Жаратылышка, курчап турган чөйрөгө гумандуу мамилесин калыптандыруу (экологиялык тарбия):
Жаш муундардын, табияттын кереметтүүлүгү, ыйыктыгы, адам жашоосунун жаратылыштан көз карандылыгы жөнүндөгү ишенимдерин бекемдөө;
Табиятты эстетикалык-этикалык эң жогорку баалуулук катары кабылдоого үйрөтүү;
Өзүндөгү жаратылышка коркунуч туудуруучу эгоизмди басуу, жамаат менен жаратылыш ортосундагы өз ара мамилелерди гармониялаштыруу багытында активдүүлүгүн көрсөтүү;
Жан-жаныбарларды, өсүмдүктөрдү кор тутпоо, аларга ырайымдуу мамиле кылууга байланышкан социалдык-этикалык талаптарды, жөрөлгө- салттарды аткарууга моралдык-психологиялык жана практикалык жактан даярдоо.
Кооздук асылдыктарды баалоого тарбиялоо, эстетикалык баалуулуктарды жана идеалдарды калыптандыруу (эстетикалык тарбия):
Адамдын жан-дүйнөсүнүн жана сырткы келбетинин сулуулугу тууралуу түшүнүктөргө ээ кылуу;
Айлана-чөйрөнү кооздук, асылдыктын мыйзам ченемдерине шайкеш кабыл алуу сезимин өнүктүрүү;
Искусство, маданият жана табияттагы асылдык тууралуу билим тажрыйбаларын өнүктүрүү;
Кооздукту жарата билүү жөндөм шыгын жана кооздуктун мыйзамы менен жашай билүү маданиятын калыптандыруу;
Сырткы келбетин тыкан тутууга умтулуу;
Жосунсуз жоруктарга жана шалаакылыкка карата терс мамиле.
Инсанды тарбиялоонун мазмуну ишинде тармак –тармакка жиктелгени менен анын курамындагылар ич ара байланышта турат, бири бирине таянат, бири бирин шарттайт. Айырмалуу багыттарга ажыратуу тарбиялоо процессин конкреттүү, план ченемдүү жүзѳгѳ ашыруунун амалы катары кызмат кылат.
1.5. Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнү курактык баскычтары боюнча долбоорлоо
Долбоорлоо ар кандай жумуштун коюлган максаты, натыйжасы, ишке ашыруунун ирети тууралуу маалыматтар тутуму. Максатка багытталган иш-аракет катары, окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоонун натыйжалары курактык баскычтарга ылайык так аныкталганда, долбоорлонгондо гана, ырааттуу жүзөгө ашат. Ал эми, тарбиялоонун күтүлгөн натыйжаларын конкреттештирүү үчүн, программа зарыл. Программасыз олуттуу ойлонуштурулган тарбиялоо ишинин болушу күмөн.
Тарбиялоонун программасы, тарбиялоонун максат милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн балдардын ишмердүүлүгүнүн мазмунун аныктоо, айкындоого багытталышы керек. Тарбиялоо программасы - мугалим үчүн да, окуучу үчүн да жол картасы.
Программа, педагог тарбиячыга балдардын кишилик сапаттарынын өнүгүшүнө багытталган иш-аракетинин чектерин конкреттүү айкындоого мүмкүнчүлүк берсе, окуучуга өзүн-өзү өнүктүрүүнүн ориентири катары кызмат аткарат.
Программанын баскычтар боюнча түзүлүшү, руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн, ар бир курактагы мүнөздөмөлөрү менен көрсөткүчтөрүн конкреттештирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн биринчи баскычы (1-4- класстар) төмөнкүдөй сапаттардын калыптанышы менен мүнөздөлөт:
Адептик түшүнүктөр, көз-караштар, эрежелер тууралуу алгачкы маалыматтарга ээ болот;
Классташтары, эже-агайлары, ата-энелери жана башкалар менен адептүү өз ара алака-мамиле түзө билүүнүн эреже-жоболорун, жолдорун жана ыкмаларын өздөштүрүп, аны колдонуу боюнча баштапкы тажрыйбага ээ болот.
Бул курактагы балдарга, айрым учурда тажрыйбасыздыгынан, эрки жетпегендиктен, өзүн - өзү башкаруу жөндөмүнүн жетиле электигинен улам адептик нормалардан чет иштерди жасап алуу мүнөздүү. Ошондуктан, мындай көрүнүштү окуучунун атайылап жасаган жоругу катары кабылдоого болбойт. Балдардын мындай өзгөчөлүктөрүн коррекциялоо, башталгыч мектептен негизги орто мектепке өткөн, алгачкы күндөрдө кылдат эске алынышы абзел.
Негизги орто мектептеги (5-9-класс) руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн өзгөчөлүктөрү:
Руханий дүйнөсү кыйла байып, адептик нормаларды аткаруунун маанисин түшүнөт, ырааттуу билимге ээ болуп, өзүнүн, жакындарынын, теӊтуштарынын жүрүм-турумуна баа берүү, жеке субъективдүү руханий-ишеним, ынанымдарын коргой билүү боюнча баштапкы тажрыйбага ээ болот;
Улуттук, диний, аймактык, гендерлик жана башка өзгөчөлүктөргө карата адептик туура көз карашта болууга умтулат;
Өзүн-өзү тарбиялоо, өнүктүрүү боюнча идеалдары конкреттешет;
Улуттук, салттык турмуштун субъекти катары, элдик үрп-адат, салттардын маани маӊызын үйрөнүүгө жана анын тууган аралык жана жамаатык алака-катышы мамиледе колдонуу боюнча тажрыйбасы түптөлө баштайт;
Оокат-аш, кийим жана башка материалдык баалуулуктар мээнет, эмгек аркылуу келээрин түшүнүп, өзү да ага кол кабыш кыла баштайт, ата-эненин таянычына айлана баштайт;
Өмүрдүн, ден-соолуктун баркын түшүнө баштагандыктан, спортко активдүү катыша баштайт;
Улан-кыздарда үй-бүлөлүк турмуш тууралуу түшүнүктөр кеӊейип, өз ара мамиле түзө билүү, баарлашуу жана сезим маданияты аркылуу көрүнө баштайт;
Сабактардан медико-гигиеналык сабаттуулугу аркылуу, сергек жашоо маданиятына аӊ-сезимдүү умтула баштаташат.
Ошону менен бирдикте, бул курактагы балдар түрдүү баалуулуктардын кучагында болгондуктан, интернеттин, жоро жолдошторунун, айрым учурда чоӊ адамдардын жашоо образынын таасири аркылуу жеӊил баалуулуктарга да азгырылып кетүү ыктымалдыгы бар. Бул курактагы балдарды туруктуу, баалуулуктарга багыттоо, ата-энелердин, педагогдордун, коомчулуктун эӊ жооптуу иши.
Толук орто мектептеги (10-11-класс) руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүштүн өзгөчөлүктөрү:
Руханий-адептик дөөлөттөрдүн компоненти катары, улуттук салттардын, адептик-ыймандык, саясий-идеологиялык жана башка ар түрдүү көз- караштардын жана көрүнүштөрдүн адептик маани-маңызын илимий өңүттө чечмелей билет, турмуштагы руханий-адептик көрүнүштөргө карата өзүнүн жеке баасын, көз карашын айкындап билдире алат;
Кыргыз элинин руханий - адептик баалуулуктарын жалпы адамзаттык маданияттын үлгүлөрү менен салыштырып, аларга карата тандалма мамиле кылуу тажрыйбасы түптөлө баштайт;
Үй-бүлөсү, жакындары, теӊтуштарына, коомго жакшылык иш жасоо ыкласы, тажрыйбасы артат;
Үйдө, көчөдө, мектепте учурай калуучу пикир келишпестиктерге кайдыгер карабай, калыстык менен чечүүгө салымын кошот;
Өз саламаттыгын өзү чыӊдоо тажрыйбасына ээ болуу, сергек жашоо эрежелерин туруктуу тутунуу менен бирдикте башкалардын ден-соолугу үчүн реалдуу кам көрө алат;
Эмгекте, өнөрдө, адамдык мамилелерде асыл үлгүлөрдү жаратууга умтулат жана жүзөгө ашыра алат.
Мектеп бүтүрүүчүсү – предметтик компетенттүүлүктөрдүн суммасы эмес. Ал коомдук активдүүлүккө, сынчыл ойломго ээ, үй-бүлө, коом, мамлекет, адамзат алдындагы жоопкерчилигин туйган, башкалардын пикирине сый-ызаат мамиле кылып, конструктивдүү диалог кура алган, сергек жашоо образын тутунган, айткан сөзү менен кылган ишинин ажырымы жок, эл журтун сүйгөн, анын руханий - адептик баалуулуктарына сугарылган, элине ак кызмат кылууга даяр, абийирдүү адам, атуул болууга тийиш. Демек, ал атайын ойлонушутурлган тарбиялоо ишинин продуктусу.
Достарыңызбен бөлісу: |