
боз  үйүнүн  бейкуттугун  коргоп  калуу  үчүн  кармашка  кирген  учурлары  да  болгон”  деп  жазып,  
кыргыз  аялдарын  античтик  авторлор  жазып  калтырган  Каспий  боюнда  көчүп  жүрүшкөн 
амазонкалар менен салыштырган [6]. Ал эми 1903ж. Кыргызстанга келген Петербург Ботаникалык 
багынын  директору  В.  Липский  кыргыз  аялдарынын  ат  үстүндө  эркектердей  эле  мыкты 
жүргөндүгүн  белгилеп,  “...бир  дагы  мусулман  элдериндеги  аялдар,  кыргыз  аялдары  ээ  болгондой 
эркиндикке ээ эмес” деп жазат. 1898ж. Ошко келип,  Курманжан датканы көргөн “Туркестанские 
ведомости”  гезитинин  кабарчысы  болсо  “...  бул  жерде  таң  кала  турган  эч  нерсе  жок,  анткени 
кыргыздарда  акылдуу  аялдар  ар  дайым  зор  таасирге  ээ  болуп  келген”  дейт  [7].  Мына  ушундай 
коомдо  туулуп  -  өсүп,  тарбияланып,  мүнөзү,  жан  дүйнөсү  калыптанган  Курманжан  датканын 
ушундай деңгээлге көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Албетте бул жерде анын жеке 
өзүнө  мүнөздүү  болгон  сапаттарын,  күйөөсү  Алымбек  датканын  ордун  белгилөө  абзел.  Кыргыз 
коомунда  байыртадан  ар  дайым  акыл,  тапкычтык,  калыстык,  чечкиндүүлүк,  эр  жүрөктүүлүк, 
боорукердик  ж.б.  жакшы  сапаттар  жогору  бааланып  келген.  Мындай  касиетке  ээ  болгон  аялдар  
даңазаланган. Андайлар боло келген.  Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Кенжеке,  Бурулча, Курманжан 
датканын замандаштары - Жаркын айым, Соно айым, Зыйнат датка ж. б.  Бирок, тилекке  каршы,  
алардын көпчүлүгү изилдөөгө алына элек. Белгисиз калгандары канча?  
       Ушуга байланыштуу бир мисалга токтоло кетүү туура болот.   
Роза  Айтматованын  2007-ж.    “Тарыхтын  актай  барактары”  аттуу  мыкты  китеби  жарык  көргөн. 
Мына ошол китепте автор Айтматовдордун ата - тегине токтолуп, төмөнкүлөрдү жазат: “ Биздин 
уруубуз  кытай,  түпкү  атабыз  Түлкү,  андан  Байтике,  андан  Төңтөгөр,  андан  Шекер,  андан 
Кончужок, анын баласы Кимбилди, андан Айтмат, Айтматтан биздин атабыз Төрөкул”.  Андан 
ары    автор  аялзатына  байланышкан  уруулук  санжыраны  келтирет:  “Төңтөгөрдүн  5  уулу  болгон. 
Төртөө  заманына  ылайык  экиден,  үчтөн  аял  алышкан  экен.  Эң  кенжеси  төрт  тарабы  төп 
келишкен, акылдуу, сулуу Шекер деген кызга үйлөнөт. Алар бирин бири абдан жакшы көрүшкөн. 
Күйөөсү  башка  аял  алуу  жөнүндө  ойлогон  да  эмес.  Көп  балалуу  болушкан.  Балдары  да  акылдуу, 
кайраттуу  болуптур.  Бирок,  күтүүсүз  кырсык  болуп,  күйөөсү  кар  көчкүдө  калып,  өлөт.  Жесир 
калган Шекер, колун сурап келгендерге күйөөсүнүн арбагын сыйлап макул болгон эмес. Анын уруу 
арасына  сиңген кадыр  –  баркынан  чочулаган  туугандары,  аны  зордуктап  башын  бирөөгө  байлай 
алышкан  эмес.  Өзүнүн  акылынын  тунуктугу,  камбылдыгы,  тырышчаактыгы,  кайраты  менен 
очогунун кутун сактап, башына түшкөн кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, балдарын жалгыз 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 126 - 
 
бойго  жеткирген.  Шекер  өз  үйүндө  эле  эмес,  уруу  ичинде  да  кадыр  барктуу  болгондуктан,  уруу 
аксакалдары аны менен да, балдары менен да эсептешин, алар менен кеңешип, алардын пикирин 
угуп, керек учурда акыл сурап турушкан. Ошентип жүрүп уруунун аты Шекерге айланып кетет. 
Кийин  бул  этноним  топонимге  айланып,  Шекер  айылына  берилген”.  Мына,    кыргыз  коомундагы 
аялзатынын орду, ага болгон мамилеге дагы бир мисал. 
     Эми,  жогоруда  айтылган,    Курманжан  датканын  өмүр  таржымалына  арналган  эмгектердеги 
талаш  маселелер  же  так  эместиктер  жөнүндө.  Албетте  ар  кандай  талаш,  автор  пайдаланган 
булактагы  маалыматтар талданбай, такталбай, б.а. илимий анализге алынбай колдонгондон келип 
чыгат.  Мындай  учурлар  Курманжан  датканын  тарыхый  бейнесине  арналган  эмгектерде  бир  топ.  
Өкүнүү  менен  көңүл  бурчу  нерсе,  тарыхый  фактыларды  тактоо  меселесинде  (демек,  илимий 
изилдөө ишинде ) 20 жыл аралыгында биз өтө деле алга жылбаптырбыз. Тескерисинче артка кетүү 
байкалат.  Мисалы,  үстүбүздөгү(2011ж.)  жылы  чыккан  “Слово  Кыргызстана”  гезитиндеги 
макалаларда, мындан 10 – 20 жыл илгери чыккан маалыматтар жөн эле, эч өзгөрүүсүз кайталанат, 
атүгүл  айрым  апыртмаларга  жол  берилген  (Курманжан  датка  модалуу  европа  кийимдерин  кийип 
жүргөн,  мыкты  бийлеген,  бир  нече  тилде  сүйлөгөн  деген  ж.б.  маалыматтар  –  С.С.)  .  Бул  жерде 
албетте  бир  нерсени  айтып  коюу  керек.  Тарыхый  романдарда,  адабий  чыгармаларда  тарыхый 
фактылардан белгилүү деңгээлде четтеп кетүүгө, мындай эркиндикке  жол берилет. Бирок, ал дагы 
белгилүү чекке чейин гана. Ал эми тарых илиминде, илимий изилдөө ишинде тарыхый фактылар 
гана сүйлөш керек. 
  Ушуга байланыштуу Курманжан даткага  арналган эмгектердеги ар  кандай пикирди же талашты 
жараткан эки маселеге токтололу.  
    Биринчиси,  1876  -  жылдын  жайындагы  Алай  өрөөнүндөгү  окуялар,    Курманжан  датканын 
орустар  тарабынан  колго  түшүрүлүшү,  экинчиси  –  Курманжан  датка  сабаттуу  болгонбу,  ыр 
жазганбы? деген маселе.     
   Биринчи  маселе  боюнча  Курманжан  датканы  князь  Витгенштейн  же  капитан  Ионов 
кармагандыгы жөнүндөгү ача пикир мындан 20 жыл илгери кандай абалда болсо, азыр да ошондой 
эле  абалда.  Ошондой  эле  Курманжан  датка  менен  генерал  Скобелевдин  кайсы  жерде 
жолуккандыгы  жөнүндөгү  маалыматтар  да  ар  түрдүү.  Эң  олуттуусу  жана  өкүнүчтүүсү    “Горная 
царица  Курманджан  и    ее  время”  деген  китепте  аталган  тарыхый  фактылар  боюнча  бир  нече  ар 
түрдүү маалыматтар берилип, алардын илимий талдоого алынбагандыгы. 
      Изилдөө ишинде мындай көрүнүштүн сакталгандыгы төмөнкү себептерге байланыштуу: 
  Биринчиси, 
авторлор 
пайдаланган 
булактык, 
архивдик 
маалыматтардын 
али 
күнчө 
системалаштырылбагандыгы 
(илимий 
ирээттөө) 
жана 
илимий 
талдоого 
(обработкага) 
алынбагандыгы. 
Экинчиси, автордун (изилдөөчүнүн) профессионалдык даярдыгына, маданиятына байланыштуу.   
    Экинчи талаш маселе Курманжан датка сабаттуу болгонбу, ыр жазганбы деген маселе боюнча.  
Бул маселе өткөн кылымдын 80чи жылдарында көтөрүлгөн, адабиятчы С. Мамытов:  “Курманжан 
датка  сабаттуу  болгон.  Араб  ариби  менен  каттарды,    фарсиче,  тюркиде,  кыргызча  ырлар  жазган. 
Зыйнат  деген  псевдоними  болгон”  деген  ойду  айткан.  Чындык  үчүн  айта  кетчү  нерсе  ушул  эле 
ойду  XIX  к.  К.  Наливкин  аялы  экөө,  кийин  өзбек  окумуштуусу  Х.  Бабабековдор  да  жазган. 
Курманжан  датканын  ырлары  1818-ж.  чыккан  “Маджму  –  аш-шу  ара”(“Акындардын  ырлар 
жыйнагы”)  деген  жыйнакта  басылган  деген  пикирди  айтышкан.  Бул  маалыматтардын    чындыкка 
туура келбегендигин ошол мезгилдеги жаш окумуштуу – тарыхчы  Кыяс Молдокасымов ошондо 
эле  архивдик  документтерге  таянып  далилдеген.  Бул  популисттик  пикирге  чекит  коюлгандай 
болгон. Ага карабастан ушул пикир дагы эле уланууда (“Горная царица Курманджан и ее время” 
[6]  (2002)  деген  китепте,    “Слово  Кыргызстана”  гезитинин  үстүбүздөгү  жылдагы  (2011) 
сандарында  чыккан  макалаларда - С.С.) [8].  Муну, албетте, жөн эле популизм деп бааласа болот.  
Курманжан  датка  ансыз  деле  өзүнүн  асылзаада  сапаттары  ,  элине  жасаган  кызматы  менен  аброю 
бийик.  Сабаттуу  же  сабатсыздык  анын  аброюн  өйдө    -  төмөн  кыймылдата  албайт.  Сабаттуу, 
жогорку  билимдүү,  атүгүл  академик  даражасы  бар      президенттерибиз  эмне  иш  жасагандыгын 
көрбөдүкпү.    Башкаруучулук  ишин  айтпай  ак  коелу,  өз  балдарын  Курманжан  даткачалык  дагы 
тарбиялай алышпаптыр го?     
    Эми,  изилдөө  ишиндеги    мына  ушундай  абалдан,  тарыхый  фактыларды  колдонууда  так 
эместиктерге  жол  берүү  (жоопкерсиздик  менен  –  С.С.),    тарыхый  фактыларды  бурмалоо 
көрүнүшүнөн   кантип арылабыз? Бул маселени чечүү үчүн төмөнкү иш чараларды аткруу зарыл: 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 127 - 
 
1. 
Алымбек  датканын,  Курманжан  датканын  тарых  таржымалына  байланыштуу  архивдик, 
булактык материалдарды системалаштырып, илимий обработкага алуу керек. Муну ишке 
ашыруу үчүн профессионалдык деңгээли жогору илимий топ түзүү зарыл. 
2. 
Бул ишти ишке ашыруу үчүн, чет өлкөлөрдөгү (Өзбекстан, Казахстан, Россия, Кытай ж.б.)  
Алымбек  датка,  Курманжан  датка,  дегеле  төңкөрүшкө  чейинки  кыргыздардын  тарыхы  
жөнүндө маалымат камтыган бардык архивдик документтерди,  булактык материалдарды, 
адабияттарды  тактап,  эсебин  алып,  алардын  түп  нускасын,  болбосо  жок  дегенде 
көчүрмөсүн  Кыргызстандын  архивдерине    алып  келүү  керек.  Бул  мамлекеттер  аралык, 
жогорку  мамлекеттик  деңгээлдеги  сүйлөшүүлөр  аркылуу  чечиле  турган  маселе.  Албетте 
ага  чоң  каражат  керек.  Ал  мамлекет  тарабынан  каржыланышы  керек,    же  Рустам 
Мамановго  (ал  кыргыздын  кырк  уруусунун  40  томдук  санжырасын  өз  каражатына 
чыгарам  деп  жатпайбы  –  С.С.)  окшогон  акчалуу,  патриот  коомдук  ишмерлер, 
бизнесмендер, депутаттар, президент болобуз дегендер да моюндаса болот. Бул иш ушул 
мезгилге  чейин  аткарылуусу  керек  эле,    тилекке  каршы  ал  жасалбады.  Азыр  да  кеч  эмес 
деп ойлойбуз.  
 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   20   21   22   23   24   25   26   27   ...   39




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет