Алматы №1 (135) 2012


Өл‰м алдындагы керээз, осуят фор-



Pdf көрінісі
бет401/446
Дата10.10.2022
өлшемі4,15 Mb.
#42089
1   ...   397   398   399   400   401   402   403   404   ...   446
3. Өл‰м алдындагы керээз, осуят фор-
масындагы коштошуулары. Кыргыздын 
улуттук м‰нөздөг‰ коштошууларына кишинин 


320 ҚазҰУ хабаршысы. Филология сериясы. №1(135).2012 
өл‰м алдындагы жакындарына айткан осуят-
тарын, керээзин да кошууга болот. Анткени 
мындай абалда өл‰м алдында жаткан киши 
өз‰н‰н жакындары менен акыркы керээзин, 
осуятын айтып т‰бөл‰ккө коштошкон. Кыр-
гыз элинде кишинин өлөр алдында айткан 
керээзи өтө ыйык парз катары эсептелинет. 
Аны кандай шарт-жагдай болсо да сөзс‰з ат-
каруу керек. Бул өзгөчө элдин салт-санаасын 
билген адамдар ‰ч‰н өтө жооптуу иш.
Мисалы, кыргыз элинин башынан өткөн эң 
бир татаал, эң бир чиеленишкен тарыхый тур-
мушун өзөг‰нө камтып турган жазуучу 
Төлөгөн Касымбековдун «Келкел» тарыхый 
романындагы тарыхта «Алай ханышасы» де-
ген ат менен белги뉉 болгон Курманжан дат-
канын өл‰м алдындагы акыркы коштошуу 
керээзи кыргыз элинин көз карашын, д‰йнө 
таанымын, жакшы-жаман т‰ш‰н‰г‰н ж.б. ча-
гылдырып турат: «...Ынтымактуу болгула, 
бириңдин жакшылыгыңда да, жамандыгында 
да баарың бирдей тике тур, бириңден-бириң 
сөз талашпа, к‰ч сынашып да белдешпе, 
к‰рөшкөн соң жакалашкандын ортосу бир 
кадам, жаш болсо да жакшыңа бел кой... 
...Колуңардан иш келсе кең болмок абзел
жамандыкка жакшылык кылмак зарыл. Зорго 
кызмат кылбагыла, элге кызмат кылгыла... 
силер сурабасаңар да ыраазы эл өз‰ акыбетин 
кайтарат – алдыңарда атыңар арыбайт, ‰с-
т‰ңөрдө ‰й‰ңөр, ийниңерде тонуңар тоз-
бойт...»
Ал эми Ч.Айтматовдун «Кылым карытаар 
бир к‰н» романында кийинки муундун өк‰л‰ 
катары, керээз, салт жөн‰ндө т‰ш‰н‰г‰ жок 
т‰ркөй болуп калган шаардыктардын жана 
мурунку муундун өк‰л‰н‰н улуттук көз ка-
рашы, т‰ш‰н‰г‰ жөн‰ндө кабар берилет. Мар-
кум болгон адамдын уулу Сабитжан ата керэ-
эзин аздектебей: «Кайдагы бир Эне-Бейитке 
деп убара болбой эле ушу тегеректеги эле бир 
дөбөчөгө жашырбайлыбы. Өлгөнд‰н жазасы - 
көмгөн», - деп айтканда, мурунку муундун 
өк‰л‰ Эдигей ага ачууланат, анткени Казан-
гаптын эң жакын адамы Эдигей ата салтын, 
жакын кишисинин керээзин ыйык көрөт жана 
аны аткарууда эч бир кыйынчылыкка кара-
байт: «Жол алыспы-жуукпу, бирок Казангап-
тын керээзин аткартпай коюуга эч ким, кала 
берсе уулу да бөгөй албайт», - деп каарданат. 
Казангап экөөн‰н убадасы ушундай болгон... 
Кыргыздар өл‰м алдында жаткан жакы-
нына баласы болобу, бир тууганыбы же ата-
энеси болобу ыраазычылыгын билдирет, ыра-
азычылыгын алат: “Мен ыраазымын, ыраазы-
мын, ыраазымын. Сен ыраазы бол, ыраазы 
бол, ыраазы бол”, же “Биз ыраазыбыз, бизге 
кыйылба, акка моюн сун, биз ыраазыбыз”.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   397   398   399   400   401   402   403   404   ...   446




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет