70 75 80 85 90 95 100 105 110 учундай ышкырып, тик сайылып өзүнө
келатты. Сарыбай нестейе… Ойлонтпой,
камынтпай бүркүт аркан бою кирип
келди, ошондо Сарыбайдын колу жерден
балдакты ала коюп, бетине кармай
берди. Каардуу бүркүт тайманбай, көз
ирмемде селдей шаркыраган күч менен
келип, бир тээп өттү. Жыгач балдак шарт
тең бөлүнүп сынып түштү.
– А-ай! Кантесиң, кырааным!..
Ошол чөлкөмдү үч айланып чабыт
кылып, көзүнө тири жандуудан эчтеме
илинбей, дөңдө кыбырап жүргөн жалгыз караан өзүнө тартып, ач бүркүт ал
караанга таштап жиберген эле.
Ал мүнүшкөрүн тааныган жок. Жылаңач
Сарыбай анын көзүнө кийиктин улагы
сыяктанып көрүнгөн окшоду.
Бүркүт кайра көккө атылып чыкты.
Сарыбай эсин жыйышка үлгүрө албады,
бүркүт темир чеңгелдерин арбайтып,
курч тумшугун ачып, чекирейген кызыл
тегерек көздөрүнөн заар чачып, ошол
замат кайра шуулдап кирип келди.
Өлүм! Колунда куралы жок адам
сепкилдүү кара ташты караан тутуп,
ошондон калка издеп тегерене качты…
Өлүм! Алдастады… Өлүм! Ушул өлүм
коркунучунун алдында көзүнө канга
боёлуп,
кулактарын шалпайтып жерде жаткан
тайгандын башы көрүндү, анын нуру
өчкөн көзү кадалып тиктегендей,
табалагандай. Келме кезек!
А-а!.. Жер тыткылап, таш аткылай
баштады. Колуна эмне кирсе ошону
менен, топурак кирсе топурак, чөп
кирсе чөп менен шилтеп, ошону менен
өлүмдөн коргонду, өлүмгө айбат кылды.
А-а-а!.. Жандалбас кылды. А-а-а-а…
Коркунчаак, тартынчаак кылган жашоо
үмүтү. Жашоодон үмүтү үзүлгөндө адам
коркунучту унутат. Сарыбай коркунучту
унутуп салды. Ач бакырыгы да тып
токтоп, эрдин кесе тиштенип, кадим
жырткыч болуп, кулачтап качырып
бүркүттүн арбайган тырмагына кол салып
кирди. Катуу чеңгелдешип, бири