КЫРГЫЗ ТИЛИ 232
145 150 155 160 165 тааныштыгы бар куйма кулак ырчылар
гана мыкты өздөштүрө алышкан.
Сабаттуулары өздөрү окуп, кат
билбегендери окумал чөйрөгө туш
келип калса, ошолордон угуп, үйрөнгөн.
Үйрөнүп эле тим болбостон, аларды өз
тажрыйбасынан тапкан ойлору менен
байытып, кайрадан ырга айлантып, иштеп
чыккан. Мындай сапатка кыргызда
Эсенаман, Жеңижок, Токтогул сыяктуу
айрым ырчылар гана жетише алышкан.
Булардын тобуна Барпы да кирет.
Барпы аалам жана адам тууралуу да ой
жүгүртүп ырдайт. Анын чечмелөөсүндө
адам баарынан улуу, ал – жаратуучу,
түзүүчү. Адам баарын пайдаланат:
асмандан нурун чачып, бүткүл жашоо-
тиричиликти жүргүзүп турган Күн да,
айкөл Жер да, өмүр азыгы Суу да, аягы
жок, башы жок Шамал да адам кызматын-
да болот. Адам аларды өзүнүн жашоо
ыңгайына, керектөөсүнө карата жумшайт,
өмүр-турмушун ошолор менен өткөрөт.
Барпыга чейин бир да ырчы, бир да
жазгыч акын адам темасын бул деңгээлге
чейин көтөрө ырдай алган эмес. Анын
улуулугунун бир белгиси ушунда. Барпы
Чыгыш адабиятын окубаса да, аларды
170 175 180 185 190 195 окуган, билген, айтып жүргөн
ырчылардан, улама кишилерден угуп, ка-
был алган. Кээ бир маалыматтарга кара-
ганда, Барпы кат-сабаттуу, Чыгыш адабияты
менен тааныштыгы бар акындар менен
жаштайынан ырдашып жүргөн. Ал илгерки
араб, иран уламыштарын, айрым
тарыхый белгилүү адамдар жөнүндөгү
айтымдарды өзүнчө ырга айлантып, эл
алдында аткарып жүргөн. Башка кыргыз
ырчыларынан болгон
бир айырмасы, Барпы комуз черткен эмес
экен. Ал ырларын комуздун коштоосу
жок, бир түрдүү обонго салбай ырдаган.
Бул жагдай анын ойлоо манерасына
аздыр-көптүр таасирин тийгизбей койгон
эмес. Ошондон улам анын ырлары
түрдүү ыргак, түрдүү интонация менен
түрдүү формага, түрдүү ыр өлчөмдөрүнө
салынып аткарыла берген.
Орустун даңазалуу лириги С. Есенин:
«Жанында турганда улуунун улуулугу
билинбейт, ал ыраактан даана көрүнөт»,-
деген экен. Барпынын улуулугун өз
заманында аны менен бирге жүргөндөр
да билишкен, ал улуулук азыр да ого бетер
бийик болуп, таасын көрүнүүдө.