80 85 90 95 түшкөнүн, кандай окуяга туш болгонун ки-
тепке жаздырып койчу экен. Бир күнү жан-
жөкөрүнүн бири ал китепти таппай калат.
Улукбек ачууланбастан, жазмакерлердин
бирин чакырып, ага мурункуларды
кайрадан айтып берип жаздырып коёт.
Бирок, бир нече күн өткөндөн кийин
жоголгон китеп табылып калат, тексттерди
салыштыра келгенде айрым гана
сөздөрдөн айырмачылык болгону көпчүлүк-
тү таң калтырган. Улукбек таланттуу жазуу-
чу да болгон. Чыңгызхандын уулдарынын
падышачылык кылган мезгилдери тууралуу
тарыхый
эмгек жазган. Перси, түрк, араб тилдеринде
эркин сүйлөгөн. Математиканы, философи-
яны өзгөчө сүйгөн. Бул даанышман, улуу
адамдын илимге кошкон салымы бүткүл
дүйнөдөгү илимий
чөйрөгө кеңири таанымал болуп калды.
К. Даутовдун «Барпы Алыкулов» деген макаласы боюнча түзүлдү
2-үзүндү сап 100 110 115 120 Адам рухунан эмне жаралса, ошонун
баары эле өлбөс-өчпөс байлыктардын
кенчине кошула бербейт. Тарыхта жашап
калуу укугу ар кимдин эле жеке
бактысына туш келбейт. Ошолордун
ичинен мезгилдин катаал жана адилет
сынынан өткөндөрү, бүгүнкүгө да,
эртеңкиге да, келечекке да таандык боло
алчу эң маанилүүлөрү гана узак өмүр
сүрө алат. Мына ушундай сейрек жолукчу
таалай кыргыздын даңазалуу ак тандай
ырчысы, ырды «ак жаандай себелеген»
улуу ойчул акын Барпынын шыбагасына
да туш келген. Анын тубаса
ырчылык шыгынын ойгонушуна атасы Алы-
кул Шамурза уулу өз таасирин тийгизген.
Барпынын элдик оозеки чыгармаларга
ыкылас коюшу да, жергиликтүү ырчылардын
чыгармалары менен алгач тааныштыгы
да ошол киши аркылуу башталган.
125 130 135 140 Биротоло ырчылык өнөрү менен жашап,
эл аралап, жер көрүп, турмуштук
тажрыйба топтоп, ар түрдүү
ырчылар
менен айтышка түшүп жүрүп, Барпы
өз талантын курчутуп, чеберчилигин
арттырат. Анын үстүнө Ала-Тоонун ар
кайсы жагынан эл түрүлүп келген зор
дубандарда кыргыздын кыйырына
атагы кеткен, жаактууга жай бербес
ырчынын ырчылары гана жекеме-жекеге
түшүп, мөрөй алып чыгышкан, майда-
барат жамакчылар андай жыйындын
четине да бара алган эмес. Демек, Барпыга
тандамал чоң таланттар менен беттешүүгө
туура келген. Акындык айтыш өнөрүн
табиятынан ойчулдук жөндөмү бар, көп
нерседен кабардар, айрыкча
Чыгыштын
философиялык ойлору, тарыхы менен