Бишкек 2019 кыргыз тили


-схема. Азыркы билим берүү системасы



Pdf көрінісі
бет135/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   131   132   133   134   135   136   137   138   ...   233
1-схема.
Азыркы билим берүү системасы
Мүнөздөмөсү
Принциптери: 
Билим берүү уюмдары: 
Максаттары
?


10-ТЕМА
169
ƒ
„
Процессти кантип билдиребиз?
Кыймыл атоочту атоочтук маа-
нисинде колдонобуз. Сүйлөмдө 
толуктоочтун, ээнин милдетин 
аткарат.
Кыймыл атоочту этиштик мааниде колдонобуз. 
Этиштин мүчөлөрүнөн кийин кыймыл атоочтун 
мүчөлөрү улана берет да, сүйлөмдө толуктоо-
чтун, ээнин, баяндоочтун милдетин аткарат.
Илик жөндөмөсү + кыймыл 
атоочтун -ыш мүчөсү
Табыш жөндөмө + кыймыл атооч –
-үү, -оо, -уу
Жаш муундардын 
тарбияланышына көңүл бурулат.
Жаш муундарды тарбиялоого көңүл бурулат.
Балдардын өсүшүнө шарт түзөт.
Балдарды өстүрөт.
Билим берүүнүн өнүгүшү.
Билим берүүнү өнүктүрүү.
Билим берүүнүн багытталышы.
Билим берүүнү багыттоо.
Системалардын бириктирилиши.
Системаларды бириктирүү.
Тарбиянын берилиши.
Тарбия (тарбияны) берүү.
Үй-бүлөнүн ролунун жогорулашы. Үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу.
Өлкөнүн байышы.
Өлкөнү байытуу.
3-ТАПШЫРМА.
Кєп чекиттин ордуна мїчєлєрдї улагыла
1. Балдардын жакшы шарттарда өсүш… каалайбыз. 
2. Балдарды ата-энеси бапестеп өстүр… .
3. Билим берүүнүн өнүгүшү… эмнелер зарыл?
4. Өкмөт билим берүүнү өнүктүрүү… колго алып жатат.
5. Билим берүү компетенттүүлүккө багытталышы – жаңылык. 
6. Билим берүү дүйнөлүк деңгээлде өнүгүүгө багыттап жатышат. 
7. Акыркы учурларда үй-бүлөнүн ролу… жогорулашы байкалды. 
8. Үй-бүлөнүн ролу… жогорулатуу керек. 
9. Өлкө байышы көп нерселерге көз каранды. 
10. Өлкө байытуу биздин колдогу иш.
4-ТАПШЫРМА.
Азыркы билим берүү системасы кайсы 
максаттарга багытталган? Өз оюңарды
жазуу түрүндө билдиргиле
Таяныч: Менин билишимче, …
Мен … деп ойлойм / эсептейм / билем. 
Негизгиси – … 
Мисалга алсак, 
… жакшы мисал болуп бере алат.
Жыйынтыктаганда, … 
Сөзүмдүн аягында, …


КЫРГЫЗ ТИЛИ
170
5-ТАПШЫРМА.
Мектепте, кесиптик орто окуу жайында, жогорку 
окуу жайында кандай билим алууга болот? 
Таблицаны толтургула
мектеп
кесиптик орто окуу жайы
жогорку окуу жайы
6-ТАПШЫРМА.
Кыргызстандагы билим берүү системасы жөнүндө 
маалымат менен таанышкыла. Маалыматтын 
кайсы бөлүгүн биздин өлкөдөгү билим берүү 
системасынын багытталышы жөнүндө силердин 
пикириңер менен толуктаса болот
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына (1992-
жыл) ылайык, билим берүүнүн негизги максаты – республиканын жаран-
дарын жеке, коомдук, руханий, материалдык муктаждыктарын канааттан-
дыруу үчүн даярдоо болуп саналат. Билим берүүнүн учурдагы системасы 
көп деңгээлдүү. Ал билим берүү программаларынын үч түрүн камтыйт:
– мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн атайын билим берүү 
программалары;
– жалпы билим берүү программаларынын максаты – инсандын жалпы 
маданиятын жана интеллектисин өнүктүрүү. Кесипке жана кесиптик 
чеберчиликке ийгиликтүү ээ болуу үчүн базаларды түзүү;
– квалификациялуу адистердин кесиптик деңгээлинин ырааттуу өсүшүн, 
даярдыгын камсыз кылган кесиптик программалар. Бул программалар 
ар кандай типтеги жана түрдөгү билим берүү мекемелеринин тарма-
гынды ишке ашырылып жатат.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына 
ылайык башталгыч жана негизги жалпы мектепте окуу жалпыга бирдей 
милдеттүү түрдө ишке ашырылат, мамлекеттик жана муниципалдык окуу 
жайларда окутуу акысыз жүргүзүлөт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   131   132   133   134   135   136   137   138   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет