УДК 8302 КЕП МАДАНИЯТЫНЫН МААНИСИ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ Значение и особенности культуры речи The meaning and peculiarities of culture of speech Исакова С. Т., Анапияева А. А.
ф.и.к., доцент
Қырғызстан Республикасы
К.Тыныстанов атындагы ЫМУ.
Аннотация: Кеп маданияты – адам баласынын муундан-муунга калтырган улуу мурасы, руханий
байлыгы. Ал эми укумдан тукумга өткөн бай кенчти коомдун зарыл талабына карата жакшыртып,
тазартып, ыгына карап билгичтик менен пайдалана билүү ар бир атуулдун ыйык милдети катары
түшүндүрүүгө аракет жасалды. Сүйлөө ишмердүүлүгүндө лексикасынын көркөмдүүлүгү, байлыгы жана жөнөкөйлүгү, ой
жүгүртүүсүнүн тактыгы, сөздөрдүн азыркы адабий тилдеги семантикасын, маанисин сөзсүз эске алып
туруусу абзел. Сүйлөп же жазып жаткан адамдын кебинен лексика стилистикалык каталар кезигиши да
мүмкүн. Алардын көпчүлүгү адабий тилдин нормасына, сөздүн контекстеги мазмунуна, өтмө жана көп
түрдүү маанисине байланыштуу кетирилет.