Алматы №1 (135) 2012



Pdf көрінісі
бет399/446
Дата10.10.2022
өлшемі4,15 Mb.
#42089
1   ...   395   396   397   398   399   400   401   402   ...   446
Жеңил барып
оор кел, жегениңден ала кел.  
Коштошуунун бул т‰р‰ндө алыска кетип 
бараткан кишиге жакшылык каалоо менен 
бирге буйрук маанисиндеги каалоо, акыл-
насаат да айтылат: жакшы оку, жакшы ж‰р, 
жакшы иште ж.б. 
II. Улуттук м‰нөзд‰ чагылдырган кош-
тошуулар 
Бай тилдик мураска, өз‰нө гана таандык 
болгон салт-санаа, ‰рп-адатка ээ болгон т‰рк 
д‰йнөс‰ндө «коштошуу» этикет сөздөр‰н‰н, 
жогоруда саналып өткөндөй, ар кандай кыр-


Вестник КазНУ. Серия филологическая, №1(135).2012 319 
даалдарга жараша колдонулуш т‰рлөр‰ көп. 
Т‰рк д‰йнөс‰н‰н бир бөл‰г‰ болгон кыргыз 
тилинде улуттук маданиятты, улуттук ой ж‰-
г‰рт‰‰н‰ чагылдырган ырым-жырым кошто-
шуулары, кыргыз элинин тарыхынан, коомдук 
т‰з‰л‰ш‰нөн, саясатынан кабар берген кош-
тошуулар, кыймылдык ымдоо-жаңсоо кошто-
шуулары ж.б. бар. Мисалы: кызды к‰йөөгө 
узаткандагы кошок айтып коштошуу, киши 
өлгөндөг‰ кошок айтып коштошуу, бата 
бер‰‰ ж.б.
1. Улуттук м‰нөзд‰ чагылдырган «бата» 
коштошуулары. Кыргыз тилинде улуттук 
м‰нөзд‰ чагылдырган коштошууларга «бата-
лар» кирет. Кыргызда кызды к‰йөөгө уза-
тарда, алыскы сапарга аттанарда, аскерге уза-
тарда ж.б. кырдаалдарда сапарына ак жол, 
амандык, жакшылык тилеп туугандары, жа-
кын кишилери, көб‰нчө аксакал карыялар ак 
батасын беришкен. Мисалы, кызды к‰йөөгө 
узатып жатканда төмөндөг‰дөй бата берилген: 
Барган жериңден бак берсин! Т‰нд‰г‰ң 
т‰нөрбөс‰н, кемегең кемибесин! Жаккан отуң 
өчпөс‰н! Ак саамайлуу байбиче бол! Айдай 
бактың ачылсын, ай тийгендей жыргап өт! 
К‰ндөй бактың ачылсын, к‰н тийгендей 
жыргап өт! Ак элечегиң ообосун! Башыңан 
бак тайбасын! Ал эми сапарга аттанарда бе-
рилген баталар булар: Кайда барсаң алдыңда 
жаркыраган жол болсун! Саламат барып сак 
кел, эсен барып соо кел! Сапарың оң болсун, 
кайтарың тез болсун. Жорткон жолуң жай-
луу болсун, сапарың олжолуу болсун! Жолуң 
шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!
Баталар с‰йлөөч‰ тарабынан айтылган-
дыктан, I жак ‰ч‰н айтылган баталар дээрлик 
колдонулбайт, көб‰нчө II жакка - тыңдоочуга 
багытталат. II жакка карата айтылган баталар-
дын басымдуу бөл‰г‰ этиштин баштапкы фор-
масында колдонулат. Ошондой эле II жак же-
келик санда буйрук ыңгайдын –ГЫн, -ЫңЫз, 
көпт‰к санда –ГЫлА, -ЫңЫздАр м‰чөс‰ 
колдонулат. III жакка карата айтылган баталар 
буйрук этиштин –сЫн, -ЫшсЫн м‰чөлөр‰ ар-
кылуу уюшулат. Ал эми ар кандай жаман са-
паттардан, жамандыктан алыс болууну тиле-
ген баталар этиштин терс формасы –БА ар-
кылуу жасалат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   395   396   397   398   399   400   401   402   ...   446




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет