1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү



бет22/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
3-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясын жүзөгө ашыруунун программалык иш-чаралары, күтүлүүчү натыйжалары жана аларды баалоо

3.1. Программалык иш-чаралар
3.1. Нормативдик укуктук жактан камсыздоо.

      1. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамында мыйзамдын структурасында билим берүү программалары, типтери тууралуу беренелерине тарбиялоонун милдеттерин тагыраак аныктоо максатында түзөтүү, толуктоолорду киргизүү.

      2. «Ата-энелердин балдарды окутуу жана тарбиялоо жоопкерчилиги жөнүдө» мыйзам кабыл алуу. Мындай мыйзам Тажик Республикасында 2016-жылы кабыл алынган. (https://mfa.tj/ru/main/view/3958/zakon-respubliki-tadzhikistan-ob-otvetstvennosti-roditelei-za-obuchenie-i-vospitanie-detei).

      3. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү) өз аймагындагы калкты, айрыкча окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо боюнча ыйгарым укуктарын жана милдеттерин так белгилөө.



    1. Илимий-методикалык жактан камсыздоо.

      1. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучуларды «Тарбиялоонун болжолдуу программасын» иштеп чыгуу.

      2. Предметтик билим берүү стандарттарынын, окуу китептеринин мазмунун улуттук тарбиялоо идеалынын жана анын базалык баалуулуктарынын негизинде өркүндөтүү боюнча илимий жана практикалык иш чараларды жүзөгө ашыруу. Орто мектептин бүтүрүүчүсү (11 жыл ичинде) милдеттүү түрдө окуп чыгышы зарыл болгон улуттук жана дүйнөлүк адабий классикага таандык таанымдык жана тарбиялык нускасы тереӊ 100 чыгарманын тизмесин айкындап чыгуу.

      3. Ата-энелердин педагогикалык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү боюнча методикалык нускамаларды иштеп чыгуу, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу «Энелер мектеби» моделин бардык мектептерде ишке киргизүү.

      4. Окуучу-жаштарды тарбиялоо боюнча прогноздук жана перспективалуу монторингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү. Тарбиялоо иши боюнча креативдик идеаларды, алдыӊкы тажрыйбаларды үйрөнүү, талдоо жана ишке киргизүү.

      5. Тарбиялоо ишин уюштуруу боюнча окуу-методикалык колдонмолорду жана методикалык нускамаларды, хрестоматияларды даярдоо.

      6. Кыргыз билим берүү академиясынын алдында тарбиялоонун теориялык жана методикалык маселелерин ырааттуу изилдөөчү лаборотория же бөлүм ачуу.

      7. Тарбиялоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү ырааттуу талдоо, талкуулоо, сунуштарды даярдоо максатында республикалык, аймактык илимий практикалык конференция, семинарларды өткөрүп туруу.

      8. Жалпы орто, башталгыч, орто жана жогорку адистик билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү дене тарбия сабактарынын программалары, окуучунун физикалык даярдык деңгээлин баалоо нормалары жана талаптары мезгилдин талаптарын эсепке алуу менен илимий изилдөөлөрдүн негизинде кайрадан иштеп чыгуу.

      9. Окутуу жана тарбия берүү процесстеринин эффективдүүлүгүн камсыз кылуучу методикалык колдонмолорду жаңы жагдайларды эсепке алуу менен кайрадан иштеп чыгуу.

      10. Дене тарбия жана спорт адистерин даярдоону мезгилдин талабына ылайык жаңылоо, учурда эмгектенип жаткан адистердин квалификациясын жогорулатуу, “Дене тарбиянын, спорттук машыгуулардын, ден соолукту чыңдоонун жана адаптивдүү физкультуранын теориясы жана методикасы” адистиги боюнча фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүну колго алуу.

      11. Сергек жашоо образын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин чагылдырган педагогикалык, медициналык, биологиялык, социологиялык жана дисциплиналар аралык билимдер жалпы жарандар үчүн жеткиликтүү деңгээлде жайылтылышы керек.





    1. Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет