Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет10/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   233
Текст боюнча тапшырмалар: 
А) Белгиленген сөздөрдү кандай түшүнөсүңөр? Сөздүк менен иштегиле. 
Б) Аскер кызматчысы, Кыргызстандын жараны деген сөз айкашта-
рына сүйлөм түзүп, маанисин айтып бергиле.
В) Ага, чогуу деген сөздөрдүн синонимин тапкыла, аларды катыштырып 
сүйлөмдөрдү түзгүлө. 
Г) Өзүңөрдүн үй-бүлөңөр жөнүндө сүйлөп бергиле. Тексттеги сөздөрдү, 
сөз айкаштарды пайдалангыла. 
Д) Эгерде адамдын үй-бүлөсү жок болсо, анда эмне болмок? Кандай 
деп ойлойсуңар?
Е) 
«Ата – аска зоо, эне – соолубаган булак, бала – күйүп турган шам 
чырак». «Өз үйүм – өлөң төшөгүм». «Иниси бардын ырысы бар» де-
ген макалдарды кандай түшүнөсүңөр? Маанисин чечмелеп бергиле. 
4-ТАПШЫРМА. 
Тємєнкї кырдаалдарда ар тїрдїї ролдорду 
аткарып, тааныштыргыла: 
y
сен досуң экөөңөр окуудан чыгып келе жаткансыңар, алдыңардан се-
нин классташың чыгып калды, досуң менен классташыңды тааныштыр
y
сен курбуң менен келе жатасың, аңгыча алдыңардан таежең чыкты, 
курбуңду таежең менен тааныштыр;
y
силер классташтарыңар (кыздар жана балдар) менен мектептин ко-
роосунда сүйлөшүп турасыңар, аңгыча сенин чоң атаң мектептин 
короосуна кирип келди, классташтарыңды чоң атаң менен тааныштыр. 
ƒ
„
Иштиктїї кагаздарды жазууну їйрєнєлї!
Иштиктүү кагаз деген эмне? 
Иштиктүү кагаздар кыска болуш керек: минимум сөздөрдү 
колдонуп, максимум маалыматты билдириш керек 
Расмий-иштиктүү стилдин өзгөчөлүктөрү 
Иштиктүү кагаздарда сезимди билдирген сөздөргө, оозеки стилдин 
сөздөрүнө, өтмө маанидеги сөздөргө жол берилбейт. 
y
Иштиктүү кагаздарда төмөнкүлөрдүн колдонулушу мүнөздүү:
– атайын кептик түрмөктөр: менин арыз берүүмдүн себеби; өз каалоом 
менен; …болгону анык; …болуп дайындалган ж. б.


1-ТЕМА
11
– кызматчы сөздөр: негизинде; …ылайык; …болгондуктан; максатта; 
…эсебинен; …болгонуна байланыштуу; …экенин эске алып ж. б. 
y
Иштиктүү кагаздарда көбүнчө төмөнкүлөр колдонулат: 
– атоочтуктар, мисалы, өтүү, сыйлоо
– чакчыл жана атоочтук түрмөктөр; 
– багыныңкы татаал сүйлөмдөр. 
y
Иштиктүү кагаздарда 1-жана 2-жактагы ат атоочтор сейрек кездешет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет