Бишкек 2019 кыргыз тили


г) көрбөй жазган адатын  8. Автор тексттин мазмуну аркылуу эмнени айтайын деген?



Pdf көрінісі
бет161/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   157   158   159   160   161   162   163   164   ...   233
г) көрбөй жазган адатын 
8. Автор тексттин мазмуну аркылуу эмнени айтайын деген?
а) Улгайган адамдардын унутчаак болору тууралуу
б) Эс тутумдун начарлоосу тууралуу


11-ТЕМА
199
в) Эс тутумду арттыруунун чеги жок экендиги тууралуу
г) Мээнин иштөө механизми тууралуу 
9. Гиннес китеби «Жер жүзүндөгү эң күчтүү эс тутумга ээ адам» 
наамын берген адамды белгиле. 
а) Самвел Гарибян
б) Паул Чарлз Морфи
в) Антонио де Марко
г) Зигмунд Фрейд 
10. Тексттин мазмунуна туура келген макалды белгиле.
а) «Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет».
б) «Жигитке жетимиш өнөр аз».
в) «Жети өлчөп, бир кес».
г) «Аракет кылса, берекет».
Кыргыз тили – бай тил
Азыркы учурда дүйнө жүзүндө компьютер байланышы күчөп, интер-
нет желелери жалпы жер жүзүн аралап турган кези. Ошол ааламдашуу 
мезгилинде тилдер да бири-бирине таасирин тийгизип, кайсы бир тилди 
колдонуудан сүрүп чыгарышы мүмкүн. Мындан улам тилдин жоголуусу, 
башкача айтканда, колдонуудан чыгып калуусу пайда болот. Алардын 
ичинде кыргыз тили жокпу деп ойлойсуң. Себеби бул тил да аз колдону-
лат деген маалымат бар. Бул маселе Кыргызстандын айрым шаарларында 
өзгөчө байкалат.
Кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Жалпы түрк 
тилдеринин башатын изилдеген айрым изилдөөлөргө караганда, байыркы 
адабияттардагы көп сөздөр азыр да кыргыз тилинин курамында колдо-
нулуп келет. Байыркы Орхон Енисей таш жазууларын окуй келгенде да 
азыркы биз пайдаланган сөздөр учурайт.
Дүйнөдө кайталангыс ири чыгарма болгон «Манас» да кыргыз тилинде 
жаралган. Эпостон мааниси дал келген, уйкаштыгы мол сөздөрдү табууга 
болот. Эгер кыргыз тили жарды болсо, ушундай чоң чыгарма жаралат 
беле? Манасчылар улуу дастанды тажабастан уга берет беле… «Манасты» 
бир нече түндөп-күндөп тынбай айтышчу экен. Бул кыргыз тилинин өтө 
бай экендигин билдирет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   157   158   159   160   161   162   163   164   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет