Бишкек 2019 кыргыз тили


Г)  Бири-бириңер жөнүндө эмне билдиңер?



Pdf көрінісі
бет8/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   233
Г) 
Бири-бириңер жөнүндө эмне билдиңер? 
Өзүңдү текшер.
«Бул адам баарынан да… жакшы көрөм 
деди». 
Калган окуучулар ким жөнүндө сөз болуп 
жатканын табуу керек. 
Таанышууда биз кеп адебинин төмөнкү формаларын 
колдонобуз:
Таанышканды жана өзүңдү 
тааныштырганды үйрөнгүлө
– Саламатсыңбы? (Саламатсызбы? Кандай? Жак-
шысыңбы? Салам!) 
– Саламатчылык! (Салам!) 
– Таанышып алалы. Менин атым Айгүл. Сенин 
атың ким? (Таанышып алгыла. Бул Айгүл.) 
– Менин атым Атыр. 
– Таанышканыма кубанычтамын. Ден соолугуң 
кандай? Иштериң жакшыбы? 
– Ыракмат, жакшы. (Сонун, жаман эмес.) Өзүңчү? 
– Ойдогудай. (Кудайга шүгүр.) 
– Жакшы кал. Көрүшкөнчө. (Жакшы тур, кош 
бол, кайыр.)
– Жакшы бар. (Кош, ак жол.)
Бирөөгө кайрылууга үйрөнгүлө
1. Салтанаттуу учурда кайрылуу: 
– Кымбаттуу достор! Кымбаттуу мугалимдер! 
– Ардактуу ата-энелер! Ардактуу коноктор! 
– Урматтуу агай-эжелер! Урматтуу айымдар жана 
мырзалар! 
2. Кїнїмдїк турмуштагы кайрылуу: 
– Эже! Байке! (Өзүнөн улууга кайрылат.) 
– Чоң кыз! Карындаш! (Эркектер бейтааныш 
кызга кайрылат.) 
– Чоң жигит! Иним! (Бейтааныш эркек балага 
кайрылат.) 
– Апа! Чоң эне! (Улуу аялга кайрылат.) 
– Ата! Чоң ата! (Улуу эркек кишиге кайрылат.) 
1


1-ТЕМА
9
Бирөөнүн атын сураганды үйрөнгүлө
– Сенин атың ким? 
– Сиздин атыңыз ким? 
– Анын аты ким?
Саламдашууга үйрөнгүлө
– Саламатсызбы? 
– Саламатсыздарбы? 
– Саламатсыңбы? 
– Саламатсыңарбы? 
– Саламатчылык! 
– Салам! 
– Ассалом алейкум! – Алейкум ассалам.
– Кандай? – Жакшы. 
– Иштериң кандай? – Жаман эмес. 
– Жакшысыңбы? – Эң сонун! 
– Ден соолугуң кандай? – Ыракмат, жакшы!


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет