Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет12/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   233
7-ТАПШЫРМА
Өзүңөрдүн өмүр баяныңарды жогоруда 
көрсөтүлгөн үлгү боюнча жазгыла 
Атын, күнүн, окуу жайын жана иш ордун алмаштырып, ал эми сүй-
лөмдөрдүн моделдерин үлгүдөгүдөй калтыргыла. 
8-ТАПШЫРМА. 
Эки өмүр баянды окуп чыккыла. Аларды 
салыштыргыла жана суроолорго жооп бергиле 
1. Кайсы өмүр баян туурараак жазылган деп ойлойсуңар? Эмне үчүн?
2. Кайсы өмүр баянда керектүү маалыматтар көбүрөөк? 
3. Кайсынысында маалыматтар тагыраак жазылган? 


1-ТЕМА
13
4. Кайсы маалыматты ашыкча деп эсептейсиңер? Эмне үчүн ушундай 
деп чечтиңер?
Өмүр баян
Менин атым Акылбек кызы Жаңыл. Мен Ысык- 
Көлдүн Саруу айылында 1973-жылы төрөлгөм. 
Туулган күнүм 2-январь. 1980-жылы С. Сыды-
ков атындагы орто мектептин 1-классына окуп 
баштадым. Мектепти жакшы окуп, 1991-жылы 
аяктадым. 1991-жылы КМУУнун экономика жана 
башкаруу факультетинин финансы жана кредит 
бөлүмүнө тапшырдым. Университетти да аябай 
жакшы окуп, 1995-жылы артыкчылык диплому 
менен бүтүрдүм. 1990 –1995-жылдары «Учкун» ак-
ционердик коммерциялык банкына адис катары 
кабыл алындым, анан 2005-жылы конкурстук не-
гизде «АТФ-Банктын» кредиттик бөлүмүнө башкы 
адис катары кабыл алындым. Учурда ушул эле 
банктын кредит жана аудит бөлүмүнүн башчы-
сы болуп иштеп жатам. Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, 
бир кызым бар. Жолдошум бар. Анын аты Жу-
малиев Эрмек. Ал азыр «Шоро» жабык типтеги 
АКда экономист болуп иштеп жатат. 
Дарегим: Бишкек шаары 03. 06. 2016
Тунгуч кичи району, 20-үй, батир № 52. 
Колу /… 
Тел.: 44-83-61 Уюл. тел.: 0552 550057 
Акылбек кызы Жаңыл
Өмүр баян
Мен, Акылбек кызы Жаңыл, 1973-жылы 2-январ-
да Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна 
караштуу Саруу айылында төрөлгөм. 1980-жылы 
Саруу айылындагы С. Сыдыков атындагы орто 
мектептин 1-классына кабыл алындым. Аталган 
мектепти 1991-жылы аяктадым. 1991-жылы 
КМУУнун экономика жана башкаруу факульте-
тинин финансы жана кредит бөлүмүнө кабыл 
алынып, 1995-жылы университетти артыкчылык 
диплому менен бүтүрдүм. 1995–2004-жылдары 
«Учкун» акционердик коммерциялык банкында 
иштедим. 2005-жылдан «АТФ-Банктын» кредит-
тик бөлүмүнө башкы адис, 2010-жылдан банктын 
кредит жана аудит бөлүмүнүн башчысы болуп 
иштейм. Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. 
Жолдошум Жумалиев Эрмек «Шоро» жабык тип-
теги АКда экономист болуп иштейт. 
Дарегим: Бишкек шаары, 
Тунгуч кичи району, 20-үй, № 52 батир. 
Колу /… 
Тел.: 44-83-61 Уюл. тел.: 0552 550057 
Акылбек кызы Жаңыл
03. 06. 2016


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет