Тақырыбындағы халықаралық ғылыми-практикалық конференция материалдары



Pdf көрінісі
бет21/548
Дата07.01.2022
өлшемі7,82 Mb.
#20554
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   548
 

Аннотация:  Всем  известна,  что  пополнение  языка  лексическими  значениями  осуществляется  при 

помощи калек. В настояшее время множество неологизмы в кыргызском языке пополнеятся путем калек.  

Значит, в этой статье рассматривается неологизмы возникшие на основе семантических и структурных 

калек. 


Ключевые  слова:  неологизм,  калька,  семантические  кальки,  структурные  кальки,  полу  кальки, 

полные кальки



 

Annotation: Everyone knows that the replenishment of the language with lexical values is carried out using 

cripples.  Currently many neologisms in the Kyrgyz language  are replenished by cripples. This article discusses 

the neologisms arose on the basis of semantic and structural cripples.  

Keywords: neologism, trasing paper, semantic tracings, structural tra

сings, floor traсings, complete tracings



 

Неологизмдердин калька аркылуу пайда болушу тууралуу кеп козгоодон мурда, биз Ф.Энгельс менен 

В.Г.Белинскийдин калькага токтолгондоруна кайрылууну туура көрдүк. Ф.Энгельс өз эне тилге которууга 

мүмкүн  болбой  турган  сырттан  кирген  сөздөр  жөнүндө: «Чет  тилдеги  зарыл  сөздөр,  чынында,  алар 

которууга  жеңил  болгондо  гана  зарыл  сөздөргө  кирбес  эле.  Демек, котормо  бул  ойдун  маңызын  ачып 

көрсөтөт  деп  жазган  [5, 624].  Ал  эми  В.Г.  Белинский: «Кандай  гана  сөз  болбосун  ал  өзүңдүкүбү,  же 



бөлөкпү, негизи, анда тиешелүү жыйынтыкталган  ойдун маңызы болуу керек. Эгерде  бөлөк бирөөнүн 

сөзү өз сөздөн жакшы ойду билдирсе, анда ошол сөздү колдонолу, ал эми өз сөзүңөрдү сөз кутучаңарга 

сактагыла», - деп адилет оюн айтып кеткен [3, 193]. 

Тилдин лексикалык маанилер менен толукталышы калька (сөзмө-сөз которуу) жолу менен да ишке 

ашат.  Азыркы  кездеги  кыргыз  тилинде  неологизмдердин  кыйласы  калька  (калька  –фр.  Calque  «тунук 

кагазга  түшүрүлгөн  копия»  деген  маанидеги  сөздөн  алынган)  аркылуу  пайда  болууда.    Калька    бул 

башка  тилдеги  сөздүн  жана  туруктуу  сөз  айкашынын  структуралык  же  семантикалык  үлгүсү  боюнча 

экинчи бир тилде да өзүнүн ички каражаттарын пайдаланып, жаңы сөз, жаңы туруктуу сөз айкашынын 

жасалышы жана жаңы маанинин пайда болушу. Калькалап жаңы сөз жасоодо кыргыз тили үчүн азыр да 

орус тили, бирден бир үлгү болуучу тил катары кызмат кылууда. 

Калькаланган  сөздүн  материалдык  жагын  гана  алып  караганда,  аны  эне  тилдин  ички  ресурсунун 

эсебинен сөз жасоочу ыкка кошууга болот, бирок тилди өз бетинче айрым карабастан, аны башка тилдер 

менен  байланышта  карай  турган  болсок,  анда  экинчи  бир  тилдин  структуралык,  семантикалык  духун, 

таасирин  көрөбүз.  Демек,  калькалар  өзүнүн  пайда  болушунда  эки  булак  менен  байланыштуу  болот. 

Сырткы  булак  менен  болгон  байланыш  көзгө  көрүнбөс,  жашырын  байланыш,  ал  –  атайын  далилдөө 

аркылуу  гана ачылат.  Ал  эми ички  булак  менен  болгон  байланыш  –  жеңил  аныкталуучу,  айкын  көзгө 

көрүнөрлүк  байланыш.  Мында  тигил  тилдин  да,  бул  тилдин  да  тийиштүү  үлүшү  бар.  Бирок,  бул 

лексикалык кабыл алуу менен ички ресурстан сөз жасоонун ортосундагы аралык көрүнүш болгон өзүнчө 

ык эмес, себеби калька аркылуу жасалган сөздөр эне тилдеги сөз жасоонун негизги ыктарына баш иет. 

Ошол  себептен  улам  калька  бир  тилден  экинчи  бир  тилге  сөз  кабыл  алуунун  өзгөчө  бир  түрү  катары 

эсептелип жүрөт. Бул бекеринен эмес. Калька котормо адабияттын жемиши болуп эсептелет. Ал котормо 



15 

адабият аркылуу  оозеки жана оригиналдуу адабий тилге тарайт. Кыргыз тилинин жогорку баскычтагы 

жазма адабий тилинин түзүлүшү менен  орус тилинин модели боюнча калькалоо аркылуу жаңы сөздөр 

жасала баштаган [7, 191-б.]. 

Ал эми 1980-жылдардан кийин калькалоо аркылуу жасалган неологизмдер саны жагынан өтө арбын 

кездешкендигин  байкоого  болот,  себеби,  өз  алдынча  көз  карандысыз  мамлекет  болуу  менен  бирге, 

кыргыз  тили  мамлекеттик  тил  болуп,  көптөгөн  башка  өлкөлөр  менен  саясий-экономикалык,  маданий 

карым-катышта  болуп  келүүдө.  Ошонун  натыйжасында  кыргыз  тилине  орус  тилинин  таасири  астында 

башка тилдерден калькаланып кирген жаңы сөздөр, жаңы сөз тизмектери лексикабызды байытууда. 

Калькаланын айрым бир үлгүлөрү бир тилден экинчи тилге өтүү менен гана чектелип калбайт. Ошол 

үлгү андан башка тилдерге да көчүп, жаңы сөздөрдүн жасалышына себеп болушу мүмкүн. Мисалы: орус 

тилиндеги  полуостров  немисче  ушундай  эле  маанидеги  halbinsel  деген  сөздүн  үлгүсүнө  салынып, 

калькалоодон  улам  келип  чыккан.  Этимолог  М.Фасмердин  маалыматы  боюнча  мындай  калька    немец 

тилине  француз  тили  аркылуу  келип  жеткен.  Мунун  андан  аркы  түпкү  теги  латынча  paeninsula  деген 

сөзгө барып такалат. Кыргыз тилиндеги жарым арал буга түздөн-түз байланышы бар калька. Ал бизге 

орус тили аркылуу келип жеткен [1, 206-208-бет]. 

Адатта, калька аркылуу пайда болуучу  сөз каражаттарынын ар кандай түрлөрү бир тилден экинчи 

тилге  которуу  иштеринин  өнүгүшү,  же  ушундай  жол  менен  термин  жаратуу  аракетинин  башталышы 

менен  кошо  пайда  боло  тургандыгы  белгилүү.  Мындай  шарттар  кыргыз  тили  үчүн  ушул  кылымдын           

20-30-

жылдарынан бери гана түзүлгөндүгүн айта кетишибиз кажет. Бирок которуу аркылуу өз ара туш 

келе калган (вода-суу, дом-үй, хлеб-нан, дай-бер, победа-жеңиш, мир-тынчтык, согуш –война ж.б.) 

сөздөрдүн  бардыгын  тең  эле  калька  дей  берүүгө  болбойт.  Анткени  бир  тилден  экинчи  бир  тилге 

мындайча  которуу  аркылуу  кандайдыр  бир  жаңы  маани,  же  болбосо  тилдин  сөздүк  составына  келип 

кошулган жаңы сөз же  сөз айкашы пайда боло калбайт. Бул -  бир жагы. Экинчиден, структуралык же 

семантикалык  жагынан  алганда,  бири  экинчисине  белгилүү  деңгээлде  шайкеш  келгидей,  биринин 

үлгүсүн экинчисине окшоштуруп көчүрө койгудай негиз болмоюнча, бардык эле котормо калькага жата 

бербейт. Маселен, кыргыз тилиндеги базар экономикасы, заробатная плата деген сөздөрдүн рыночная 





Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   548




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет