Бишкек 2019 кыргыз тили


Мисалы, Мен Сизден суранам эмес



Pdf көрінісі
бет11/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   233
Мисалы, Мен Сизден суранам эмес, Сизден суранам.
5-ТАПШЫРМА. 
Їлгї менен таанышкыла, їлгїнї пайдаланып, 
єзїўєр тапшырган окуу жайына арыз жазгыла
Ош мамлекеттик университетинин 
ректору К. А. Исаковго
Хасанов Искендер Азизовичтен
АРЫЗ
Аталган окуу жайдын педагогика факультетине өтүү үчүн сынакка 
катышууга уруксат берүүңүздү суранам.
Күнү, колу, фамилиясы
«Ємїр баян» деген эмне?
Өмүр баян – бул адамдын өз колу менен эркин формада белгилүү 
убакыттын аралыгында басып өткөн жолу жөнүндө жазылгын иш кагазы. 
Өмүр баянды жазууда кандайдыр бир тартипке салган түрү болбойт жана 
жазган адамдын чеберчилигине жараша болот. Бирок өмүр баянда сөзсүз 
аныкталган маалым даректер жана курам-бөлүктөр катышуусу зарыл.
ƒ
„
Ал маалым даректер тємєнкїлєр:
1. Иш кагаздын аталышы (өмүр баян).
2. Иш кагазынын тексти:
а) автордун аты-жөнү (ал «мен» деген жактама ат атооч формасында 
берилет);
б) туулган жылы, айы, күнү жана жери;
в) ата-энеси (ата-энесинин аты-жөнү, иштеген жери);
г) билими (орто мектеп, атайын окуу жайы, жогорку окуу жайы);
д) кесиби жана ишкердүүлүк түрү;
е) аскерге кызмат өтөгөндүгү тууралуу маалымат;
ж) акыркы иштеген жери жана кызматы;
з) эмгек сыйлыктары;
и) коомдук ишке катышуусу;
к) үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлө курамы;
л) үйүнүн дареги, телефон номуру.
3. Аты-жөнү.
4. Өзүнүн колу.
5. Өмүр баян жазылган жылы, айы, күнү.


КЫРГЫЗ ТИЛИ
12
6-ТАПШЫРМА. 
Ємїр баяндын їлгїсї менен таанышкыла.
Автор єзї жєнїндє кандай маалыматтарды 
билдирди? 
Мен, Касымов Мурат Токонович, 1964-жылдын 11-ноябрында Нарын 
облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында жумушчунун үй-бүлөсүн-
дө туулгам.
Атам – Касымов Токон, апам – Касымова Шайыр. Алар азыркы учурда 
Шамшы айылында иштешет, «Береке» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү. Мен 
1971-жылы Шамшы орто мектебинин биринчи классына кирип, мектепти 
1981-жылы аяктагам. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында 
Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырдым. 
1983–1985-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм. 
1985-жылдан университетте окуумду улантып, аны 1988-жылы ийгилик-
түү аяктап, тарыхчы кесибине ээ болдум. 1988-жылдан өзүмдүн эмгек 
ишмердигимди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан ай-
ылындагы Дархан орто мектебинде тарых жана коом таануу мугалими 
болуп иштөөдөн баштадым. 
1991-жылы мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун ба-
сары болуп иштедим. 1999-жылдан Кыргыз билим берүү институтуна 
илимий кызматкерликке которулуп, ошол эле жылы аталган институттун 
аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүнө документтеримди тапшырдым. 
2002-жылдан бери Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы Кыргыз 
мамлекеттик педагогикалык университетинде тарых факультетинин тарых 
кафедрасында иштеп келе жатам. 1998-жылы «Элге билим берүүнүн отлич-
ниги», 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 
«Ардак грамотасы» менен сыйлангам. Үй-бүлөлүүмүн. Аялым – Суранова 
Бактыгүл 1966-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Мамлекеттик каттоо 
кызматында эсепчи болуп иштейт. Кызым – Гүлжан, уулум – Азат Бишкек 
шаарындагы Б. Алымов атындагы № 39 орто мектепте окушат. 
Үй дарегим: Бишкек ш., 6-кичирайону, 42-үй, 18-батир. 
Телефонум 474158. 
Касымов Мурат (колу) 20. 09. 2004 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет