Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет215/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   211   212   213   214   215   216   217   218   ...   233
а) эки метрге жакын
б) он беш метрге жакын
в) элүү метрге жакын
г) ал бүтүндөй жоголуп кеткен
д) бул жөнүндө маалымат жок
2. 1-сүрөттөгү баштапкы график чекитине кайсы мезгил (болжол 
менен кайсы жыл) дал келгендигин аныктагыла. 
3. 2-сүрөт төмөнкү божомолго негизделген:
а) Аска бетиндеги сүрөттөрдө ошол мезгилдеги Чад көлүнүн аймагын 
ээлеген жаныбарлардын элестери тартылган.
б) Жаныбарларды тарткан сүрөтчүлөр тартуунун жогорку техника-
сына ээ болушкан.
в) Жаныбарларды тарткан сүрөтчүлөр алыскы аралыктарга саякаттоо 
мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
г) Аска бетине тартылган сүрөттөрдө жаныбарларды үйрөтүү ара-
кеттери тартылган эмес. 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
248
4. Төмөнкү суроого жооп берүү үчүн 1–2-сүрөттөгү маалыматтарды 
бириктиргиле. Сахара чөлүндөгү аска сүрөттөрүндө кериктин, 
гиппопотамдын жана зубрдун сүрөттөрүнүн жок болуп кетүүсү … 
болгон. 
а) акыркы Муз доорунун башталышында
б) доордун орто ченинде Чад көлүнүн тереңдиги эң жогорку дең-
гээлине жеткенде
в) миң жылдан ашуун убакыт аралыгында Чад көлүнүн деңгээли 
төмөндөп кеткен соң
г) узакка созулган кургакчылык мезгилдин башталышында 
5-ТАПШЫРМА.
Маалымат менен таанышкыла
«Шербет» уюмунун кызматкерлери їчүн гриппке каршы 
ыктыярдуу иммунизациялоо программасы
Силер, албетте, кышында оңой эле грипп болуп ооруп калса боло 
турганын билесиңер. Анан да бир нече жумалап ооруп жүрө беришиңер 
мүмкүн. 
Грипптин вирусу менен күрөшүүнүн эң мыкты жолу – бул денени чың-
доо болуп саналат. Күн сайын гимнастика жасоо жана көп жашылча-же-
миштерди камтыган белгилүү бир рацион, баарынан мурда, иммундук 
системага ушул вирус менен күрөшүүдө жардам берүү үчүн сунушталат. 
Ушул көп таралган ооруга каршы кошумча профилактикалык кара-
жат катары «Шербет» уюму өз кызматкерлерине гриппке каршы эмдөө 
жасоону сунуштоону чечти. Медайым менен 17-ноябрдан баштап бир 
жума бою жумуш убагында күндө эки жолудан эртең менен жана түштөн 
кийин эмдеп туруу макулдашылды. Уюмдун бардык кызматкерлерине 
эмдөө жеткиликтүү жана акысыз. 
Кызматкерлер өз ыктыяры менен эмделишет. Өз ыктыяры менен 
эмделе турган ар бир кызматкер өзүнүн аллергиясы жок экенин жана 
эмдөөнүн анча-мынча терс таасири болушу мүмкүндүгүн түшүнгөнүн 
тастыктаган документке кол коюшат. 
Медиктердин айтканы боюнча, иммунизациялоо грипп оорусуна чал-
дыктырбайт. Бирок ал чарчоо, дененин бир аз ысытмалоосу жана колдун 
ооруксунушу сыяктуу терс таасирлерди бериши мүмкүн. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   211   212   213   214   215   216   217   218   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет