Эмгектенүү коомдук жана инсандык баалуулук катары мамилесин калыптандыруу:
Эмгек - адамды адамдын дене боюнун туура өсүшүн, ден-соолугунун бекем болуусунун, акыл тажрыйбаларын ѳнүктүрүүнүн эң байыртан адамзатты коштоп келген эң күчтүү каражат экендигин аңдоо;
Өзүнөн улуу муундар тарабынан жаралган материалдык баалуулуктарды сыйлоо, сарамжал мамиле кылуу;
Жамаат менен бирге ынтымак ымалада эмгектенүү, анын ичинде окуу жана эмгек долбоорлорун биргеликте аткаруу тажрыйбасына ээ болуу;
Окуу жана эмгекке байланыштуу тапшырмаларды аткарууда тартиптүүлүктү, ийкемдүүлүктү кѳрсѳтүү;
Эмгек, өзгөчө өндүрүштүк, жаратмандык ишмердүүлүк экенин аңдоо жана колу менен адамдарга пайдалуу бир нерсе жаратууга умтулуу, кѳнүгүү;
Дене-бой, руханий, социалдык-психологиялык (үйдѳ, мектепте) саламатчылыктын өз ара таасирин жана биримдигин түшүнүү;
Адамдын адептик маданиятынын, өзүнүн жана айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын саламатчылыгынын таасирин түшүнүү;
Сак-саламат, сергек болуп, айлана-чөйрө үчүн жагымдуу руханий - адептик таасир калтырууга умтулуусун өстүрүү;
Денени чыӊдоонун, адамдын тайманбастык, чечкиндүүлүк, тартиптүүлүк, жамаатчылдык, жоопкерчилик сыяктуу адептик сапаттардын өнүгүшүнө таасирин билүү;
Санитардык-гигиеналык эрежелерди билүү жана аткаруу, ден-соолукту сактоо режими менен жашоого көнүктүрүү;
Жаратылыш чөйрөсүндө сейилдөөгө жана кыймылдуу оюндарга, спорттук мелдештерге катышуу кѳндүмүн өнүктүрүү;
Компьютердик оюндардын, телекөрсөтүү жана жарнамалардын адамдын ден-соолугу үчүн терс таасирин түшүнүү жана аларды орду менен колдонуу тажрыйбасына ээ болуу;
Өздүк гигиена менен санитардык талаптарды аткаруудан, денени чыӊдоочу иштерден качууну терс сапат катары кабылдоо.