1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруу принциптери



бет21/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
2.5. Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруу принциптери


Окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштуруда төмөндөгү үч принцип жетекчиликке алынат.
Биринчи принцип окуучуну ар тараптан гармониялуу өнүктүрүү принциби катары аныкталат жана анын руханий-адеп-ахлактык тазалыктын негизинде физикалык жактан ар тараптуу жетилишин камсыз кылуу дегенди билдирет. Физикалык жактан ар тараптан жетилүү дене-бой келбетин жакшыртуу, ден соолукту чыңдоо, дене сапаттарын өрчүтүү жана жашоо-турмушта кеңири колдонулуучу негизги кыймыл-аракет көндүмдөрүн мыктылап өздөштүрүү иш-аракети менен коштолот. Ал эми руханий-адеп-ахлактык тазалык дене тарбия сабактарындагы акыл-эске, адепке, эстетикага жана эмгектин жөнөкөй түрлөрүнө тарбиялоо иш-аракеттеринин тийгизген таасирине негизделет.
Экинчи принцип турмуш менен тыгыз байланышта болуу принциби деп аталат жана дене тарбия процессинин жыйынтыгы катары окуучулардын эмгектенүүгө жана Ата Мекенди коргоого карата даярдыгын камсыз кылуу иретинде сыпатталат. Бул максатта ар бир окучунун денесинин чымыр, физикалык даярдыгынын жогору болушу, эмгекти сүйүү, ага туура мамиле кылуу, мекенчилдик сезимдерин калыптандыруу иш-аракеттери орун алышы маанилүү.
Үчүнчү принцип ден соолукту чыңдоого багыт алуу принциби иретинде белгилүү жана дене тарбия процессинин мазмуну, каражаттары, колдонулган ыкмалары жана формалары окуучунун ден соолугун чыңдоо идеясына жана талаптарына дал келишин жана толук жооп беришин камсыздоо дегенди билдирет. Бул өңүттө теориялык жоболор, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары эсепке алынат, уюштуруучулук багытта күнүмдүк педагогикалык жана мезгил-мезгили менен медициналык контроль жүргүзүү киргизилет, билим берүү уюмдарына жеке жана коомдук гигиеналык талаптарды сактоо милдеттендирилет.
Методологиялык өңүттө инсандын дене тарбиясы руханий-адеп-ахлактык так багыттын болушу, элдик мүнөздүн орун алышы, эл аралык маанайдын сакталышы жана прогрессивдүү умтулуунун коштоп турушу менен уюштурулушу зарыл.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет